Ислам дини » Халал-Харам » Жаныбарларды кыйноо




Жаныбарларды кыйноо


Суроо: Эти желген жана желбеген жырткыч айбандарды кандайдыр максатта өлтүрүү күнөөбү? Мисалы, суусарды териси үчүн, жейренди эти үчүн уулоо жаизби?

Жооп: Эч бир жаныбарды кыйноо, азаптоо, сууга чөктүрүү же отко күйгүзүү жаиз эмес. Жаныбарды кыйноо гайри муслим (мусулман эмес) адамды кыйноодон да артык чоң күнөө. Гайри муслимди кыйноо мусулманды кыйноодон да артык чоң күнөө. (Дурр-ул мухтар)

Максатсыз кандайдыр бир жаныбарды өлтүрүү жаиз эмес. Акыретте "Аны эмне үчүн өлтүрдүң?” деген суроо суралат. Жаныбарларды бири-бири менен уруштуруу да жаиз эмес. Жаныбарлардын акыларын сактоо жана аларга боор ооруу, ырайымдуу болуу зарыл. Хадиси шарифте: "Ырайымдуу болсоң ырайым көрөсүң!”, - деп айтылган.(Ширъа)

Зыяндуу жаныбарларды өлтүрүү жаиз болгондугу сыяктуу эле, суусар, кашкулак сыңары жаныбарларды жүнү жана териси үчүн, кийик, жейрен сыяктуу жаныбарларды эти үчүн өлтүрүү да жаиз. Чочкодон башка, эти желбеген түрдүү жаныбарларды акчага сатып, гайримуслимдерге экспорттоо да жаиз. (Шарх-и Никая)

Зыянсыз жаныбарларды өлтүрүү жаиз эмес. Зыяндуусун кыйнабастан өлтүрүү жаиз. (Барика)

Суроо: Жаныбарларды ар түрдүү кыйноо арам болгондуктан, бычуу дагы арам эмеспи?

Жооп: Зарылдыксыз жаныбарды бычуу аны кыйноо болгондуктан арам. Бирок, кандайдыр бир пайда үчүн жаиз болот, күнөө эмес. (Хиндиййа)

Бычылган өгүздөр жумушта көбүрөөк пайдалуу болот. Бычылган кочкорлор майлуураак жана эти да даамдуураак болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бычылган бир кочкорду курмандыкка чалган болчу. (Б. Арифин)

Суроо: Жаныбарларга да боор ооруу керек эмеспи?

Жооп: Жаныбарларга да боор ооруу жана жакшылык кылуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Ырайымдуу болбостон ыймандуу боло албайсыңар”, - деп буюрганда, ал жердегилер: "Йа, Расулаллах, баарыбыз ырайымдуубуз”, - деп айтышат. Ошондо: "Жалгыз адамдарга гана эмес бардык макулуктарга ырайымдуу болуу керек”, - деп жооп берди. (Табарани)

Мисалы, бир жандыкты соймокчу болгон адам бычакты жандыктын көзүнчө курчутпоого тийиш. Күндөрдүн биринде бир киши бир койду сойуу үчүн жерге жаткырып, бычагын курчутуп баштайт. Пайгамбарыбыз аны көрүп:

"Сен бул жандыкты сойбой туруп ага өлүмдү таттырасыңбы? Жаныбарды жаткыруудан мурда эмнеге бычагыңды курчутуп алган жоксуң?” – деп сурады.(Хаким)

Бардык жаныбарларга жакшылык кылуу керек. Аларды кыйноодон сактануу керек. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Бир аял бир мышыкты жабык бир жерге камап койду. Мышыкка тамак, суу берген жок. Сыртта бир нерсе таап жеши үчүн бошотуп да жиберген жок. Мышык өлүп калды жана аял болсо анын натыйжасында Тозокко кетти.” (Бухари)

"Абдан чаңкаган бир момун кудукка түшүп суу ичти. Бир ит дагы кудуктун оозунда абдан чаңкагандыктан алдан кетип күтүп турган эле. Ал киши итке боор ооруп, бут кийиминин бирөөсүн чечип, аны менен итке суу чыгарып берди. Бул ишине Аллаху таала ыраазы болду. Ал адамды Бейишине киргизди.”(Муслим)

"Жер бетиндеги макулуктарга боор оорубагандарга асмандагылар ырайым кылышпайт.” (Табарани)

"Ырайымдуу болбогонго ырайым кылынбайт.” (Бухари)

Кутман сахабалар: "Йа, Расулаллах! Жаныбарларга жакшылык кылууга да сооп барбы?” – деп сурашты. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Ар бир жаныбарга кылынган жакшылыкка сооп бар”, - деп жооп берди. (Бухари)

Сахабалардан бир зат айтат:

"Расулуллахтын мышык суу ичкенден кийин артып калган суу менен даарат алганы да көрүлгөн.” (Абу Нуайм)

Сахабалардан бир аял айтат:

"Кутман сахабалардан Абу Катаданын даарат алуусу үчүн бир идиште суу койдум эле. Бир мышык келип ошол идиштеги суудан ичкенде дагы бираз ичсин деп Абу Катада идишти мышыктын алдына койду. Аны таң калып карап турганымды байкап: "Эмнеге таң каласың, эй, бир тууганымдын кызы? Расулуллах алейхиссалам: "Мышык булганыч эмес, тегерегиңерде жүрөт”, - деп айткан болчу”, - деди.” (Тирмизи)

Хазрети Абу Хурайра айтат:

"Күндөрдүн биринде кийимимдин ичинде бир кичинекей мышыкты көтөрүп жүрдүм эле. Расулуллах алейхиссалам көрүп калып: "Бул эмне?” – деп сурады. Мен: "Мый-мый”, - деп жооп бердим. Ошондо Расулуллах: "Эй, Абу Хурайра!” – деп айтты. Башкача айтканда, мышыкты жакшы көрүүчү, мышыкка атадай камкордук көрсөтүүчү  киши деген мааниде айткан болчу.”

"Күндөрдүн биринде Ахмет Рифаи хазреттеринин пальтосунун этегинде мышыгы келип уктап калды. Намаз убакты кирди, мышыкты ойготууга кыйбады. Бир топ убакыт аны мээримдүүлүк менен карап турду. Ойгонбой турганына көзү жеткенде жаткан жерин кыркып, намазга барды. Кайтып келгенде мышык ойгонуп, ал жерден кетип калган экен. Кыркыган бөлүктү алып, пальтосуна тигип алды.”

Абу Бакр Васити хазреттери айтат:

"Күндөрдүн биринде бара жатсам башымдын үстүндө бир куш уча баштады. Жинденип кушту кармап алдым. Аны колумда кармап турсам дагы бир куш уча баштады. Колумдагы куштун энеси деп ойлоп кушту коё бердим. Бирок, ошол учурда куш өлүп калды. Буга абдан кайгырдым. Ошол күндөн баштап менде бир убайым пайда болду жана бир жыл өткөн жок. Түндөрдүн биринде түшүмдө Расулуллах алейхиссаламды көрдүм. Бир жылдан бери абдан кайгыга батканымды, анын натыйжасында аябай арыктап намаз окуй албай турган жагдайга келгенимди айттым. Ошондо: "Буга ал куштун сен тууралуу арыздангандыгы себеп болду”, - деп айтты.

Үйүбүздө мышык бала тууган эле. Мен абдан кайгыга батып ойлонуп турганымда, бир жылан мышыктын балдарынын бирин кармап жегенге аракет кылып жатканын көрүп калдым. Аса таягым менен жыланды чапканымда качып кетти. Мышыктын энеси келип, балдарын алып кетти. Андан кийин айыгып кеттим, намаздарымды өйдө туруп окуй баштадым. Ошол түнү түшүмдө Расулуллах алейхиссаламды дагы көрдүм. "Айыгып кетишиңе бир мышыктын сага рахмат айтып ыраазы болгондугу себеп болду”, - деп буюрду.”

Суроо: Жаныбарларды кыйноо чоң күнөө болгондуктан чычкан, жылан сыяктуу жандууларды өлтүрүү жаиз эмеспи?

Жооп: Адамдарга зыянын тийгизген кумурсканы сууга чөктүрбөстөн, отко күйгүзбөстөн өлтүрүү жаиз. Чычкан, чаян сыяктуу зыяндуу жаныбарларды да кыйнабастан өлтүрүү жаиз. Хадиси шарифте айтылат:

"Уулуу кескелдирикти бир урушта өлтүргөнгө жүз, эки урушта өлтүргөнгө азыраак, үчүнчү урушта өлтүргөнгө болсо андан азыраак сооп берилет.”(Муслим)

Суроо: Үйдөгү желе жайган жөргөмүштөрдү өлтүрүү жаизби?

Жооп: Ооба.

Суроо: Кутурма оорусунун алдын алуу үчүн кароосуз жүргөн иттерди өлтүрүү жаизби?

Жооп: Оору чыгып кетүү ыктымалы бар болсо жаиз.

Суроо: Жаныбарларды өлтүрүү жаизби? Мисалы, чымын чиркейлерди заматта күйгүзүп жок кылган бир апарат менен күйгүзүү да жаизби?

Жооп: Жаныбарларды сууга чөктүрүп, отко күйгүзүп өлтүрүү жаиз эмес. Динибиз зыяндуу жаныбарларды кыйнабастан, азаптабастан өлтүрүүнү буйрук кылууда. Мисалы, кескелдирикти бир урушта өлтүргөнгө жүз, эки урушта өлтүргөнгө 50, үчүнчү жана андан көп урушта өлтүргөнгө болсо андан азыраак сооп берилүүдө. Демек, заматта өлтүрүү керек. Чымын чиркейдин андай өлтүрүлүүсү кол же дары менен өлтүрүүдөн жеңилирээк. Бир заматта күйүп жок болууда. Отко ыргытуу сыяктуу эмес. Жаиз болот.

Суроо: Жаныбар акысын өтөө үчүн эмне кылуу керек?

Жооп: Алгач тообо кылуу, анан жаныбарларга жакшылык кылууну улантуу керек.

Суроо: Өлүп калган бир жаныбарды отко ыргытууга болобу?

Жооп: Кандайдыр бир зарылдык болмоюнча өлүп калган жаныбарды дагы отко ыргытпаш керек. (Хадика)

Суроо: Кануни Сулайман хан Занбилли Али Мырзага зыянын тийгизип жаткан кумурсканы өлтүрүү жаизби деп сураган экен. Ал зат болсо жаиз эмес деп фатва берген экен деп айтылып жүрөт. Бул окуя чындап эле болгонбу?

Жооп: Чыныгы окуя мындай болгон экен:

"Кануни Султан Сулайман хан жемиштүү бактарын кумурскалар басып кеткендиктен маселени Занбилли Али Мырзага мындай ыр саптары менен билдирген экен:

"Бактарды басып кетсе эгер кумурска,

Зыяны барбы кумурсканы кырганда?”

Занбилли Али Мырзанын жообу мындай болгон экен:

"Эртең Хактын диванына (сурагына) барганда,

Сулаймандан алат акысын кумурска.”

Бул бир фатва эмес эле. Бул латифа эле. Башкача айтканда, демекчи болгон нерсеси мындай эле: "Сен дагы билесиң, зыяндуу жаныбарларды өлтүрүү жаиз. Акысыз жерге өлтүрүү жаиз эмес.”

Осмон мамлекетинин онунчу султаны жана Ислам халифаларынын 75чиси болгон Кануни Султан Сулайман хан атасы Явуз Султан Салим тарабынан милдеттендирилген доорунун улуу аалымдарынан сабак үйрөнүп жетилген болчу. Диний илимдерди өтө мыкты билген бир падыша эле.

Диний китептердин бардыгында зыяндуу жаныбарларды өлтүрүүнүн жаиз экендиги жазылган. Кумурска сыяктуу жандууларды зыянын тийгизбей жаткан болсо өлтүрүү жаиз эмес, зыяндуу болсо гана жаиз. Чычкан, чаян, жылан сыяктуу зыяндуу жаныбарларды да кыйнабастан өлтүрүү жаиз. Кутурган жаныбарларды да өлтүрүү керек.

Адамга жана азыктарга зыянын тийгизип жаткан кумурскаларды кыйнабастан жана сууга ыргытпастан өлтүрүү жаиз. Ичинде кумурска бар болгон отунду жерге чаап, кагып анан жагуу жаиз болот. (Барика)

 

Жаныбардын өлүмүнө себепкер болуу

Суроо: Жолдо машинаны орто ылдамдыкта айдап баратып, бир тоокту же мышыкты жолго чыкканда сүзүп кетсек биз жоопкер болобузбу?

Жооп: Атайылап болбогондугу үчүн жана өлгөн нерсе жаныбар болгондугу үчүн жоопкер болбойт. Өлгөн бала же киши болгондо, анын кафараты жана дийаты (жазасы, төлөмү) болмок. Бир эне жаш баласы менен уктап жатканда байкабастан бала астында тумчугуп өлсө, касыт (атайылап) болбогондугуна карабастан эненин кафарат берүүсү керек. Азыр, кафарат катары 60 күн орозо кармоо керек.

Жаныбарларды өлтүрүү

Суроо: Жаныбарларды сабоо жана өлтүрүү жаизби?

Жооп: Адамга жана азыктарга зыянын тийгизип жаткан жаныбарларды, мисалы, кумурскаларды, чымын чиркейлерди өлтүрүүгө болот. Чычкан, чаян сыяктуу зыяндуу жаныбарларды дайым өлтүрүү жаиз. Кутурган ит жана жырткыч жаныбарларды мууздап, атып же уулап өлтүрүү жаиз.

Жаныбарларды сабоо жаиз эмес. Сабоо тарбия кылуу үчүн болот. Жаныбарда акыл болбогондуктан тарбия кылынбайт. Эч бир себеп менен эч бир жаныбардын бетине уруу жаиз эмес.

Жаныбарлар менен адалдашуу (кечиримин алуу) мүмкүн болбогондуктан, аларга дайым жакшы мамиле кылуу керек. Кандайдыр бир жаныбарды кыйнаган болсо тообо кылуу, өкүнүү керек, башка эч бир жаныбарды кыйнабоо керек, азапталган жаныбарга жакшы мамиле кылуу керек.

Мечитти булгаган куштар

Суроо: Көгүчкөндөр айылыбыздын мечитин булгап жатат.  Уя да салышыптыр. Өлтүрүү жаизби?

Жооп: Мечитти булгаган куштарды чыгаруу мүмкүн болбосо союп эти желет. Кыйынчылык туудурган жаныбарларды дайым өлтүрүүгө болот.

Капыстан байкабай өлтүрүп алуу

Суроо: Жаныбарларды отко күйгүзүү, сууга чөктүрүү күнөө болгондуктан эгин сугарып жатканыбызда жердеги түрдүү курт-кумурскалар сууга чөгүп өлүүдө. Өкүмү кандай?

Жооп: Максатыбыз курт-кумурскаларды жана башка жаныбарларды өлтүрүү эмес, эгин сугаруу болгондуктан эч нерсе болбойт. Ичинде кумурска бар болгон отунду жерге чаап, кагып анан жагуу жаиз. Ичинде биз көрбөгөн кумурска калып кетсе да эч нерсе болбойт. Биз кумурсканы эмес, отунду жагып жатабыз.

Кулактарын кесүү

Суроо: Козуларды жана жаныбарларды аралашып кетпесин деп, кулактарын кесип, ар түрдүү белгилерди жасоо ылайыктуубу?

Жооп: Ылайыктуу эмес. Кеспөө керек, боёк менен белги жасоо керек.

Өлгөн жаныбарды изилдөө

Суроо: Германияда биология мугалими болуп эмгектенем. Көзүн же башка мүчөлөрүн кесип, өлгөн жаныбардын үстүндө изилдөө жүргүзүү дин жагынан күнөөбү?

Жооп: Жок, күнөө эмес.

Короз уруштуруу, бокс жана цирк

Суроо: Короз, төө уруштуруу жана бука күрөштөрүн, бокс мелдештерин көрүү, циркке баруу күнөөбү? Дарчыларды көргөнгө баруу сыяктуу зоопаркка баруу да күнөө болобу?

Жооп: Короз, төө уруштуруу жана бука күрөштөрү жаныбарларды кыйноо болгондуктан күнөө. Бука күрөштөрүндө адам өлүшү да мүмкүн. Адамдарды уруштуруу да күнөө. Аврат жерлеринин ачык болуусу да бөлөк күнөө болууда. Бокста адамдын же жандуунун бетине уруу да күнөө. Циркте да негизи кооптуу номерлер, дарда, жип үстүндө басып ойноолор аткарылууда. Циркке баруу ушул сыяктуу номерлерди тасвип кылуу (туура деп билүү, колдоо) дегендик. Бул күнөө болгон нерселерди көрүү да күнөө, себеби, дин китептеринде айтылат: "Дарчы дардан жыгылып өлсө көрүп тургандар да күнөөгө кирет. Анткени, алар көрүүгө келбегенде дарчы кооптуу номерлерди аткармак эмес жана дардан кулап өлмөк эмес. Өлтүрүлгөн адам ажалы жеткендиктен өлгөн болсо да, өлтүрүлгөн же өлүмүнө себепкер болгон адам да жазасын тартат. (С. Абадиййа) 

Жапайы жаныбарларды капаска салуу, камоо, мисалы, бир арстанды, пилди же аюуну токойдон кармап алып келип, тар бир жерге камоо жаныбарга зулум болот. Аларды көрүү үчүн көрсөтүлгөн жерлерге барган адам бул зулумду колдогон болуп эсептелет. Эгер эч ким көрүүгө келбегенде, ал жаныбарлар да ошол жерлерге камалмак эмес. Алардын камалуусуна көрөрмандар себепкер болууда. Динибизде: "Күнөөгө себеп болуу күнөө кылуу сыяктуу”, - деп билдирилүүдө. Күнөө кылынган жерлерден сактануу керек.

Зыяны тийип жаткан кумурсканы өлтүрүү

Суроо: Адамга зыяндуу болгон бит, бүргө, чаян сыяктуу паразиттерди жана зыяны тийип жаткан кумурсканы өлтүрүү жаизби? Жаиз болсо кантип өлтүрүү керек?

Жооп: Бул маселеде "Барика” китебинде айтылат:

"Адамга жана азык-түлүктөргө зыян тийгизип жаткан кумурскаларды кыйнабай жана сууга чөктүрбөй өлтүрүү жаиз. Ичинде кумурска бар болгон отунду жерге чаап, кагып анан жагуу жаиз. Чычкан, бит, бүргө, чаян жана чегирткени ар убакта өлтүрүү жаиз. Битти тирүү бойдон жерге таштоо жана ар кандай жаныбарды күйгүзүү макрух. Зыяны тийип жаткан мышыкты, кутурган итти жана жырткыч жаныбарларды курч бычак менен мууздоо, атуу жана уулоо жаиз. Уруу жаиз эмес. Уруу тарбия үчүн болот. Жаныбарда акыл болбогондуктан тарбия кылынбайт. Өлтүрүү важип болгон паразиттерди башка чара табылбаганда отко күйгүзүп өлтүрүү жаиз болот.”

Суроо: Адамдарга зыяндуу болгон ар түрдүү жаныбарды өлтүрүү, жада калса, күйгүзүү жаизби?

Жооп: Битти, чаянды жана ар түрдүү курт-кумурсканы тирүү бойдон отко күйгүзүү жаиз эмес. Ичинде кумурска бар деп эсептелген отунду жерге чаап, кагып анан жагуу жаиз. Кутурган ит сыяктуу зыяндуу жаныбарларды кыйнабастан өлтүрүү жаиз. Башка чара табылбаганда күйгүзүү жаиз болот. Зыяны жок жаныбарларды өлтүрүү макрух.

Суроо: Жибек куртун алоодо ысытып, кайнаган сууга салып өлтүрүү жаизби?

Жооп: Жибек куртун өлтүрүү үчүн жибек пилласын күнгө коюу жаиз. Күн астында коюп өлтүрбөй алоодо ысытып, кайнак сууга салып өлтүрүүнүн жаиз эместиги Барикада жазылган.  

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш