Ислам дини » Халал-Харам » Арак, динибиз жана ден-соолук




Арак, динибиз жана ден-соолук


Суроо: Арактын, спирт ичимдиктеринин ден соолукка пайдалуу экендиги, ченеми менен ичүүнүн күнөө болбой тургандыгы айтылып жүрөт. Арактын динибиздеги орду кандай?

ЖООП

Курани каримде, хадиси шарифтерде хамр деген сөз кезигет. "Хамр" алкоголдуу ичимдик дегенди билдирет. Арактын түрдүү ооруларга жол ача тургандыгы, акылды азайта тургандыгы, боорду буза тургандыгы, ашказан жана нерв системасын буза тургандыгы илимий негизде канча жолу далилденген. Мусулман эмес адам дагы ден-соолукка зыяндуу болгондугу үчүн спирт ичимдиктеринен узак болушу керек!  Ал эми мусулмандар ден-соолукка өтө зыяны болбосо да бир тамчы болсо да ичпеши керек! Курани каримде: "Эй, ыйман келтиргендер! Арак, кумар, буттар (сыйынуу үчүн кадалган таштар, жасалма кудай) жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын нажис (ыплас) иштери. Тозоктон кутулуу үчүн алардан сактангыла! Чындыгында, шайтан арак жана кумар менен ортоңорго душмандык жана кек салып, Аллахты эске алууга кедерги болгусу келет. Мындан кийин бардыгыңар баш тарткыла?!” - деп буюрулган. (Маида 90, 91)

Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

"Арактын арам экендигин билдирүүчү анык өкүм түштү”. (Муслим)

"Ихтимар (курамында спирт пайда болгон) болгон бардык ичкиликтер харам.” (Абу Давуд)

"Көбү мас кылуучу ичкиликтердин азын ичүү да харам.” (Абу Давуд)

"Арактын дарылык касиети жок. Ооруга чалдыктырат.” (Муслим)

"Арак - бардык жамандыктардын башы.” (Табарани)

"Арак жамандык туудурат.” (Байхаки, Рузайн)

"Арак - бардык жамандыктардын ачкычы.” (Ибни Мажа)

"Аллахка жана акыретке ишенген адам арак ичпесин, арак ичилип жаткан дасторконго да отурбасын!” (Табарани)

"Арактан сактангыла! Бактын бутак жайганы сыяктуу арак да жамандык жаят.” (Ибни Мажа)

"Арак - күнөөлөрдүн эң чоңу, жамандыктардын, күнөөнүн энеси.” (Табарани)

"Арак ичкен адамдын намыс пардасы жыртылат, шайтан ага жолдош болот, бардык жамандыктарды баштайт жана бардык жакшылыктарга тоскоол болот.” (Табарани)

"Арак ичкен адамдын (алкаштын) кабырынан турганда эки көзүнүн ортосунда "Бул Аллахтын ырайымынан махрум (куру) адам” деген жазуу көрүнөт.” (Дайлами)

"Рахмат (ырайым) периштелери мас адамдан узак турушат.” (Баззар)

"Арак ичкен адамдын кыяматта жүзү кара, тили асылган болот, жийиркеничтүү жытынан баары качат.” (Заважир)

"Ушундай бир заман келет, арактын аты өзгөртүлүп адал деп эсептеле турган болот.” (И. Ахмед)

"Арак зинадан да жаман.” (Р. Насыхин)

"Аллаху таала арак ичкен, ичкизген, алып саткан, жасаган, сактаган, ташыган, өзүнө алып келген жана акчасын жеген адамга лаанат (каргыш) кылды.” (Ибни Мажа)

"Аманатка кыянат кылына турган, зекет жаза өтөгөндөй каалабай бериле турган, төмөн адамдар элди башкара турган, заалымдардын жамандыгынан коркондуктан аларга жакшылык кылына турган, арак ичиле турган, музыкалык аспаптар чертиле турган жана кийин келгендер (шарлатандар, алдамчылар) мурдакыларды жамандай турган заман келгенде бардыгы түрдүү кырсыктарга дуушар болушат.” (Тирмизи)

"Бир падыша бир адамды кармап алып: "Арак, адам өлтүрүү, зина жана чочко этин жештен бирин танда, антпесе, сени өлтүрөбүз”, - дейт. Адам аракты тандайт. Ичип алгандан кийин тиги күнөөлөрдү дагы жасайт.” (Табарани, Хаким)

"Жамандыктардын бардыгы кулпуланган жерде. Бул жердин ачкычы - арак. Арак ичкен адам ошол эшикти ачып ичине түшөт.” (Абдурраззак)

"Бүткүл жамандыктар бир жерге кулпуланган. Бул жердин кулпусу - зина, ачкычы - арак. Бүткүл жакшылыктар бир жерге жыйналган. Бул жердин кулпусу - намаз, ачкычы - даарат.” (Ислам ахлакы)

"Мурдакы замандарда дайыма ибадат кылуучу салих киши адамдардан бөлөк бир жерде ибадат кылып жатканда аны көргөн бир аял ага көңүлү түшүп, кызматчысын жиберет. Кызматчы баягы кишиге келип: "Күбө болууңуз үчүн сизди чакырып жатат”, - дейт. Салих киши бир нече эшиктен өтүп, сулуу аялдын жанына барат. Аял: "Же бул баланы өлтүр, же мени менен зина кыл, же мына бул аракты ич. Булардын бирин орундабасаң болгон үнүм менен ызы-чуу салып, шерменде кылам”, - деп айтат. Баягы киши булардын бирин жасоого аргасыз болгон соң арак ичүүнү чечет. Арак ичкенден кийин мас болуп, аял менен зина кылат. Кийин баланы да өлтүрөт. Валлахи (Аллахка ант болсун) арак менен ыйман бир жерде боло албайт. Бири экинчисинен узакташат.” (Ибн Хиббан)

"Хак таала сурнай, уд (саз), дайра сыяктуу бардык музыкалык аспаптарды, жахилдик доорунда сыйынган буттарды жойуумду буйрук кылып, өзүнөн коркуп арактан тыйылган момунга Бейиш ниматтарын ихсан кыла тургандыгын да билдирди.” (И. Ахмед)

"Аракка башкача аттар коюлуп ичилсе, музыкалык аспаптар жана ырчы аялдар көбөйсө Аллаху таала аларды жерге матырат.” (Ибни Мажа, Ибни Хиббан)

"Музыкалык аспаптар көбөйүп, арактар ичилгенде адамдардын башына жерге батуу, башка нерселерге айланып кетүү сыяктуу балээлер келет.” (Тирмизи)

"Арак ичилип, жаман аялдар көбөйсө, эркек эркек менен, аял аял менен канааттанганда ар түрдүү балээ кырсыктар келет.” (Байхаки)

"Арак ичкен адамдын намазы кырк күн кабыл болбойт” (Тирмизи, Хаким, Насаи)

"Намаздары кабыл болбойт” деген сөз намазы текке кетет дегенди билдирбейт. Намаз карызынан кутулат, бирок, намаз окуу менен алына турган чоң сооптордон куру калат дегенди билдирет. Намаз окуган адамдын күнөөлөрдөн тыйылуусу оңой болот. Арак ичкен адам да намазын окуй бериши керек.

"Киши момун болуп туруп зина жана уурулук кыла албайт, арак иче албайт. Буларды кылган адам Ислам халкасын моюнунан чыгарган болот. Тообо кылса Аллаху таала тообосун кабыл кылат.” (Насаи)

"Зина кылган жана шарап ичкен адамдын ыйманы көйнөгү үстүнөн чечилген сыяктуу чыгып кетет.” (Хаким)

"Арак менен ыйман бир жерде боло албайт, бири экинчисинен узакташат.” (Байхаки)

"Арак ичкен адамдын жүрөгүнөн ыйман нуру чыгып кетет.” (Табарани)

"Арак ичкен адам (мас, алкаш) Бейишке кире албайт.” (Хаким)

Арак ичкен адам капыр болуп эсептелбейт. Анткени, Ахли сүннөт ишениминде чоң күнөө кылган адам капыр деп аталбайт. (Ваххабилер чоң күнөө кылган адам, мисалы, арак ичкен адамды, намаз окубай тургандарды, хижабсыз аялдарды "капыр" дешет. Ошондуктан, Ваххабилердин Ислам менен, б.а. Ахли сүннөт менен эч кандай байланышы жок.) Ислам аалымдары "Бейишке кире албайт” деген хадиси шарифти "Күнөөсүнө жараша жазаланбай туруп Бейишке кире албайт” деп түшүндүрүшкөн.

Ар бир чоң күнөө кылган адам намаз окуй албай, харамдарга маани бере албай турган болуп калат. Аллах сактасын, ыйманы кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан, арак ичкен жана башка чоң күнөө кылган адамдардын бир күнү ыйман нуру өчүп калышы мүмкүн. Туруктуу түрдө кылынган күнөө адамды куфурга алып барат. Арак ичкендер намазга маани берип, намаз окууну уланта берсе аракты таштоолору оңой болот. Курани каримде: "Намаз бардык жамандыктардан алыстатат”, - деп билдирилген(Анкебут 45)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш