Ислам дини » Халал-Харам » Азыктарда этияттык




Азыктарда этияттык


Суроо: Күн сайын бир пикир пайда болууда. Кээ бир фирмалардын кирешелери яхудилерге кетип жатат, булардын продукцияларын колдонуу харам болот делгендей эле, колаларда чычкандын өлүгү колдонулат экен деп да айтылган эле. Кийин курттан алынган заттын пайдаланылгандыгы айтылды. Азыр болсо нандарда чочко майынан алынган бир зат бар экендиги айтылууда. Буларды жеп-ичүү чындыгында харамбы?

ЖООП

Динибизде гайримуслимдер менен алышып-беришүү тыюу салынган эмес. Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы кылган.

Гайримуслимдер мусулмандардан тапкан пайда менен мусулмандарга зыян болгон иштерди кылышы мүмкүн, Исламиятка каршы карикатураларды жасашы мүмкүн, атүгүл, мусулмандарга кол салуулары да мүмкүн. Буларга карап алардын продукцияларын колдонууну харам деп айтылбайт.

Азыркы күндө жеген же колдонгон ар продукциянын гайримуслим фирмасы менен байланышы бар. Сырьёсу же бир бөлүгү ошолордуку же болбосо ошол жерде өндүрүлгөн. Эгер буларга этибар кылына турган болсо дээрлик ар нерсеге харам делген болот. Мындай кептерге этибар бербөө керек.

Ислам аалымдары мусулмандарды кыйынчылыкка кириптер кылууну да фитнага кошушкан. Тагыраагы, мусулмандарды күмөнгө, кыйынчылыкка киргизүү, тынчсыздандыруу фитна болот.

Динибиз азыктардын таза же нажис экендигин изилдөө керек эместигин билдирүүдө. Имам Раббани хазреттери мындай деп буюрууда: «Капырлардын тамак-аштарынан сактануу этият эмес, бул абалдан кутулуу этият.» (3/22)

Тазалыкта тыкыр мамиле кылуу да тыюу салынган. 99% болсо да 100% анык билбестен тамак-аштарыбызда нажасат бар деп айтуу өтө жаңылыш. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

«Бир заман келет, адамдар тазалыкта ашыкча кыймылдап, [васвасага түшүп] динде чектен чыгышат.» [Абу давуд]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш