Суроо: Эстетикалык (пластикалык) операцияда жаиз болгон түрү кайсы?
ЖООП
Табигый болгон келбетти сулуулук максаты менен өзгөртүү жаиз эмес. Мисалы, муруну бираз чоң болгон киши кичирейтүү ниети менен өзгөртө албайт. Бирок, ар кимдин көңүлүн оодарган, жийиркенич пайда кылган бир жагдай бар болсо, жагымсыз бир жагдай бар болсо муну эстетикалык операция менен түздөөдө зыян жок.
Суроо: Досумун бир таанышы бар экен, кичине кезинде мурду сынып, жаман көрүнүштө бүтүп калыптыр. Өзү дагы муну маселе кылып, кебетем суук деген сыяктуу нерселерди айта берет экен. Бул достун эстетикалык операция кылдыруусу жаизби?
ЖООП
Эски абалына келтирүү же жагымсыздыкты кетирүү жаиз. Чоң мурунду кичирейтүү, чоң кулакты кичирейтүү сыяктуу нерселер жаиз эмес.
Суроо: Аял күйөөсү үчүн операция менен курсагын кичирейтсе жаизби?
ЖООП
Жаиз эмес.