Ислам дини » Халал-Харам » Чочконун териси дагы нажис (таза эмес)




Чочконун териси дагы нажис (таза эмес)


Суроо: Айрымдар: "Чочконун эти гана арам, анын майы, териси жана калган бөлүктөрү арам эмес. Ошондой эле, "Жаныбардын териси ийленгенде таза болот” хадисинин негизинде чочконун териси дагы ийленгенде таза, кийим, бел кур, капчык жасаса болот жана ошол теринин үстүндө намаз окууга болот”, - деп жатышат. "Чочконун териси ийленгенде дагы таза болбойбу?

ЖООП: Чочконун эти гана кир, майы, териси жана калгандары таза болобу? Аяти каримада "Чочконун заарасы арам” деген эч кандай сөз жок деп, чочконун заарасы дагы таза деп кабыл алынабы? Мындай сөздөрдү дин душмандары айтып жатышат.

Чочконун бардык нерсеси арам, териси ийленгенде дагы таза болбойт. Адатта, бардык нерседе бөтөнчөлүк болот. Бөтөнчөлүк эрежени бузбайт. Бир нече мисал келтирели:

1 - Бардык мужизалар макулук (жаратылган), бирок, Курани карим бөтөнчөлүк, макулук болбогон мужиза.

2 - Ар бир адам бир эне жана атадан төрөлөт, бирок, Хазрети Адам ата-энесиз дүнүйөгө келген.

3 - Хазрети Иса дагы атасыз жаратылган.

4 - Аяти каримада Тозокто капырлардын азаптарынын эч качан жеңилдебей тургандыгы билдирилүүдө. Бирок, Абу Лахаб Расулуллахтын төрөлгөндүгү жөнүндө сүйүнчүлөгөн күңүн кубанганынан бошоткон эле. Ошондуктан, жыл сайын ошол түнү анын азабы жеңилдейт.

5 - Курани каримде: "Майта жана кан силерге арам кылынды”, - деп айтылууда. (Маида 3) Майта (тарп) – мууздалбастан өлтүрүлгөн жаныбар дегендик. Хадиси шарифте: "Силерге эки майта жана эки кан адал кылынды. Эки майта – балык менен чегиртке. Эки кан болсо - боор жана көк боор”, - деп айтылган. (Ибни Мажа)

Демек, мууздалбаса дагы балык, бир кан болсо дагы көк боор желет.   

6 - Эгер бир аял менен эркек жанаша жамаат менен намаз окуса эркектин намазы бузулат. Бирок, Каабада бузулбайт. Бул Каабага гана таандык болгон бөтөнчөлүк.

7 – Мусулман жана кедей болуу шарты менен бир окуучуга зекет берилет. Бай окуучулардын бири бөтөнчөлүк. Жами-ул-Фатавада билдирилген хадиси шарифте: "Илим үйрөнүп жаткан адамдын кырк жылдык нафакасы болсо дагы, ага зекет берүү жаиз”, деп айтылган. (Радд-ул мухтар)

8 – Мусулман аял чач жана колдорун ача албайт. Күң андай эмес, ага арам эмес.

9 – Иттер акыретте топурак болушат. Бөтөнчөлүк катары Кытмир деп аталган ит Бейишке кирет.

10 – Ар бир адам мурас укугуна ээ. Бирок, капыр болсо, анда мурас ала албайт. Бир хадиси шарифтин мааниси: "[Өтө жакын болсо дагы] Мусулман адам капырга, капыр болсо мусулманга мурасчы боло албайт.” [Бухари] "Мисалы, мусулман эмес бир аялдын күйөөсү мусулман болсо анда мурас ала албайт. Эгер мусулман бир атанын уулу муртад болсо мурас укугуна ээ боло албайт.”

Булар бөтөнчөлүк болгондой эле, ийленген терилер таза болуусуна карабастан чочконун териси бөтөнчөлүк. Диний китептерде айтылат:

Чочконун, жыландын, чычкандын жана адамдын териси ийлөө менен таза болбойт. (Радд-ул мухтар)

Чочко менен жыландын териси ийленсе дагы таза болбойт. (Халеби, Хидайа, Хиндиййа)

Имам Азам: "Чочконун териси ийленсе дагы таза болбойт”, - деди. (Мизан-ул-кубра)

Жыландын териси менен чочконун териси ийлөө аркылуу таза болбойт. (Мазахиб-ил Арбаа)

Доңуздун (чочконун) териси ийлөө аркылуу таза болбойт. (Нимат-и Ислам)

Шафииде иттин жана чочконун терилери ийлөө менен таза болбойт. (Мисбах-ун-нажат)

Чочконун териси ийлөө менен таза болбойт. (Чоң Ислам Илмихали)

Зайдиййа агымындагы мазхабсыз Шавкани: "Чочконун териси дагы ийленгенде таза болот”, - деген болсо да, анын сөзү Ахли сүннөт мусулмандар үчүн далил боло албайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш