Ислам дини » Халал-Харам » Курани карим жана балык




Курани карим жана балык


Суроо: Хадистерге жана мазхабыбыздын өкүмүнө карап отурбай эле балык жештин жаиз экендигин Курани каримден түшүнүүгө болобу?

Жооп: Жалгыз Куранга гана карап түшүнүү мүмкүн эмес. Курани каримде Нахл сүрөсүнүн 14-ыйык аятынын маанисинде айтылат: "Таза эт жешиңер жана тагынчак чыгарып алууңар үчүн деңизди силерге моюн сундурган - Ал”.

Ханафи мазхабы боюнча таза эттен максат желбеген деңиз жаныбарлары эмес бир гана балык жана балык сымалдар.

Кайсы жаныбарлардын кантип жеш керек экендиги да төмөндөгүчө билдирилген:

"Майта (тарп, өлүмтүк), кан, доңуздун эти жана Аллахтан башкасынын атына атап союлгандар силерге арам кылынды. Өлө элек болгонун мууздап алганыңардан башка, муунуп өлгөн, урунуп өлгөн, бийиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн  жана жырткычтар тарабынан тиштеп-тытып өлтүрүлгөн айбандардын эттери да арам”. (Маида, 3)

Андан кийинки аятта дагы мууздап жатканда Аллахтын ысымын эстөө, башкача айтканда, бисмиллах айтуу керек экендиги билдирилүүдө.

Майта – мууздалбастан, динге ылайык союлбастан өлгөн жаныбар, тарп дегендик. Бир жаныбар башка бир жаныбарды өлтүрсө динге ылайык мууздалбагандыгы үчүн аны жегенге болбойт. Аятка карай турган болсок, балыктын да мууздалышы керек экендиги түшүнүлөт. Бирок, балыктарды эч ким мууздабайт. Ошондой эле бисмиллах айтпай эле кармоого болот. Аятта айтылганга амал кыла турган болсок балыкты мууздабастан жана бисмиллах айтпастан жеген жаиз болбойт. Бирок, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Балыкты мууздоо керек эмес”, жада калса, "Бисмиллах айтуу да керек эмес”, - деп айтууда.

Балыктарды динамит менен же башка нерселер менен өлтүргөндө да жегенге болот. Жада калса, бир балык башка балыкты жесе эки балыкты тең жегенге болот. Ал эми арстан бир бугуну тиштеп өлтүрсө ал кийиктин этин жегенге болбойт. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын түшүндүрмөсү болбосо буларды Курани каримден түшүнүү мүмкүн эмес.

Аятта кандын да арам экендиги билдирилип жатат. Көк боор дагы талак. Аятка карап көк боорду жеген арам деп айткан жахилдер да болгон. Пайгамбарыбыз алейхиссалам эки кандын адал экенин айткан. Бул эки кандын бирөөсү - көк боор, экинчи - боор.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Деңиздин суусу таза, майтасы (кандайдыр бир себептен улам өлтүрүлгөнү) адал” жана "Өзү өлүп калып, суунун үстүнө калкып чыккан балыкты жебе, суусу тартылып, ачыкта калып кетип өлгөн болсо аны же! Ушундай бир себептен улам деңизде өлүп калганды да же!” – деп билдирди.

   Суунун ичинде өзүнөн өзү өлүп, курсагы асманды карап калган балыкты жегенге болбойт. Ал эми тузак, тор, дары, ток, динамит же кандайдыр бир нерсе менен өлгөн балык желет. Суунун тартылып кургап калуусунан улам, ашыкча ысыктан же ашыкча сууктан улам өлгөн же куштар тарабынан өлтүрүлгөн, суунун ичинде байлап коюлгандыгы үчүн өлүп калган, муздун арасында кысылып калып өлгөн балыктар желет. Деңиздин ичинде өлгөн же суудан чыгарбай туруп келтек, союл сыяктуу нерсе менен чаап өлтүрүлгөн же бычак менен башы кесилген балыктар да желет. Таза болбогон суулардагы балыктарды жууп-тазалап жеш жаиз. Ууланган балыктын ичинен чыккан балык таза болсо желет.

Суроо: Бисмиллахсыз кармалган балыкты жегенге болобу?

Жооп: Балык кармаган адамдын мусулман болуусу жана Бисмиллах айтып кармоосу шарт эмес.

Суроо: Ичин тазалабастан скумбрия сыяктуу балыктарды кургатып жатабыз. Сардина балыктарын тууздап жатабыз. Мындай балыктарды жесе эч нерсе болбойбу?

Жооп: Ичин тазалоо керек. (Тахтави)

Суроо: Сууда өлгөн балыкты жесе эч нерсе болбойбу?

Жооп: Балык өзүнөн өзү өлүп калган болсо оорудан улам өлгөн болушу мүмкүн. Ошондуктан, желбейт. Бирок, бир жерге кысылып калып же муздун арасында калып кетип же ток сыяктуу нерселерден улам өлгөн болсо желет.

Суроо: Кайырмак менен балык кармоонун динибизде өкүмү кандай?

Жооп: Кайырмак менен балык кармоонун зыяны жок. Динамит менен өлтүрүп кармоо дагы жаиз. Бычак менен кесип өлтүрүлгөн болсо да желет. Койлорду да бычак менен сойуу аларды кыйноого жатпайт.

Суроо: Ичи тазаланбастан жасалган консерваны кийин жеп жатканда ичи тазалана турган болсо жеш жаизби?

Жооп: Ооба, жаиз. Ичи тазаланбастан бышырылган балык желбейт. Бирок, туздалганын ичин тазалап жегенге болот.

Суроо: Балык жандуу кезде башын кесип тазалоо жаизби?

Жооп: Өлө электе башын кесүү ылайыктуу эмес. Кесилген болсо да жеген жаиз.

Суроо: Дары менен өлтүрүлгөн балыкты жеген жаизби?

Жооп: Адамга зыяны жок болсо жаиз.

Суроо: Балыктын ичинен чыккан икраны жегенге болобу?

Жооп: Ооба, болот. (Барика)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш