Суроо: Дары үчүн даярдалган жана курамында этанол (этил
спирти) болгон сиропторду ичүү жаизби?
Жооп
Нажис болгон суюктук, мисалы, спирт дары сыяктуу
нерселерге бир пайда үчүн аралаштырылган болсо таза болот, бирок, дары үчүн
болбогондорун ичүү харам. (Ислам Ахлагы)
Демек, дары үчүн болгон аралашмалар кечирилүүдө
жана жаиз болууда.
Чочкодон алынган заттар кошулган дарылар
Суроо: Курамында синтез кылынбаган, айбандардан, айрыкча
чочко жана уйдан алынган анилаз менен трипсин сыяктуу заттар болгон дарыларды
колдонууга болобу?
Жооп
Колдонууга болот. Кайсыл айбандан алынганын
изилдеп отуруунун кажети жок.