Ислам дини » Халал-Харам » Эмодзилер тууралуу




Эмодзилер тууралуу


Суроо: WhatsApp тармагында колдонулган «эмодзи» же «смайлик» делген белгилер тууралуу досум жөнөткөн мына бул кат туурабы?

Булар Яхудилер жана Христиандар колдонгон символдор:

Абайлагыла, буларды колдонбогула. Себеби, «Кайсы топтун салтын, адаттарын көбөйтүп жайылтсаңар ошолордон болосуңар» делген хадиси шарифинде билдирилген коркунучка тап болосуңар. Ар бир кылган нерсебизге, ар бир жегенибизге, ар бир кийген нерселерибиздин үстүндөгү белгилерге көңүл бөлөлү. Алар биздин мына ушул көңүл коштугубуздан пайдаланышууда. Силер дагы бул катты башкаларга жөнөткүлө.

ЖООП

Жок, бул катты жөнөтүү ылайык эмес. Айрыкча, хадиси шарифти дагы өзгөртүшкөн. Туурасы «Бир коомго окшогон ошолордон болот», - делген. Бул жердеги окшоо – ибадаттарда окшоо. Кийим кече менен, салттар менен байланыштуу нерселерде окшоо күнөө эмес. Смайлик же ачууланууну билдирген белгини колдонуу күнөө эмес. Жаман болбогон адаттарда гайримуслимдерге окшоо күнөө болбойт. Ибадаттар гайримуслимдерге окшоо кээ бир жерлерде макрух, кээ бир жерлерде харам, кээ бир жерлерде күфүр болот. Мисалы, крест, зуннар тагынган адам ыймансыз болот.  Бирок, гайримуслимдин кийимин кийүү, чач узартуу, алар колдонгон кашык, вилка, табактарды колдонуу, смайлик белгисин колдонуу күнөө болбойт. Себеби, булар адат. Демек, алар колдонгон ар нерсени харам же күфүр деп айтуу жаңылыш. Ал белгилердин ичинде крест же чиркөө белгиси да бар. Ушундай диний символдорду мажбур болуп калмайынча колдонуу албетте ылайык болбойт.

Бул жана буга окшош каттарды тиге-буга жөнөтүү бир канча жаңылыштыктарга жана фитналарга себеп болот. Амри маруф кылуу өтө назик жумуш, бул ишти буга жоопкер, адис болгон адамдар жасалашат. Калгандарынын милдети бир гана туура китептерди берүү жана башка эч бир нерсеге аралашпоо болуп саналат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш