Ислам дини » Халал-Харам » Арам жана ак ниет




Арам жана ак ниет


Суроо: Ширъат-ул-Ислам китебинин түшүндүрмөсүндө: "Бир аял күйөөсү үчүн атыр жыт сүрүнүп көчөгө чыгарда башка эркектерге жытын сездирүү ниети жок болсо, анда күнөө болбойт”, - деп айтылууда. Көчөгө атыр сүрүнүп чыгуу арам эмеспи? Ак ниет менен арам адалга айланабы?

ЖООП: Ширъат-ул-Ислам түшүндүрмөсү баалуу китеп болсо дагы, ушундай каталар да бар.

"С. Абадиййа”да: "Ширъат-ул-Ислам китебине түшүндүрмө жазган Якуб бин Сеййид Алинин [рахматуллахи алейх] дуба бөлүмүнө жазган кошумчаларында "Дубалардан кийин Субхана раббин деп айтуу Субхана раббике деп айтууга караганда орундуу болот. Анткени, максат аят окуу эмес, дуба жана санаа” деген сөзү жаңылыш. Курани каримдеги дубаларды окуп жатканда өзгөртүү Курани каримди өзгөртүү болот”, - деп жазылып, туурасы билдирилүүдө.

Ислам Ахлагы китебинде болсо "Ширъат-ул-Ислам” китебинен бир гана "Бир аял атыр сүрүнүп, зыйнат буюмдарын көрсөтүп, көчөгө чыгуусу арам” бөлүгү алынып, биз билдирген бөлүк алынган эмес.

Никеде, ажырашууда, ажырашуудан баш тартууда, кул азат кылууда, адакта, алыш-бериште, белекте сөздүн өтүп, ниеттин өтпөй тургандыгы сыяктуу эле, арам иш кылууда да ак ниет өтпөйт. "Амалдар ниетке жараша” хадиси шарифи таат жана мубахтарга ниетке жараша сооп бериле турганын билдирүүдө. Күнөөлөр ак ниет менен кылынса дагы күнөө болуудан чыгып калбайт. Эгер бир аял көчөгө чыгып жатканда ак ниетте атыр сүрүнсө, сөйкө, билерик сыяктуу зыйнат буюмдарын көрсөтсө арам иш кылган болот. Ак ниети аны куткарбайт. "Мен сөйкөмдү күйөөм үчүн тагынган элем, атырды күйөөм үчүн сүрүнгөн элем”, - деп айтуусу күнөөдөн куткарбайт.   

Аялдардын көчөгө чыгарда атыр сүрүнүүлөрү арам. Бир канча хадиси шарифтин мааниси:

"Эгер бир аял атыр сүрүнүп сыртка чыкса жана жытын сездирүү үчүн элдердин жанынан өтсө, аны караганга да, анын өзүнө да зина күнөөсү [көз зинасы] жүктөлөт.” [Несаи]

"Ар бир көз зина кылышы мүмкүн. Атыр сүрүнүп көчөгө чыккан аял да зания.” [Тирмизи] (Көз зинасын кылган болот.)

"Аял көчөгө чыгарда атыр сүрүнбөсүн.” [Муслим]

"Атыр сүрүнгөн аял көчөгө чыгарда гусулсуздуктан жуунгандай жуунсун!” [Несаи]

 

Суроо: Адамдардын, достордун көңүлүн алуу, көңүлдөрүн сындырбоо үчүн күнөө кылуу мүмкүнбү?

Жооп: Достордун көңүлүн алууга ниет кылып, ичпесе дагы ичкилик дасторконуна отуруу жана "Амал ниетке жараша бааланат” хадиси шарифин айтуу туура эмес. Анткени, ниет ибадаттарга жана мубах иштерге таасир этет. Арамдар, күнөөлөр жакшы ниет менен жаиз болбойт. Эрдик көрсөтүү же акча үчүн согушкан адам жихад сообун албайт. Мубахтар жакшы ниет менен жасалганда жакшылык болуп, сооп алынат. Бирок, момун боордошунун көңүлүн алуу ниети менен арам иш кылуу жаиз эмес жана "Момунду кубанткан адамды Аллаху таала кубантат” хадиси шарифине уюлган болбойт. Ал эми, зарыл учурларда, фитна чыгарбоо үчүн ичпөө шарты менен ичкилик дасторконуна отурушу мүмкүн болсо дагы, башынан андан сактануу зарыл.  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш