Жапайы жемиштердин бардыгы жаиз. Аяти каримада жана хадиси шарифтерде булардын халал экендиги ачык билдирилүүдө. Курани каримде мындай делген: "Аллахтын кулдары үчүн жараткан, жерден чыгарган кооз жана таза ырыскыларды ким арам кыла алат?” (Араф 32)
"Жердеги болгон бардык нерсени силердин муктаждыгыңарды камсыздоо үчүн жараттым”. (Бакара 29)
Барика китебиндеги хадиси шарифте: Аллаху таала: "Эй, Адам уулдары силерди өзүм үчүн жараттым. Жандуу жана жансыз бардык нерсени силер үчүн жараттым”, - деген.
Демек жапайы жемиштер да, жапайы жаныбарлар да адам баласы үчүн жаратылган.
Эч ким Курани каримде билдирилгендей Аллаху тааланын халал кылганын харам кыла албайт. Кичине балык чоң балыктын жеми боло алат. Бир жейрен арстандын насиби болот. Бир коён бир жаныбардын ырыскысы болот. Бирок, булар дагы адамдардын ырыскысы болууда. Тоодо өскөн жемиштерди, чөптөрдү жаныбарлардын жешине тыюу салуу динибизге каршы нерсе. Бул жаатта накыл кылынбаган, өз оюнан жазылган китептерди окуу туура эмес. Эгер баланча аалымдын китебинде мындай жазылган деп накыл кылынбаса, ал туура жазылган китеп эмес.