Суроо: Эмир (башчы) болгон бир киши мубах нерсеге тыюу салса же анын орундалуусун
буйрук кылса, мисалы «Тамеки тартпагыла, кофе ичпегиле!» десе, бул эмирге (буйрукка)
баш ийүү керекпи?
ЖООП
Барика китебинде: «Эмир мубах болгон бир нерсени буйрук
кылса буга баш ийүү шарт, себеби, эмирдин Ислам динине ылайык болгон буйруктарына
баш ийүү важиб болуп саналат», - делген. Бир хадиси шарифте: «Күнөөнү буйрук
кылмайынча эмирге баш ийүү важиб болуп саналат», - делген. (Байхаки)
Бул жердеги важиб – парз деген сөз. Ушул жагынан
бир нече хадиси шарифтин мааниси:
«Эмириңер силерге жакпаган бир нерсе кылса
да ага сабыр кылгыла! Анткени, жамааттан бир карыш болсо да бөлүнгөн адам жахилдик
өлүм менен (ыймансыз) өлгөн
болот.» (Бухари)
«Мага баш ийген адам Аллахка баш ийген
болот. Мага каршы чыккан адам болсо Аллахка каршы чыккан болот. Мен дайындаган
эмирге баш ийген адам мага баш ийген, ал эми ага каршы чыккан адам акыйкатта
мага каршы келген болот.» (Бухари)
«Хабаштан (Эфиопиядан) келген кул болсо да эмириңерге
баш ийгиле!» (Бухари)
«Колдору кесилген, майып болгон кул болсо
да эмириңерге баш ийгиле!» (Муслим)
Демек, эмир (падыша, башчы) кара тектүү, майып
жана кул болсо да баш ийүү зарыл, каршы чыгууга тыюу салынууда. Бир аяти
кариманын мааниси:
«Аллахка, пайгамбарга жана силерден болгон
эмирлерге баш ийгиле!» (Ниса
59)
Бул жердеги баш ийүү – мусулман эмирдин динге
ылайык эмирлери менен тыюу салгандарына моюн сунуу деген сөз. (Хадика)
Хабаши (кара тектүү) күң болгон Үммү Аймандын
баласы Усама бин Зейд 18 жашар кезинде бир топко башчы болгон эле. АтасыЗейд бин Хариса да кул болгон. Хижраттын сегизинчи жылы Шам калаасынын
жанында Мута деп аталган жерде Рим аскери менен согушкан кезде Ислам аскеринин
кол башчысы болду. Курани каримде аты аталган жалгыз сахаба ушул киши.
Хазрети Абу Бакр халифа кезинде: «Расулуллах
силерди Усаманын башкаруусу менен согушка жиберген эле. Эми кайрадан анын
башкаруусу менен согушка барууга даярдангыла!» - деди. Ал кезде Усама 22
жашта эле. Кээ бир адамдар: «Душмандар Мединага келип, халифаны өлтүрүүсү
мүмкүн. Усаманы алмаштырсаңыз кандай болот?» - дешти. Хазрети Абу Бакр: «Расулуллах
тандаган кол башчыны алмаштыра албаймын», - деди. Усама аттын үстүндө,
халифа жана сахабалар жөө басып, Мединанын сыртына чыгышты. Халифа сахабалары
менен коштошкон кезде: «Силерге айтар биринчи насаатым – эмириңер Усамага
баш ийгиле!» - деди.
Хазрети Усама Хузаа тайпасына барып, муртаддарды
өлтүрдү. Кырк күндөн кийин Мединага жеңиш менен кайтып келди.
Демек, эмир (башчы) болгон адам жаш жана кул болсо
да ага моюн сунуу шарт. Антпесе, ага көрсөтүлчү ишенимсиздик, баш ийбестик
негизинде аны өкүл кылган, дайындаган адамга кылынган болот.
Султан IV Мурат хан тамеки тартууга тыюу салган
кезде Исмаил Хаккы Бурсави хазреттери: «Тамеки тартуу харам», - деген
эле. Ошондой эле, ошол заманда өмүр сүргөн Шарнблали хазреттери дагы: «Халифа
мубахтарга тыюу сала турган болсо харам болот», - деген.
Султан бир мубахка тыюу салса ага моюн сунуу
важиб, башкача айтканда, парз болот. (Барика 103 б.)
Шафии аалымдарынан Нажмеддин Газзи: «Султан
тыюу салган болсо, тамеки тартуу харам болот. Уланта бере турган болсо чоң
күнөө болот», - деген. (Дуррул мухтар 5 б.)
Демек, халифа же мусулман эмир мубах бир ишке тыюу
сала турган болсо, ал ишти кылуу харам болот.