Суроо: Ооруп калганда таасири анык болгон дарыларды
колдонбоо күнөөбү?
Жооп
Албетте, күнөө. Кээ бир дарылардын, мисалы,
антибиотиктердин, сульфамиддердин бактерияларга каршы таасири нандын ачкалыкты,
суунун суусоону кетирүүсү сыяктуу. Суу менен отту өчүрүү дагы ушундай. Таасири
анык болгон ушул сыяктуу дарыларды колдонбоо тобокел эмес, акмактык жана харам
болот. Хадиси шарифтерде айтылды:
"Ар бир оорунун дабасы бар. Жалгыз
өлүмгө гана чара жок.” [Табарани]
Хазрети Муса ооруп калганда "Дарысыз
да Аллаху таала шифаа берет” деп дары колдонбоду. Аллаху таала: "Дары
колдонбосоң шифа ихсан кылбаймын”, - деп билдирди. Дары колдонгондон кийин
айыкты. Бирок, анын себебин кызыгып сурады. Аллаху таала: "Тобокел
кылуу үчүн менин адатымды, хикматымды өзгөртүүнү каалап турасыңбы? Албетте,
таасирлерди жаратуучу менмин”, – деп буюрду. (С. Абадиййа)
Доктурга кайрылуу жана дары колдонуу зарыл. Бирок,
дабаны доктур же дарыдан эмес Аллаху тааладан күтүү керек. Курани каримде
мындай деген мааниде билдирилди:
"Ыйманыңар бар болсо Аллаху таалага
тобокел кылгыла!” [Маида
сүрөсү, 23]
Дары колдонуу, аят-и карима окуу жана дуба окуу,
аны жанында алып жүрүү адамдын өмүрүн узартпайт, өлүмгө тоскоол болбойт жана
ажалды кечиктирбейт. Өмүрү бардын дарттарын, ооруларын кетирип, чын
ден-соолукта, ыракат жана көңүлдүү жашоосуна себеп болот. Дары колдонсо дагы
айыгып кетпей, операция столунан турбай өлгөндөр аз эмес. Ошондуктан, дарыга же
доктурга эмес Аллаху таалага ишенүү керек. Аллаху талаага ишенген мусулман
болсо динибиздин буйругун аткарып, доктурга кайрылат жана дары колдонот.