Тамекинин курамында эң зыяндуу никотин деген зат бар. Никотиндин бир тамчыдан азы адамды өлтүрөт. Бир тамекинин ичиндеги никотин тери астына сайыла турган болсо эки адамды өлтүрөт. Тамеки түтүнүндө никотинден башка көптөгөн уулуу заттар бар. Мисалы, бир тамеки түтүнүндө 1мг циан кислотасы, 5% көмүртек кычкылы, аммиак, 1,5% күкүрт суутеги бар.
Тамики күйүп жатканда никотиндин 25% жок кылынат. Анын 30% түтүн менен абага кетет. 45% тамекинин ичинен оозго тартылса дагы, анын үчтө экиси суюк түрүндө тамекинин муздак бөлүгүндө калып, оозго тамеки курамындагы никотиндин 15% гана кирет. Оозго кирген никотиндин маанилүү бөлүгү шилекей аркылуу ашказанга барып, ашказандын бөлүп чыгаруусун азайтып, табитти жок кылат. Никотин ооз жана ашказан кабыкчаларында канга аралашат. Кан менен айланган никотин бөйрөк үстүндөгү бездерди дүүлүктүрүп, адреналиндин бөлүнүп чыгышы артып, кан басым жогорулап, тери тамырлары кысылып, түсү өчүп, диареяны пайда кылат. Өт жолдорун кысып тургандыктан, өтү жана боору начар адамдар тамекинин ашыкчасына чыдай алышпайт.
45 жашка чейинки эркектерде жүрөктүн ишемиялык оорусунан каза болгондордун 80% тамеки тарткандар. Тамеки тарткандарда өпкө рагы тамеки тартпагандарга караганда 15 эсе көп. Өпкө рагына кабылган оорулардын 94% тамеки тарткандар экени аныкталды. Тамеки тартпаган аялдарда тукумсуздук 3,8% түзсө, тамеки тарткандарда бул көрсөткүч 41% түзөт. Күнүнө бир куту тамеки тартылган үйлөрдө жашаган балдар да күнүнө 5 тамеки тарткандай болушаары аныкталган. Тамекинин түтүнүн тартып кайра чыгарган кезде адам айлана-чөйрөнү түтүн менен бирге 70 мг күйгөн зат жана 25 мг көмүр кычкыл газын чыгарып айлананы ууландырууда.
Буттарында кан тамырлары окклюзиясы бар адамдардын 90% тамеки тарткандар экени илимий чындык. Тамеки тарткан адам менен тамекиден булганган аба менен дем алган адамдын арасында пайда болгон зыяндын айырмасы аз. Тамеки тартылган жерде турган адам тамекинин 70% зыянына дуушар болот. Кош бойлуулукка чейин жана кош бойлуу кезинде да тамеки чеккен жана алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү уланткан ата-энелер балдарынын өмүрлөрүнө коркунуч туудурган болот. Ошондуктан, мүмкүнчүлүктүн барынча биринчи кезекте тамекини таштоого аракет кылыш керек.
Тамекини таштоо үчүн
1- Тамекини таштоо үчүн так чечим чыгарып, эрк күчүн акырына чейин колдонуу керек.
2- Тамекини дароо таштаңыз! Анткени, тажрыйба көрсөткөндөй, дароо таштоо жакшы жыйынтыгын берет. Дароо таштай албаган адам акырындап ташташы керек.
3- Биринчиден, тамеки тарткан жана тамеки тартууга түрткөн адамдардан узак болууга аракет кылыңыз! (Кофе дүкөнү жана оюн аянтчалары ж. б.)
4- Тамеки чеккендерден жана тамеки чегүүнү эстеткен нерселерден алыс болуңуз. (Тамеки кутусу, ширеңке сыяктуу.)
5- Тамеки тартуу каалоосун ойготкон тамак-аштардан жана суусундуктардан алыс болуңуз.
6- Көбүнчө жашылча-жемиштерди жана ширелүү тамактарды тандаңыз.
7- Тамеки тартууга болгон каалоо күчөгөндө бир стакан суу ичиңиз.
8- Пландуу, тартиптүү жана жигердүү жашоо образын кабыл алыңыз!
9- Сизди стресске кабылта турган маселелерден жана талаш-тартыштан алыс болуңуз!
10- Бош убактыңызды пайдалуу иштер жана ачык абада сейилдөө менен өткөрүңүз.
11- Мүмкүн болсо бир нече досторуңуз менен бирге таштаңыз!
12- Тамекини таштагандан кийин, күн сайын ден-соолукка тийгизген терс таасирлерин эстеп, өзүңүзгө болгон ишенимди бекемдешиңиз керек!
13- Ал ортодо, ашыкча салмак кошуу коркунучу бар болсо, шекердүү, туздуу, ундуу, крахмалдуу жана майлуулугу жогору тамактардан алыс болушу керек.
14- Нервдерди чыңдоо жана физикалык күчтү жогорулатуу үчүн В витаминине бай болгон азыктарды тандаңыз!
15- Түнкү жашоодон узак болуу керек!
16- "Бир тамекиден эмне болмок эле?" деген сыяктуу алдамчы сунуштарга алданбаңыз. Ушул бир тамеки бул жолдогу бардык аракеттериңизди бузушу мүмкүн экендигин унутпаңыз!
17- Азыр айрым дары-дармектер бар. Тамекини таштоодо алардын ролу чоң.