Ислам дини » Намаз » Өлгөн адам үчүн искат жана давр




Өлгөн адам үчүн искат жана давр


Суроо: Искатты бидат, куру ишеним деген кишилер бар. Динибизде искатты орду кандай?

ЖООП: Азыркы тапта салт деген жалаа менен динибиздин көптөгөн өкүмдөрүн жок кылууга аракет кылып жаткан кыска ойлуу адамдар кездешүүдө. Искатты бидат деген адашкандар бар. Бирок, искат Китеп жана Сүннөт менен, кыяс-ы фукаха менен сабит (бекем). Курани каримде намаздардын кандайча окула тургандыгын ачык түшүнө алуубуз мүмкүн эмес. Эми Курани каримде намаздын кантип окула тургандыгы билдирилген эмес деп намаз окуу формасын, тартибин четке кагууга болобу? Ар нерсе Курани каримде ачыкча айтылган эмес. Булар калган далилдер менен билдирилген. Динибизде төрт далил бар. Китеп, Сүннөт, Ижма жана Кыяс. Бул төрт далил Адилла-и шариййа деп аталат.

Ислам аалымдары Китеп жана Сүннөткө таянуу менен искаттын өкүмүн түшүндүрүшкөн. Мисалы, «Нур-ул-изах», «Хашия-и Тахтави», «Халеби» жана «Дурр-ул-мухтар», «Мултака», «Дурр-ул мунтака», «Викая»«Дурар» жана «Жавхар» жана «Биргиви васиятнамасы» аттуу кадырлуу китептерде өлгөн адам үчүн искат жана давр (1)  кылынуусу керек экендиги билдирилген.

Мисалы: «Тахтави» китебинин түшүндүрмөсүндө: «Кармалбаган орозо үчүн фидйа төлөп, искат кылынуусу үчүн насс (2) далилдер бар. Намаздын мааниси орозонукунан да жогору болгондуктан, шариятка ылайык кечиримдүү себептен улам окулбай калган жана казасын окууну кааласа да өлүм абалындагы адамдын окуй албаган намаздарын орозонукундай искат кылуу боло тургандыгын бардык Ислам аалымдары бир ооздон билдиришкен. Намаздын искаты болбойт деген адам өзү жахил. Себеби, мазхабдардын жалпы бир оюна каршы чыккан болот. Бир хадиси шарифте мындай деп билдирилген: «Бирөөнүн ордуна башка бирөө намаз окуп, орозо кармай албайт. Бирок, анын намазы менен орозо карызы үчүн кедейди тойгузуу керек». Ахли сүннөт аалымдарынын артыкчылыктарын түшүнбөгөн, мазхаб имамдарыбызды да өздөрүндөй көрүп, алар кыялданып сүйлөп жатышат деп ойлогон адамдардын: «Исламда искат менен давр жок. Искат христиандардын күнөөдөн арылтууларына окшош» деген сыяктуу самтырак сөздөрүн угуп жатабыз. Мындай сөздөрү менен алар өздөрүн коркунучка түртүп жатышат. Себеби, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва селлем): «Үммөтүм бузук жолдо бирикпейт», -деп айтты. Бул хадиси шариф мужтахиддердин (3) бир добуш менен билдирген нерселеринин албетте туура экенин көрсөтүп турат. Буларга ишенбеген жогорудагы хадиске ынанбаган болот. Ибни Абидин витир намазы тууралуу баяндап жатып: «Динде зарыл болгон, жада калса жахилдер да билген ижма (4) маалыматтарга ишенбеген адам капыр болот», - деп билдирген. Искат христиандардагы күнөөдөн арындырууга кантип эле окшоп калсын? Поптор күнөөдөн арындырабыз деп адамдарды талап-тоноп атышат. Ал эми, Исламда болсо дин адамдары искат кыла алышпайт. Искатты бир гана маркумдун валиси (мураскору же андан жооптуу болгон адам) кыла алат жана акча дин адамдарына эмес муктаж кедейлергефиди берилет.

Азыркы күндө дээрлик ар тарапта искат жана давр иштери Исламга ылайык жүзөгө ашырылбай жатат. Ислам дининде искат жок дегендер, жок деп айтуунун ордуна, күнүбүздө орундатылган искат менен давр Исламиятка ылайык келбейт деп айтышса туура болор эле. Биз да аларды колдоор элек. Ошондо алар өз баштарына түшө турган балээден да кутулуп, Исламга да кызмат кылышкан болор эле. Искат менен давр динибизге ылайык кандайча жүзөгө ашырылары төмөндө баяндалат. Ибни Абидин каза намаздарынын соңунда мындай деп билдирет:

«Фаита намаздары бар (б.а., үзүрдөн улам намаздарын окуй албай казага таштаган) адам ишара менен да окууга алы келген учурда окубаган болсо, өлөөрдө намаз карыздарынын искат кылынышын васият кылуусу важиб. Казасын окууга алы жетпеген болсо васият кылуусуна кажет жок. Рамазан айында орозо кармабаган сафари жана ооруп калган адам орозо карызынан кутулууга убактысы жетпей дүйнөдөн кайтса васият кылуусуна зарылчылык жок. Аллаху таала алардын кемчилигин кабыл алат. Оорулуунун карызынын искаты дүйнөдөн кайткандан кийин валиси (мураскору же андан жооптуу болгон адам) тарабынан орундатылат. Көз жумганга чейин болбойт. Тирүү адамдын өзү үчүн искат кылдыруусу туура эмес. «Жила-ул кулуб» китебинде мындай деп жазылат: «Мойнунда Аллаху тааланын же кул акысы бар адамдын эки күбөнүн жанында васиятын айтуусу же жазылган васиятынбуларга окуусу важиб, ал эми мойнунда башка бирөөнүн акысы болбогон адамдын васият кылуусу мустахаб».

Казалардын искаты (Каффарат искаты) үчүн васияткылган маркумдун валиси (мураскору же андан жооптуу болгон адам) мурастын үчтөн биринен ар бир намаз маалы, витир намазы жана казасы тутулуусу керек болгон бир күндүк орозо үчүн бир фытра өлчөмүндө б.а., жарым саъ (5) (520 дирхам же 1750 грамм) буудайды кедейлерге (же кедейлердин өкүлдөрүнө) фидйа кылып берет.

Казалардын искаты васият кылынбаса өлгөн адамдын валисинин өз алдынча каффарат искат кылуусу Ханафи мазхабында зарыл эмес. Ал эми, Шаафи мазхабында васияткылбаган болсо да валинин искат кылуусу керек. Кул акысын васият кылынбаган болсо да өлгөн адамдын калган мүлкүнөн валинин төлөөсү Ханафи мазхабында да керек. Аласасы болгондор мурас колго тийгенден кийин сотсуз да ала алышат. Казага калган орозолорунун фидйасын, б.а., акчалай төлөнүүсүн васияткылган болсо муну аткаруу важиб. Себеби, Исламият буйрук кылган. Васият кылбаган болсо, намаз фидйасын берүү важиб эмес, уруксат. Жогорудагылардын акыркы экөө кабыл болбосо да, жок дегенде садака сообуна жетип, күнөөлөрүнүн жеңилдөөсүнө көмөкчү болот. Имам Мухаммед ушундай деп айткан. «Мажма-ул-анхур» аттуу китепте мындай деп билдирилет: «Напсине жана шайтанга баш ийип, намаздарын окубаган, өмүрүнүн акырына карай буга өкүнүп (карыздарын окуй баштаган) казаларын толуктай албаган намаздарынын искатынын кылынуусу үчүн васият кылуусу туура эмес деп жазылса да, уруксат экендиги «Мустасфа» китебинде жазылган».

«Жилал-ул-кулуб» китебинде: «Кул акылары, төлөнө турган карыздар, аманат, тартып алуу, уурулук, акы, соода береселери жана уруу-сабоо, жаралоо, адилетсиз түрдө пайдалануу сыяктуу көрүнүштөр дене акылары, ал эми сөгүү, шылдың, ушак жана жалаа көңүл акылары болуп эсептелет».

Васият кылган өлгөн адамдын мүлкүнүн үчтөн бири искат кылууга жетсе, валинин аны фидйа катары берүүсү керек. Жетпесе, үчтөн бирден ашыгын мураскору өз ыраазычылыгы менен берсе боло тургандыгы «Фатх-ул-кадир» китебинде жазылган. Ушул сыяктуу эле маркум фарз болгон ажылыктын аткарылуусун васият кылган болсо, мураскору же башка бирөө ажылыкка делген акчасын белек (хадия) кылып берсе туура болбойт. Өлөөрдөн мурун васият кылбай, мураскору өз акчасы менен искат кылса же ажыга барып келсе, маркумдун ажылык карызы төлөнгөн болот. Мураскорунукунан башка бирөөнүн акчасы менен буларды орундатуу туура эмес дегендер болсо да, «Дурр-ул-мухтар», «Маракыл фалах» жана «Жила-ул-кулуб» китептерин жазган аалымдар болот деп билдиришти.

Намаз карызынын искаты буудайдын ордуна ун же бир саъ арпа, хурма, жүзүм менен эсептелип берилиши мүмкүн. (Анткени, булар буудайдан кымбат болгондуктан, кедей үчүн жарамдуураак). Баарынын ордуна жогорудагылардын наркы өлчөмүндө алтын же күмүш берсе болот. (Кагаз акча менен искат кылынбайт.) Тилават саждасы үчүн фидйа берүүнүн кажети жок.

Терминдердин түшүндүрмөсү:

(1) Искат жана давр – бул маркумдун окубай калган каза намаздары, орозо, ажылык сыяктуу фарздары үчүн өлчөмүнө жараша фидйа берүү.

(2) Насс- Курани карим аяттары жана хадистер.

(3) Мужтахид- Курани каримден, хадистерден жана башка диний далилдерден өкүм чыгаруу даражасына жогорулаган улуу дин аалымдары.

(4) Ижма- улуу аалымдардын бир маселе үстүндө бир сөздө биригүүлөрү.

(5) Саъ- Ханафи мазхабы боюнча 3500 гр. же 4.2 литрдик бир өлчөм бирдиги

Башка мазхабдарда бул өлчөм бирдиги өзгөрөт.

Суроо: Давр жана искат кантип кылынат?

ЖООП: Өлгөн адам үчүн кылынган искатта бир кедейге нисаптан артык берилсе болот. Жада калса, алтындардын баары бир кедейге берилсе болот. Өлгөн бир адамдын искаты 25 кг алтын болгон болсо, мунун баары бир кедейге берилсе искат орундалган болот. Мынчалык алтынды табуу кыйын болгондуктан аалымдарыбыз давр жолун билдиришкен. Бир жерден 1 кг алтын карызга алынат. Бир кедей менен 25 жолу давр кылынат же 25 кедей табылып бир жолу берүү менен орундалган болот.

Бардык намаздардын искаты үчүн васият кылган өлгөн адамдын эч мал-мүлкү жок болсо же үчтө бири васиятка жетпесе же эч васият кылбаган болуп, анын валиси өз мал-мүлкү менен искат кылууну кааласа давр кылат. Бирок, вали давр кылууга мажбур эмес.

Бир айлык намаз искаты үчүн беш алтын акча же 36 гр алтын берилет. Бир жылдык искат үчүн 36х12=432 гр алтын керек. (1 алтын = 7 гр, 20 сантиграмм. Алтын билерик, шакек ж.б. алтын буюм да болот.)

Намаз окубаган жылдар х бир жылдык алтын саны = кедей саны х бир кедейге берилген алтын саны х давр саны. Мисалы өлгөн адам 69 жаштагы бир аял болсо 60 жылдык намаз искаты үчүн 60х432=25920 гр алтын, башкача айтканда, 25 кг 920 гр алтын бериш керек. Мынча алтынды табуу кыйын, жада калса, мүмкүн эмес болгондуктан давр кылыш керек болот. Колубузда 100 кг алтын бар болсо 1 кедейге 259 жолу берип кайра алуу керек. Даврга отурган кедей саны 26 болсо, бир даврда намаз искаты бирилген болот. Кедей саны 13 болсо эки давр кылыш керек.

Өлгөн адамдын валиси же мурасчыларынан бири же булардын биринин өкүл кылып дайындаган кишиси «Маркум .............. нын намаз искаты үчүн бедел катары бул беш алтынды сага бердим» деп беш алтынды биринчи кедейге садага ниети менен берет. Садаганы кедейге берип жатканда «хадия кылдым» делбейт. Кийин кедей «Алдым, кабыл эттим. Сага хадия кылдым» деп муну мурасчыга же мурасчынын өкүлүнө хадия кылат. Ал муну кабыл алат. Кийин дагы буга же экинчи жана калган кедейлерге берет жана хадия катары андан кабыл алат.

Бир айлык Рамазан орозосунун искаты 1 алтын чамасында. 60 жылдык искаты болсо 60х7.2=432 гр алтын болот.

Вали алтындарды кедейлерге ар беришинде намаз же орозо искаты деп ниет кылуусу керек. Кедей болсо валиге кайра кайтарып берип жатканда хадия кылдым деши керек жана вали кабыл кылдым деши керек. Вали кедейге берип жатканда «Баланчанын мобунча намазынын искаты үчүн бул алтындарды сага бердим» деп айтуусу керек. Ал эми кедей «Кабыл эттим» деп айтуусу керек жана алтындарды алганда өзүнүн мүлкү болгондугун билүүсү керек. Эгер билбеген болсо муну алдын ала үйрөтүү керек. Бул кедей дагы жакшылык кылып, өз каалоосу менен «Баланчанын намазынын искаты үчүн бедел катары муну сага бердим» деп башка бир кедеге берет. Ал кедей дагы муну колуна алып, «Кабыл эттим» деши керек. Алганда өз мүлкү болгондугун билиши керек. Аманат, карыз сыяктуу алса давр кабыл болбойт. Бул экинчи кедей болсо «Алдым, кабыл эттим» дегенден кийин «Дал ушул сыяктуу эле сага бердим» деп үчүнчү кедейге берет. Мына ушундайча намаз, орозо, зекет, курмандык, садака-и фытр, адак жана кул акылары, айбан акылары үчүн давр кылуу керек. Ант жана орозо каффараттары үчүн давр кылынбайт.

Андан кийин алтындар кайсы кедейде калган болсо жакшылык кылып, өз каалоосу менен, ыраазылыгы менен валиге хадия кылат. Вали муну алып, кабыл эттим дейт. Эгер кедей хадия кылбаса өз мүлкү, кыйнап алынбайт. Вали бир өлчөмдөгү алтынды же кагаз акчаны же өлгөн кишинин буюмунан бул кедейлерге берип, бул садага сообун дагы өлгөн адамдын рухуна хадия кылат.

Суроо: Давр искатта аял жана эркек үчүн жоопкер болгон жаш ар түрдүүбү? Ошондой эле, жашта хижри жыл негиз деп эсептелеби же милады жыл негиз деп эсептелеби?

ЖООП: Хижри жыл негиз деп эсептелет. Акыл балагатка толгондон кийин мукаллаф (жоопкер) болот. Акыл балагат жашы белгисиз болсо аял үчүн 9, эркек үчүн 12 жаш негиз деп алынат.

Мисалы, бир адам милади жыл боюнча 69 (хижри 71) жашта өлгөн болсо аял болсо 71-9=62, эркек болсо 71-12=59 жаш негиз деп эсептелип, ушуга карата искат давр кылынат.

Суроо: Эч намаз окубаган бир адамдын давр жана искаты кылынабы?

ЖООП: Мусулман болсо кылынат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш