Суроо: Тооктун тоюттарына кан аралаштырылгандыгы айтылып жатат. Ошол тоютту жеген тоокторду жеген жаизби?
ЖООП: Динибизде көрбөй туруп так өкүм чыгаруу жаиз эмес. Аны көрүп же адил бир мусулмандын айтуусу менен белгилүү болот. Бирок, сураштырып изилдөөнүн кажети
жок. Айрымдарында куулук жасалгандыгы көрүлгөндө, калган бардыгында да куулук жасалгандыгын так кесе айтууга болбойт. Бир тооктун нажасат жегендиги так белгилүү
болгондо, ошол тоок өзүнчө
жерге үч күн кармалат. Үч күндүн ичинде тооктун ичиндеги
нажасат химиялык
өзгөрүүгө дуушар болот. Үч күндөн кийин ошол тоокту жеген адал болот.
Шарап дагы уксуска айланганда таза
болот. Нажасаттуу майлар, анын ичинде чочконун майы самын жасалганда таза
болот. Бардык химиялык өзгөрүүлөр ушундай. (Радд-ул-мухтар, С.
Абадиййа)
Суроо: Жүнү оңой жулунушу үчүн союлган тооктор ысык сууга салынууда. Мындай
тоокторду жеген жаизби?
ЖООП: Жарылбастан кайнак сууга салынса нажис болот. Жегенге арам болот. Эгер ичи
жарылып, жуулуп, тазалагандан кийин кайнак сууга салынса, жүндөрүнө нажасат
жукпаган болсо, жегенге адал болот. "Абуссууд Мырза Фатвасы”
Кайнабаган ысык сууга салынган
ичи тазаланбаган тооктун териси гана нажис болот. Мындай тооктун ичи
тазалангандан кийин үч жолу муздак суу менен жуулганда бардык жери таза болот.
Ичеги дагы ушинтип 3 жолу жуулганда таза болот. (Радд-ул-мухтар)
Кантип союлгандыгы, кантип
кайнатылгандыгы, нажис экендиги так билинбесе аны жеген күнөө болбойт. (Эшбах)
Суроо: Угушума караганда, кээ бир касапканаларда бычактын үстүнө бисмиллах
жаздырып, ошол бычактар менен союшат экен. Айрым жерлерде болсо алар станокко
бисмиллах сөзүн жазып алышкан экен. Айрым жерлерде эртең менен бир жолу
бисмиллах айтуу жетиштүү деп айтылат экен. Ошентип союлган тоокторду жана башка
жаныбарларды жегенге болобу?
ЖООП: Бардык диний китептерде ар бир жаныбар үчүн бөлөк-бөлөк бисмиллах айтылууга
тийиш экендиги билдирилүүдө.
Үй жаныбарларын жана жапайы
жаныбарларды союу бири-биринен айырмаланат.
Мергенчи коёнду же кекиликти
көздөй мылтык атып жатканда, аңчы итти салып жатканда, кекиликке же бөдөнөгө
шумкарды жиберип жатканда бисмиллахты айтуу аркылуу ошол жаныбар динге
ылайык союлган болуп эсептелет. Бирок, тоокко бисмиллахты айтып ок атылса аны
жегенге болбойт. Анткени, тоокту кармап союуга мүмкүнчүлүгү бар.
Эгерде чоң чарбаларда бир эле
учурда миңдеген тооктор союлушу керек болсо, анда ар бир тоок союлуучу жерге
коюлганда бисмиллахты айтуу керек. Кийин станоктун кнопкасын басып жатканда
дагы бир жолу бисмиллах айтылса жетиштүү болот. Себеби, алардын ар бири
бисмиллах менен коюлган.
Суроо: Бул жерде тоокторду оозуна бычак сайып, мээлерин айрып өлтүрүшөт.
Ушинтип союлган тоокторду жеген жаизби?
ЖООП: Сиз айткан жол менен союлган тоокторду мусулмандардын жеши жаиз
эмес. (Тахтави)
Суроо: Анализ үчүн кан алынып жатканда өлгөн тоокту жеген жаизби?
ЖООП: Жок.
Суроо: Арам өлгөн тооктон чыккан жумуртканы жесе болобу?
ЖООП: Болот.
Суроо: Тоок
сыяктуу канаттууларды союп бүткөндөн кийин алардын жүнүн оңой жулуп алыш үчүн
ысык сууга салууга диний каршылык барбы?
ЖООП: Эгерде тоок союлуп, жүнүн жулуу үчүн курсагы жарылбастан кайнаган
сууга салынса, ал нажис болот. Абуссууд эфенди өзүнүн фатвасында мындай дейт:
"Эгерде тоок союулуп, ичи жана
курсагы чыгарылбастан кайнак сууга кайнатылса, жүнү жулунса, жеш адал эмес,
арам. Союулуп ичи чыгарылып, жуулгандан кийин сууга салынса, жүндөрүнө
нажасат жукпаган болсо анда жеш адал болот.” Ошондой эле Радд-ул-мухтарда
мындай деп айтылган:
"Кайнабаган ысык сууга салынган,
ичи тазаланбаган тооктун бир гана териси нажасат болот. Жүнү жулунуп, ичи
тазаланган соң үч жолу муздак суу менен жуулганда анын бардык жерлери таза
болот. Ичеги дагы ушинтип үч жолу жуулуу аркылуу таза болот.”