Ислам дини » Халал-Харам » Адал азыктын мааниси




Адал азыктын мааниси


Суроо: Азыркы балдар эмне үчүн ойдогудай тарбияланылбай жатат?

ЖООП

Баланы адал азык менен багуу керек! Харам азык балага таасирин тийгизет, балада орунсуз иштердин пайда болуусуна себеп болот. Хадиси шарифте: «Жеп-ичкениңер адал, таза болсун! Балдарыңар булардан пайда болот», - деп буюрулду.

Балдарды ахлагы жок аялдарга да эмизбөө керек! Пайгамбарыбыз алейхиссалам акмак аялдарды дагы сүт эне кылууну, сүтүнүн жаман таасири боло тургандыгын билдирген. Бул жерден мусулман эмес аял сүт эне кылып жалданбайт деген маанини чыгарбоо керек! Себеби, фыкых аалымы Ибни Абидин хазреттери: «Капыр аялдын мусулман балага жана мусулман аялдын капыр балага сүт эне кылып жалдануусу жаиз», - деген. (Радд-ул Мухтар)

Ибрахим Атхам хазреттерине күнү-түнү ибадат кылган, важдга кирип өзүнөн кечкен бир жаш жигит тууралуу айтышты. Жаш жигиттин жанына барып үч күн конок болду. Өтө ажайып кызык абалдарды көрдү. Жаш жигиттин бул абалынын шайтандан болуп болбогондугун билгиси келди. Жегенине көз салды. Адал эмес эле. Бул абалдардын шайтандан болгондугун түшүндү. Жаш жигитти үйүнө чакырды. Жаш жигитке адал тамак берди. Жигиттеги мурдагы ашыктык жана кайрат калган жок. Мага эмне кылдыңыз деп сурады жаш жигит. Ибрахим Атхам хазреттери жигитке: «Сендеги абалдар шайтандан эле. Адал жегенде шайтан кире албады. Негизги абалың ортого чыкты», - деп буюрду. (Тазкиратул-авлия)

Харам тамак жеш көңүлдү карайтат, ооруга чалдыктырат. Зүннун Мысри хазреттери мындай деди:

«Көңүлдүн караюусунун төрт белгиси бар:

1-Ибадаттардын даамын сезбейт.

2-Аллах коркуусу эсине келбейт.

3-Көргөндөрүнөн ибрет албайт.

4-Окугандарын, үйрөнгөндөрүн түшүнө албайт.»

Мухаммед бин Фадл Балхи хазреттери дагы мындай деген:

«Көңүлдүн караюусуна 4 амал себеп болот:

1-Үйрөнгөнү менен амал кылбоо.

2-Билбестен кылуу.

3-Билбегендерин үйрөнбөө.

4-Башка бирөөнүн үйрөнүүсүнө кедерги болуу.»

Напси жаман каалоолордон [дин тыюу салган нерселерден] куткарылганда көңүл тазаланат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш