Ислам дини » Халал-Харам » Хына сүрүү




Хына сүрүү


Суроо: Хынанын мааниси кандай?

ЖООП

Хынанын мааниси хадиси шарифтерде мындайча билдирилүүдө:

«Хына сүргүлө. Себеби, сулуулугуңарды, жаштыгыңарды жана нике сүйүүңөрдү көбөйтөт.» [Абу Нуайм]

«Биринчи хына сүрүнгөн Ибрахим Пайгамбар. Кара менен биринчи боёнгон болсо Фираун.» [Дайлами]

«Күйөөсү өлгөн аял [иддети бүткөнгө чейин] кооз кийим кийбейт. Зыйнат дагы тагынбайт, хына сүрбөйт жана сурма тартпайт.» [Муслим]

«Боёнуунун эң жакшысы – хына менен болгону.» [Дайлами]

«Карылыгыңарды хына менен кетиргиле. Себеби, бул – жүзүңөр үчүн сулуулук, оозуңар үчүн жагымдуулук, аял үчүн кубат. Хына – Жаннат элинин жытынын сеййиди жана хына күфүр менен ыйманды ажыратат.» [И.Асакир]

«Ушулар Лут коомунун жаман ахлагынан: Эркектердин сагыз чайноосу, жол үстүндө мисвак колдонуу, ышкыруу, көгүчкөн менен ойноо, эркектердин манжаларына хына сүртүүлөрү, көкүрөгү ачык жүрүү.» [Дайлами]

«Хына менен боёнгула. Себеби, ал жыпар жыттуу жана коркууну кетирет.» [Хаким]

«Чачыңарды хыналагыла жана яхудилерге окшобогула!» [Ибни Адий]

«Сакалдарыңарды хыналагыла. Себеби, периштелер момундун хына сүрүнүүсүнө сүйүнөт.» [Ибни Адий]

«Пайгамбарыбыз алейхиссалам башы ооруган адамга «Барып хажамат кылдыр», буту ооруганга «Барып хына койдур» дешчү.» [Табарани]

«Расулуллахка вахий келгенде башы ооруп, башына хына койдурушчу.» [Ибни Сүнни]

«Денесинде бир жара болгондо үстүнө хына коюшчу эле.» [Ибни Мажа]

«Аялдын колунда хына тагы болуусун жактырышчу эле.» [Байхаки]

Аялдардын хына сүрүнүүлөрү

Суроо: Аялдар колдоруна хына сүрүп, чачтарын боёп же түрдүү дарылар менен чачтарынан түстөрүн ачтырышууда. Булар жаизби?

ЖООП

Баары жаиз. Бирок, чоочундарга көрсөтө алышпайт. Чоочун эркектерге көрсөтпөө шарты менен аялдын бардык жасануусу жаиз. Күйөө үчүн жасануу сүннөт, чоочун үчүн жасануу харам.

Эркектердин хына сүрүнүүлөрү

Суроо: Эркектин чач төгүлбөөсү же баш оорусу үчүн хына сүрүүсү жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз. Эмделүү максаты жок болсо жаиз болбойт.

Суроо: Хына гусулга, дааратка тоскоолбу?

ЖООП

Тоскоол эмес. Хына сыя сыяктуу, астына суу өткөрөт.

Суроо: Өлгөн аялдын башына хына сүрүү жаизби?

ЖООП

Ооба.

Кайрадан хына сүрүү

Суроо: «Хына сүрүлгөн колго кайрадан хына сүрүлсө адам эки жолу үйлөнөт» делет. Бул туурабы?

ЖООП

Жок, туура эмес, бузук ишеним. Эки жолу да, үч жолу да сүртсө болот. Күйөөсү өлгөн аял гана иддет мөөнөтүндө хына сүрбөйт. Бир хадиси шариф:

«Күйөөсү өлгөн аял [иддети бүткөнгө чейин] кооз кийим кийбейт. Зыйнат дагы тагынбайт, хына сүрбөйт жана сурма тартпайт.» [Муслим]

Дагы бир нерсе, хына кооздук, зыйнат. Аял хыналуу колун чоочун эркектерге көрсөтө албайт. Ошол абалда сыртка чыга албайт. Эркек болсо ансыз да зыйнат болгондугу үчүн хына сүрө албайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш