Ислам дини » Халал-Харам » Пластикалык операция




Пластикалык операция


Суроо: Пластикалык операцияда жаиз болгон түрү кайсы?

ЖООП

Табигый болгон түрдү сулуулук максаты менен өзгөртүү жаиз эмес. Мисалы, мурду бираз чоң болгон киши аны кичирейтүү ниети менен өзгөртө албайт. Бирок, ар кимдин көзүнө урунган, жек көрүүнү пайда кылган бир абал бар болсо, жагымсыз бир абал бар болсо муну пластикалык операция менен оңдотуунун зыяны жок.

Суроо: Досумдун бир таанышы бар экен. Кичине кезинде мурду сыныптыр, кийин ал жаман көрүнгөн формада бүтүп калыптыр. Ал өзү үчүн бул абалын чоң маселе деп көрүп, түрүм суук деген сыяктуу нерселерди айта берет экен. Бул достун пластикалык операция кылдыруусу жаизби?

ЖООП

Эски абалына келтирүү же жагымсыздыкты кетирүү жаиз. Чоң мурунду кичирейтүү, чоң кулакты кичирейтүү сыяктуу нерселер жаиз эмес.

Суроо: Аял күйөөсү үчүн операция менен курсагын кичирейтсе жаизби?

ЖООП

Жаиз эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш