Ислам дини » Халал-Харам » Көз мончок




Көз мончок


Суроо: Көз мончок тагуу жаизби?

ЖООП

Ооба, жаиз.

Ибни Абидин хазреттери мындай деп буюрууда:

«Көз тийбөө үчүн талаага сөөк, чучила, айбандын баш сөөгүн коюу жаиз. Бир аял талаадагы эгинге көз тийбөөсү үчүн эмне кылуу керек экендигин сураганда Расулуллах: «Талаага айбандын башын ас», - деп буюрду. Аны караган адам биринчи муну көрүп, талаадагы эгинди болсо кийин көрөт.» [Радд-ул-Мухтар т-5, 232-275-беттер]

Бир гана көз мончок же айбандын башы назардын алдын албайт. Назардын алдын алган Аллаху таала. Караган адам алгач ушуларды көргөндө көздөрүнөн чыккан зыяндуу шоолалар ушуларга тиет. Назардын (көз тийүүнүн) чын экендиги аяти карима менен бышыкталган. Хадиси шарифте дагы «Назар хак» деп буюрулган. (Муслим)

Эркек балага

Суроо: Эркек балдарга дагы алтын назарлык тагуу жаизби?

ЖООП

Алтынды назарлык катары тагуу жаиз, кооздук катары тагуу жаиз эмес. Машаллах деп жазылуу алтынды баланын жаздыгына же бешигине тагуу же тигүү өтө жакшы болот. Назарлык болгондугу үчүн үстүнө да тагуу жаиз.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш