Ислам дини » Халал-Харам » Алтын, күмүш буюм колдонуу




Алтын, күмүш буюм колдонуу


Суроо: Аялдар алтын жана күмүш буюмдарды колдоно алышабы?

ЖООП

Аялдардын дагы алтын же күмүш буюм колдонуулары жаиз эмес, тахриман макрух. Аялдар алтын жана күмүш кооздук тагына алышат, тагыраагы, билерик, сөйкө, моюн шуруларын, шакек тага алышат, бирок, алтын же күмүш буюм колдоно алышпайт. Мисалы, алтын же күмүш кашык вилка, бычак да колдоно алышпайт.

Суроо: Күмүш идишти метал менен каптатып колдонуу жаизби?

ЖООП

Жок.

Суроо: Күмүш чай табакты колдонуу жаизби?

ЖООП

Жок.

Суроо: Бир молдоке: «Алтынды кооздук үчүн колдонуу харам, бирок, буюм, аспап катары колдонуу жаиз», - деп саатынын алтындан жасалган чынжырын көрсөттү. Алтын буюм колдонуу жаизби?

ЖООП

Алтын жана күмүш идиш менен жеп-ичүү жана ар түрдүү колдонуу жаиз эмес. Алтын жана күмүш кашык, саат, калем, бычак жана буга окшош нерселерди колдонуу дагы ушундай жаиз эмес. Алтын менен күмүштү кооздук катары тагуу бир гана аялдарга халал. Эркектерге болсо харам болуп, бир гана күмүш шакек жана чөнтөк саатынын чынчырынын күмүштөн болуусу жаиз. Алтындан болсо харам. (Радд-ул Мухтар)

Суроо: Күмүш идиш менен сунулган таттууну алуу жаизби?

ЖООП

Күмүш идишти жеке колдонуу жаиз болбойт. Бирок, таттууну алуу менен күмүш жеке колдонулбагандыгы үчүн зыяны жок.

Суроо: Алтын же күмүш дубал саатты колдонуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Суроо: Алтын же күмүш кол саат колдонуу жаизби?

ЖООП

Жаиз эмес.

Суроо: Күмүш бычак менен майды нанга сүрүү жаизби?

ЖООП

Майды күмүш бычак менен нанга сүрүү жана бул нанды кол менен жесе жаиз. Күмүш бычакка май сүрүп бычакты жалоо жаиз болбойт.

Суроо: Күмүш чай кашык колдонуу жаизби?

ЖООП

Күмүш чай кашык менен чай аралаштыруу жаиз. Бирок, күмүш чай кашык менен же күмүш кашык менен жеп-ичүү, башкача айтканда, оозго алуу жаиз болбойт.

Суроо: Күмүш калем колдонуу жаизби?

ЖООП

Жаиз эмес.

Суроо: Мавлидде күмүш идиштен алаканга суу серпип, алаканды жүзгө, кийимге сүртүү жаизби?

ЖООП

Жаиз эмес.

Суроо: Оозго алтындан тиш жасатылабы?

ЖООП

Жасатылат. Зыяны болбойт.

Суроо: Эркектерге алтын харам. Бирок, кыйынчылыкты кетирүү үчүн бир Рашат алтын алып чөнтөгүнө салуу же майкасына тигип алуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз. Пайдалуу болгондугун аалымдар билдиришүүдө.

Суроо: Жаңы туулган бөбөккө алтын билерик тагуу харамбы?

ЖООП

Керексиз дагы, пайдасыз дагы болуп, жаиз эмес. Бирок, Машаллах деп жазылуу алтынды бөбөктүн жаздыгына же бешигине тигүү пайдалуу болот.

Алтын белги

Суроо: Эркектерге алтын белги тагуу жаизби?

ЖООП

Жок. Күмүш белги жаиз.

12 проба алтын

Суроо: «14 пробадан төмөнү алтын эмес» делүүдө. Жарымынан көбү алтын болсо алтын деп эсептелбейби?

ЖООП

Таза алтындын пробасы 24. Жарымынан, тагыраагы, 12 пробадан көбү алтын деп эсептелет. 14 пробадан төмөнүнө алтын делбөөсү базарда, мисалы, 13 проба алтын жок болгондугу үчүн. 12 проба табылат. Ошондуктан, ошондой делген болушу мүмкүн. Болбосо 12,5 проба болсо да алтын. Жибек, пахта аралаш кийимдер бар. Алардын да жарымынан көбү жибек болсо эркекке харам болот, азы жибек болсо макрух болот.

Алтын каптама

Суроо: Алтын суусуна матырылган саат же башка буюмду колдонуу жаизби?

ЖООП

Өтө жука ордунан сыйрылбай тургандай кылып жалатылган алтын же күмүш капталган буюмду жана идиштерди колдонуу жаиз. (С.Абадиййа)

Алтын жана күмүш идиш колдонуу

Суроо: Алтындан же күмүштөн өндүрүлгөн кесе жана табактардын колдонулуусунда зыян барбы?

Жооп: Аял жана эркектин алтын жана күмүш идиш менен жеп-ичүүсү, ар түрдө колдонуусу тахриман макрух. Алтын жана күмүш кашык, саат, калем, даарат кумганы, бычак, стул жана буга окшош нерселерди колдонуулары дагы ушундай. Буларды өз денеси үчүн колдонбостон башка жерде колдонуулары жаиз болот. Мисалы, майды, балды күмүш бычак менен нанга сүрүү жана бул нанды колу менен жесе жаиз. Алтын идиштеги дарыны башына төгүү харам. Бирок, андан алгач колуна төгүп, колундагыны башына сүрүү жаиз. Бирок, сууну жана дарыны колдонуу үчүн алдын ала бул идиштерге куюу жаиз эмес. Күмүш кеседен шорпону жыгач кашык менен алып ичүү жаиз болбойт. Себеби, кесе ансыз да кашык менен колдонулат. Күмүш идиштеги мазьды колго сыгып, кол менен башка сүртүү да ошондой. Кумгандагы сууну колго төгүп, жүздү жуу ушундай. Мавлиддерде күмүш идиштен алаканга розанын суусун серпип, алаканды жүзгө, кийимге сүрүү да ушундай жаиз эмес.

Суроо: Алтындан жана күмүштөн жасалган ар түрдүү кооздук буюмун аялдардын колдонууларында зыян барбы?

Жооп: Алтын менен күмүштү кооздук катары тагуу бир гана аялдарга халал. Бирок, буларды мисалы, манжасындагы шакекти махрам болбогон эркектерге көрсөтүүлөрү харам.

Алтын шакек кедейлерге болбойбу?

Суроо: Кээ бир адамдар: «Асхаб, тагыраагы алгачкы Мусулмандар кедей болгондуктары үчүн аларга алтын шакек тагуулары тыюу салынды. Бай болгондордун тагуулары болсо жаиз», - дешүүдө. Ушундай нерсе барбы, бул сөздөр туурабы?

Жооп: Минтип айткандардын бул сөздөрү эч бир негизге, далилге, булакка таянбайт. Расулуллах алейхиссалам эркектерге алтын шакекти тыюу салганда себебин да билдирген. Кедейлерге эмес ар бир эркекке тыюу салды. Эгер бир гана кедейлерге харам болгондо кедей аялдарга да харам болмок. Мындан башка бир гана алтынды эмес өтө арзан болгон башка металдардан да шакек тагынууну да тыюу салган. Ушуну да билдире кетели, күмүштөн башка шакектердин эркектерге тыюу салынуусу Мединадагы кезде болду. Асхабы кирамдын кедей болгондуктарын билдирген кабарлар болсо хижраттан мурда Меккедеги кезде эле. Бадр согушунда болгон үч жүздөн артык Сахабиден алтымыш төртү Мухажир болгондугуна караганда, Меккеде ыйманга келгендердин саны жүздөн аз эле. Мединалык Ансардын кедей болгондору менен Мухажирлердин кедейлери Масжид-и Наби жанындагы Соффа делген чоң чатыр астында жашашып, илим үйрөнүү жана үйрөтүү менен алек болушуп, өмүрлөрүнүн көбү Расулуллах алейхиссалам менен бирге жихад кылуу менен өткөн. Булар Асхабы-ы соффа деп аталган. Сандары өзгөрүп турчу. Көбүнчө жетимиш киши болчу. Көбү шейит болушкан. Булардан башка бардык Асхаб бай эле. Араларында өтө бай болгондору да аз эмес эле. Бостан китебинде мындай делген:

«Зубайр бин Аввам хазреттери өлгөндө мурасчыларынын ар бирине кырк миң дирхам күмүш калды. Абдуррахман бин Авф хазреттери оорулугунда бошоткон аялына мурасынын жыйырма төрттө биринин берилүүсүн айткан эле. Буга сексен үч миң алтын берилди. Хазрети Талханын күнүмдүк кирешеси миң алтын эле.»

Булардын үчөө тең Жаннат менен сүйүнчүлөнүшкөн эле. Хазрети Османдын байлыгынын эсеби билинген эмес. Зекет, олжо жана соода себеби менен Мединада кедей киши калган эмес. Алтын шакектин тыюу салынуусун кедейликке байланыштырууну каалагандардын чириген жипке жармашып жаткандыктары айкын. Төрт мазхабда тең харам болгон бир нерсенин харам болгондугуна ишенүү зарыл. Өз мазхабынын харам дегенин өзгөртүүгө белсенип, аяти карималарга же хадиси шарифтерге башка маани берген адамдын мазхабсыз экендиги түшүнүлөт. Мазхабсыз болгон адам болсо же адашкан же ыйманын жоготкон болот.

Суроо: Күмүш кесе же табактан бир нерсе жеп-ичүүгө болобу?

Жооп: Күмүш кеседен шорпону жыгач кашык менен алып ичиш жаиз болбойт. Себеби, кесе ансыз да кашык менен колдонулат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш