Ислам дини » Халал-Харам » Тамактан мурун жана кийин дуба кылуу




Тамактан мурун жана кийин дуба кылуу


Суроо: Тамактан мурун дуба кылуу жаизби?  

Жооп: Ооба, тамактан мурун дагы дуба кылуу жаиз. Бисмиллах айтуу жана жакшылык-береке үчүн дуба кылуу да жеп-ичүүнүн сүннөттөрүнөн. Ибни Аббас хазреттери Расулуллах алейхиссаламдын: "Тамакты баштаганыңарда Аллахумма барик лана фихи ва атимна хайран минху деп айткыла”, - дегенин риваят кылган. Анъам сүрөсүнүн "Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле!” маанисиндеги 121-аятты Бисмиллахсыз союлган айбандардын өлүмтүк (тарп) боло тургандыгын жана жегенге болбой тургандыгын билдирүүдө. Кээ бир аалымдар "Башка азыктарды жеп жатканда дагы Бисмиллахты айткыла” деген маанинин да бар экенин билдиришкен. Бул жерде Аллахтын ысымынын эскерилүүсү желе турчу тамактын касиетин, жакшылыгын жана дайымалыгын улантуу үчүн. Ушинтип Аллаху тааланы эскерген жана бул нематтардын дайымалыгын жана жакшылыгын камсыз кылган болобуз. Тамак желген учур адамдардын эң көп гафилдикке туш болчу учуру. Анткени, тамак ачка болгон напсини өзүнө эң көп тарткан, ага бардык нерсени унуттурган нерсе болуп эсептелет.

Тамактан мурда колдорду жууганга да маани берүү керек! Ыйык хадисте айтылды:

"Үйүнүн жакшылыгын каалаган адам тамактан мурда жана кийин колун жуусун”. (Ибни Мажа)

Суроо: Тамактан кийин кантип дуба кылынат?

Жооп: Тамакты баштап жатканда бисмиллах айтуу (Бисмиллахиррахманиррахим) жана аягында "Алхамдулиллах” деп айтуу сүннөт.

Хадиси шарифтерде айтылды:

"Тамактан кийин "Ал-хамду-лиллахиллази атъмана хазаттаама ва разакана мин гайри хавлин минна ва ла куввах” дубасын окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет”.

"Тамактанып бүткөн соң "Ал-хамду-лиллахиллази атъмани ва асбаъани ва сакани ва арвани” дубасын окуган адам энесинен төрөлгөн күндөгүдөй күнөөсүз болот.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам тамактан кийин "Ал-хамду-лиллахиллази атъмана ва сакана ва жаъалана муслимин” дубасын окучу.

Тамактан кийин жогорудагы дубаларды дагы ичине камтыган мына бул дубаны окуу жакшыраак болот:

"Ал-хамду-лиллахиллази ашбаана ва арвана мин гайри хавлин минна ва ла куввах. Аллахумма ат'имхум кама ат'амунаАллахуммарзукна калбен такыййен, минешширки бериййен ла кафирен ва шакыййен валхамдуллихи раббилалемин.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш