Ислам дини » Халал-Харам » Химиялык өзгөрүүлөр




Химиялык өзгөрүүлөр


Суроо: Биз Европада жашайбыз. Чочконун майынан жасалган самындарды жана шараптан жасалган сиркелерди (уксустарды) колдонууга болобу?

Жооп: Бир ыймансыз киши мусулман болгондо таптаза болгондугу, жада калса, күнөөлөрүнүн соопко айландырылгандыгы сыяктуу, бир тамчысы да арам болгон шарап дагы толук сиркеге айланганда таптаза болот. Сапаты жогору жүзүмдөрдөн жасалган шараптын сиркеси да сапаттуу болот. "Ал-фикху алал мазахибил-арбаа”китебинде билдирилген бир хадиси шарифте: "Эң мыкты сирке – шараптан жасалганы”, - деп айтылууда. (Байхаки)

Шарап сиркеге, чочконун майы самынга айланганда таза болот. Бардык химиялык өзгөрүүлөр дагы ушундай. (Радд-ул-мухтар, Тахтави, Дурар, С. Абадиййа)

Өтө жаман бир ыймансыз киши мусулман болгондо бардык күнөөлөрү кечирилет, таптаза мусулман болот. Жада калса, күнөөлөрү соопко айландырылат. (Фуркан, 70)

Баатырдыгы, жигиттиги менен таанылган бир ыймансыз адам мусулман болгондо баатыр бир мусулман болот. Хазрети Омар жалгыз өзү Расулуллах алейхиссаламды өлтүрмөкчү болуп барган, эч нерседен кайтпаган киши эле. Мусулман болгондо Каабага кайтып барып, ашкере ибадат кылды. Баары жашыруун хижрат кылып жатканда ал күндүз күнү ашкере хижрат кылды. Кетип баратып да кабар берди. "Кимде-ким энесин ыйлатмакчы, аялын жесир кылмакчы болсо келсин!” – деп ашкере айтып чыкты.(Мират-и каинат)

Суроо: Чочконун майынан же нажасаттуу майлардан самын жасалса булар таза болобу, колдонууга болобу?

Жооп: Нажасаттуу майдан, тарптын жана нажис айбандын, чочконун майынан самын жасалганда таза болот. Бардык химиялык өзгөрүүлөр дагы ушундай. Нажис суу менен жасалган тандырда нан бышырууга болот. Нажис топурак менен жасалган кумган сыяктуу нерселер тандырдан чыкканда таза болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш