Суроо: Өтө жакын досумдун мал-мүлкүн анын кабары
болбостон колдонуу же жеш жаиз болобу?
Жооп: Башка бирөөлөрдүн мал-мүлкүн уруксатсыз
колдонуу харам. Мисалы, досунун калемин анын кабары болбостон
алып, ошол калем менен бир кат жазуу харам болот.
Досунун чөнтөгүндөгү жа столундагы кант сыяктуу
нерселерди жеш да мына ушундай жаиз эмес. Бирок, өтө жакын болсо жана жүз пайыз
уруксат бере тургандыгын билген бир досунун мал-мүлкүн колдонуу же жеш жаиз.
Деген менен, андай досту табуу бүгүн өтө кыйын. Ошондуктан, суизанга себеп боло
турган нерселерден сактануу зарыл.
Фатхи Мусули хазреттери бир досунун үйүнө барды.
Досу үйдө жок эле. Кызматкери гана бар эле. Андан сандыктын ачкычын сурады.
Кызматкер аны тааныгандыгы үчүн ачкычты берди. Фатхи Мусули хазреттери сандыкты
ачып, муктаждыгына жараша акча алып, артка кайтты. Досу муну укканда абдан
сүйүндү. Кызматкерин (кулун) дароо азат кылды.
Мына ушундай жогорку даражаларга чыккан илгерки
улуктар акчага муктаж болгондо досторуна жагдайларын билдиришчү. Достору да:
"Канча акчага муктажсың?” – деп сурашчу эмес, дароо капчыгын чыгарып
берчү. Достору да муктаждыгына жарашасын капчыктан алчу. Жада калса, кээ
бирлери бир досу акча сураса, "Эмнеге мунун муктаждыгын алдын ала сезген
жокмун, эмнеге аны суроого мажбур кылдым?” деп кайгырып-ыйлашчу. Дайым
досторунан муктаждыктары тууралуу сурап турушчу. Ансыз деле досуна
"Кандайсың?” деп айтуу "Кандайдыр бир муктаждыгың бар болсо айткын,
мүмкүнчүлүк болсо чарасын караштыралы” деген маанини билдирет. Куру сөз болсун
деп кандайсың деп айтуу чыныгы достукка жатпайт.
Башка бирөөнүн электрондук почтасын окуу
Суроо: Кээ бир досторумун кимдер менен жана эмнелерди
жазышкандыктарына кызыгып каламын. Кандайдыр бир жол менен же паролун билип
алып, башка бирөөнүн электрондук почталарын, компьютериндеги башка жазууларын
жана жеке сүрөттөрүн кароо күнөөбү, кул акысына жатабы?
Жооп: Өзү уруксат берген болсо күнөө болбойт. Уруксатсыз
кароо чоң күнөө, айрыкча кул акысына да кирген болот. Жалпы уруксат берилген
болсо, компьютеринде жеке нерселери да болгондуктан, муктаждыгына жараша кароо
керек. Башка эмнелер бар болду экен деп изилдебеш керек. Төрт хадиси
шарифтердин маанилери төмөндөгүчө:
"Досунун жазуусун уруксатсыз караган
адам Тозоктун отун караган болот.” (Табарани)
"Досунун катын уруксатсыз караган
адам отту караган болот.” (Абу Давуд)
"Уруксатсыз бир үйдүн ичин караган
адам арам иш кылган болот.” (Абу Давуд, Тирмизи)
"Бирөөнүн үйүн уруксатсыз караган
адамдын көзү оюлууга татыктуу болот.” (Муслим)
Бирөөнүн жеке маалыматтарын кароо кул акысы болуу
менен бирге, аны башка бирөөгө көргөзүү да сөз ташууга, ушакка жатат. Булар
дагы арам. Бирөөгө электрондук кат жиберип жатканда ошол катта
өзүбүздүн жазгандарыбыздын сыртында башка бирөөлөрдүн жазгандары, мурда жазган
жооптору да бар болсо, купуя бөлүмгө башкалардын электрондук адрестерин жазып,
аларга да купуя жиберүү ошол жазууларды башкаларга көргөзүү болот.
Мындай нерсе кылынган болсо тообо кылуу жана ошол
адам менен адалдашуу (кечирим суроо) керек.
Суроо: Жумушумда маалыматтар процессинги боюнча адисмин.
Башка бирөөнүн жазуусун, компьютерин уруксатсыз кароо жаиз эмес экендигине
караганда, менин кароом дагы күнөө болобу?
Жооп: Жумушка байланыштуу кандайдыр бир муктаждык болбой
туруп кароо күнөө болот. Муктаждык бар болсо муктаждыкка жараша кароого
болот.
Жеке максатта колдонуу
Суроо: Жеке менчик жумуш орундарында, жумушубуздун
максаты үчүн колдонуп жакан бир нерсени ээсинен уруксат сурабастан колдонуу
жаиз болобу?
Жооп: Эч бир нерсени уруксатсыз колдонуу жаиз болбойт.
Бирок, жумуш ордуна зыяны тийбей турган болсо же адат болгон бир нерсени,
мисалы, телефонду заряддоо, жумуш ордунун электроэнергиясын колдонуу, электрдик
сакал алуу машинкасы менен сакал алуу, даарат же гусул алуу үчүн жумуш ордунун
суусун колдонуу, компьютеринде жеке кат жазуу сыяктуу нерселерге негизи жалпы
уруксат берилген болот. Бул жагынан алганда уруксатсыз колдонууга болот.