Ислам дини » Халал-Харам » Пияз, сарымсак жегенге тыюу салынган эмес




Пияз, сарымсак жегенге тыюу салынган эмес


Суроо: Куран мусулмандыгы деп, Ахли сүннөт аалымдары билдирген маселелерди четке каккан, Куранда андай нерсе жок деп, Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын билдиргендерине амал кылуу керек эмес деп айткан бир жазуучу: "Расулуллахтын өзү жасабаган жана тыюу салган бардык нерсеге амал кылуу керек эмес. Мисалы, сарымсак, пияз жебегендиги үчүн мусулмандардын да жебеши керек эмес болгондой, бир аял менен жалгыз калууга, аны кучактоого, колуна жана башка жерине тийүүгө Куранда тыюу салынбагандыгы үчүн Расулуллах тыюу салган болсо да, ага амал кылуу керек эмес”, - деп айтып жатат.  Пайгамбарыбыз алейхиссалам пияз-сарымсак жегенге тыюу салганбы? Тыюу салган нерсесине амал кылбаш керекпи?   

Жооп: Пайгамбарыбыз алейхиссалам пияз, сарымсак жегенге тыюу салган эмес. Башкаларды ыңгайсыз кылбоо шарты менен пияз, сарымсак сыяктуу жагымсыз жыттуу жашылчаларды жегенге кедерги жок. Мындай жашылчаларды жеп мечитке барууга тыюу салынган.

 Бул маселеге байланыштуу үч ыйык хадистин мааниси:

"Пияз, сарымсак жеген арам эмес. Бир гана жыты кетмейин мечитибизге жолобогула!” (Ибни Хузайма)

"Сарымсак, пияз, порей (пияз сыяктуу өсүмдүк) жана турп жеген адам мечитибизге жолобосун. Анткени, адамдар ыңгайсыз болгон нерселерден периштелер дагы ыңгайсыз болот”.(Табарани)

"Сарымсак жегиле, аны менен дарылангыла! Сарымсак жетимиш дартка дабаа. Эгер жаныма периште келбегенде, албетте, мен деле жемекмин”. (Тирмизи, Хаким)

Бир мамлекетке барган адам алгач кичине чийки пияз жесе ден-соолукка өтө пайдалуу болот. Пияз микропторго каршы иммунитетти күчтөндүрөт. Пияздан кийин сельдерей желса жагымсыз жыты кетет. Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы адамдарды жана ар мүнөттө келип калышы ыктымал болгон периштени ыңгайсыз кылбаш үчүн чийки пияз, сарымсак жечү эмес. Бышырылганын жечү. Пайгамбарыбыздын акыркы жеген тамагынын ичинде да бышырылган пияз бар эле. Ыйык хадисте: "Сарымсак менен пиязды бышырып жегиле”, - деп буюрулду. Ушинтип жагымсыз жыты кеткен болот. (Мавахиб)

Расулуллах алейхиссалату васаллам эмнени буйрук кылган болсо моюн сунуу, эмнеге тыюу салган болсо андан сактануу зарыл экендиги, динге тийиштүү болгон ар бир сөзүнүн вахий экендиги, Ага багынуунун Аллахка багынуу, Ага каршы чыгуунун Аллахка каршы чыгуу экендиги Курани каримде билдирилүүдө. (Хашр 7, Нажм 4, Ниса 80)

Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын буйругун аткаруу керек эмес деп айткан жазуучу негизинде Курани каримге ишенбегенин ашкерелеп жатат.

Суроо: Сарымсак жеп элдердин арасына чыгышууда. Элдер абдан ыңгайсыз болууда. Мындай кылуу туурабы?

Жооп: Пияз, сарымсак жеп, тамеки тартып, жагымсыз жыттанып, башкаларды ыңгайсыз кылуу туура эмес. Жагымсыз жыттан периштелер дагы ыңгайсыз болушат.

Ыйык хадистерде айтылды:

"Оозуңарды тазалагыла! Кираман катибин периштелери үчүн ооздогу тамак калдыктарынын жытынан да жаманыраак нерсе жок”. (Дайлами)

"Куран окуп жатасыңар, оозуңарды мисвак менен тазалагыла!” (Абу Нуайм)

"Түнүчүндө намаз окуу үчүн турган адам оозун мисвак менен жуусун! Анткени, бир периште намазда Куран окуган адамдын оозуна жакын жолоп угат”. (Дайлами)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш