Ислам дини » Халал-Харам » Чай, кофе пайдалуу, тамеки зыяндуу




Чай, кофе пайдалуу, тамеки зыяндуу


Суроо: Бир тасаввуф китебинде: "Кофе, тамеки, томбеки (тамекинин бир түрү), марихуана (кара куурай) шараптан да жаман. Себеби, шараптан кырк күндө кутулуу мүмкүн, ал эми калгандарынан кутулуу өтө кыйын”, - деп жазылууда. Кофе, тамеки шараптан кантип жаман болушу мүмкүн?

ЖООП: Китептеги сөздөрдө накыл катасы болушу ыктымал. Стамбул университетинин басылмаларынан алынган "Азык-түлүк Химиясы” китебинде мындай деп айтылат: "Чайдагы теин (кофеин) менен илгери өзүнчө алкалоид деп эсептелген кофеиндин бирдей экени аныкталды. Чайдын курамында 2,5-3%, жана кофеде болсо 1,3% деңгээлинде кофеин бар.

Кофеин зээнди ачат, кан айланууну арттырат, денени жылытып, чарчоону басат, тамак сиңирүүнү жеңилдетет. Ашыкчасы нерв системасына таасир этет. Атүгүл, жүрөк ооруларына, нервдери начар адамдарга жана жаш балдарга аз өлчөмдөгү кофе дагы терс таасирин тийгизиши мүмкүн.) [658-бет]

Чайдагы кофеин кофедегиге караганда эки эсе көп. Эгерде кофедеги кофеинге арам деп айтылса, анда чайдагыга да арам деп айтуу керек. Көбү зыян келтирген нерсенин зыян келтирүүчү көлөмүн колдонбоо зарыл! Денеге зыян келтире тургандай көп тамак жеш да арам. Айрым азыктар кээ бир оорулууларга зыяндуу. Денеге зыян келтирери белгилүү болгон нерселерди колдонуу туура эмес. Эгерде көп кофе жана чай бирөөгө зыян келтирип жаткан болсо, анда азыраак ичүү керек. Азы да зыяндуу болуп жатса, анда такыр ичпөө керек! Оорулууга арам болгон бир нерсе дени сак адамга да арам деп айтылбайт. Имам Мунави хазреттери Жамиус-сагир шархында кофе ичүүнүн арам жана макрух эмес экендигин билдирген. (Хадика 143-бет)

Эгерде чай менен кофедеги кофеин, тамекидеги никотин ашыкча алынса, албетте зыяндуу болот. Көбү зыян келтирген мубах бир нерсенин, зыян келтирбеген аз өлчөмүнүн колдонулушу арам эмес. Алкоголдук ичкиликтердин болсо эч кандай зыян келтирбесе дагы бир тамчысы да арам. Имам Навави хазреттери мындай дейт: "Суюк ичкиликтердин азы дагы арам. Марихуананын мас кылбай турган көлөмүн дары катары колдонуу жаиз (уруксат берилет)”. (Мухаззаб)

Апийимдин да мас кылбаган аз өлчөмү арам эмес. (Фатх-ур-рахим 30-бет)

Ибни Хажар Мекки хазреттери айтат: "Апийим жана башка уулуу чөптөрдүн алынган көп өлчөмү арам, бирок, аз өлчөмүн дары катары колдонуу жаиз.” (Заважир)

Баңги заты болгон бенж чөбү (меңдубана) мубах. Аны менен мас болуу арам. (Дурр-ул Мухтар 3-том, 166-бет)

Ибни Абидин хазреттери муну түшүндүрүүдө мындай дейт:

"Бенж чөбүн дары катары колдонуу жаиз. Мас кылуучу өлчөмү жаиз эмес. "Көбү мас кылган нерсенин азы да арам болот” хадиси шарифи суюк ичкиликтерге таандык. Уулуу өсүмдүктөрдү жана мас кылуучу катуу дарыларды аз өлчөмдө колдонуу арам болбойт.” (Радд-ул Мухтар 5-том, 295-бет)

Али Ажхури хазреттери: "Эгерде тамеки чегүү акыл-эсти кетирсе же нафаканы камсыз кылуудан баш тартууга себеп болсо арам болот. Эгер андай жагдай болбосо арам болбойт”, - деп айткан. (Гайат-ул-байан)

Тамеки - мубах. (Ассулх-у байнал-ихван, Ал-укудуддурриййа, Тахтави, Барика)

Бурсалы Исмаил Хаккы хазреттери жазган алгачкы китептеринде тамекиге арам деп жаткан эле. Себеби, ошол мезгилдин паадышасы тарабынан тамекиге тыюу салынып, тамеки чеккендер жазаланып жаткан эле.

Тамекиге  ысырап жагынан бир да аалым арам деп айткан эмес. Кедейдин суунун ордуна суусундуктарды ичүүсү ысырап, бирок, көнүп калгандыктан чай, кофе ичүүсү же тамеки тартуусу ысырап болбойт.

Шафии аалымдарынын көпчүлүгү тамекиге танзихан макрух деп айтышкан. Ханафиде бул пияз жана сарымсак сыяктуу танзихан макрух. (Тахтави)

Эгер улуу бир аалым мубах болгон бир нерсеге тыюу салса, анын шакирттеринин моюн сунуп, ошол нерсени колдонбоолору зарыл. Бирок, бул баарына тиешелүү эмес.

 

Тамекинин кээ бир зыяндары

 

45 жашка чейинкилердин арасында жүрөктүн ишемиялык оорусунан каза болгондордун 80% тамекиге өтө берилгендер.

Тамеки чеккендерде өпкө рагы чекпегендерге караганда 15 эсе көп кездешет.

Өпкө рагына чалдыккандардын 94% тамекиге өтө берилгендер экени аныкталган.

Тамеки чекпеген аялдарда тукумсуздук 3,8%, тамеки чеккендерде 41,8%.

Күнүнө бир куту тамеки тарткан үйдөгү балдар да күнүнө 5 даана тамеки чеккендей таасир алышат.

Өзгөчө кош бойлуу жана бала эмизген мезгилде тамеки тартууну жана алкоголдуу ичкиликтерди ичүүнү уланткан ата-энелер балдарынын өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн.

 

Алкоголсуз суусундуктар жана кола ичүү

 

Суроо: Бир автор "Мамлекет стандарттарына ылайык өлкөдө өндүрүлгөн газдалган суусундуктардын курамында литринде болжол менен 5 грамм этил спирти кошууга уруксат берилгенин айтуу аркылуу базардагы газдалган суусундуктардын жана колалардын көпчүлүгүндө алкоголь кездешет деген ойду пайда кылууда. Суусундук ичкен мусулмандарга гедонизмдин [өзүнө лаззат берген нерсенин] кулу деп акаарат келтирүүдө. Базарда алкоголсуз газдалган суусундук жана кола жокпу? Бар болгон алкоголсуз суусундуктарды ичүүгө диний каршылык барбы?

ЖООП: Имам Газали хазреттери мындай дейт:

Аллаху таала "Абсолюттук түрдө нажис болбогон жана таза болгон нерсени жегиле” деп жаткан жок. "Өзүңөр нажис экенин билбеген жана таза деп эсептеген азыктарды жегиле” деп буюрууда. Эгер "Абсолюттук түрдө нажис болбогон нерсени жегиле” деп буюрганда бул өтө кыйын, ал тургай мүмкүн эмес болмок. Арам болбогон, бирок, күмөндүү болгон нерселерден да сактануу керек! Бирок, тамак-аш жана суусундуктарга күмөн санап, жебей коюу такыбаа эмес, васваса. Расулуллах алейхиссалам бир мушриктин, Хазрети Омар болсо бир христиандын идишинен даарат алган. Кутман сахабалар мусулман эместер берген суудан ичишчү. Ал эми, ыпылас жана нажис болгон нерселерди жеш арам. Капырлар болсо көп учурда таза эмес болушат. Алардын колдору жана идиштери шараптуу болот. Жаныбарды Бисмиллахсыз союшат. Кутман сахабалар ушулардын баарына карабастан, нажис экенин анык билишпегендиктен, васваса кылбастан эт, сүт жана сыр сыяктуу азыктарды алып жешчү. (Ихйа)

Имам Раббани хазреттери айтат:

Капырлардын денелери эмес, алардын ишенимдери таза эмес. Курани каримде: "Китеп ээлери [яхудилер жана христиандардын] бышыргандарын [жана союшкандарын] жеш адал”, - деп айтылган. Капырлар менен соода кылган мусулмандарды таза эмес деп эсептебеш керек жана алардын азык-түлүк жана суусундуктарынан сактанбоо керек! Бул абал этияттык эмес, бул абалдан кутулуу этияттык. (3/22)

Имам Касталани мындай деди:

Расулуллах Хайбарда бир яхудинин уулуу кебабын бир тиштеп жегенден кийин: "Бул эт уулуу экенин айтты”, - деп, башка жеген жок жана акыркы оорусунда: "Мен Хайбарда жеген уулуу эттин оорусун сезип жатам”, - деди. (Мавахиб)

Расулуллах бир яхудинин нанын жана майлуу тамагын жеди. Бул чочконун майыбы же койдун майыбы? Камырды суу менен жуурушканбы же шарап мененби?” – деп сураган жок. Мушрик аялдын суу идишинен даарат алды. Булар изилдөөнүн зарылдыгы жок экендигин көрсөтүп турат. (Барика)

Кандайдыр бир нерсенин адал болушу үчүн далил изделбейт, арам болушу үчүн далил изденет. Эгер нажис экендигине бир далил жок болсо ал таза деп эсептелет. (Усул-и Пездеви)

Колбасага, алкоголсуз суусундуктарга жана башка тамак-аш азыктарына нажасат кошулса, бирок,  кошулгандыгы билинбесе, аны жеш жаиз болот. Кошулуп жаткан имиш же кошулуусуна уруксат берилип жаткан имиш деп айтуу менен, болжолдоо менен арам болбойт. (Эшбах)

Алкоголсуз суусундуктарга кошулган аромат спиртте эритилиши ыктымал. Бирок, бул белгисиз болсо, ал таза деп эсептелет. Атүгүл, муктаждык болгондо даярдалган аралашмалардагы эки заттын бири таза болсо жана нажистин ордуна тазасын колдонууда хараж (кыйынчылык) бар болсо, ал аралашма таза деп эсептелет. Шафииде нажис суюктукту [мисалы, алкоголду] дары-дармектер жана парфюмерия үчүн  колдонуу кечирилген. (Мазахиб-и эрбе, Ал-мафуват)

Нажис майлардан самын жасалганда, шарап уксуска айланганда таза болот. Бардык химиялык өзгөрүүлөр ушундай.

Чай, кофе жана алкоголсуз суусундуктарды жактырган адамды гедонист кул деп атоого болобу? Пайгамбарыбыз алейхиссалам муздак суусундуктарды жактырчу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш