Ислам дини » Халал-Харам » Жибек колдонуу




Жибек колдонуу


Суроо: Жибек буюмдар арам же жаиз болгон жерлер эмнелер?

ЖООП: Ички жана сырткы кийим катары жибек кийүү арам, аялдар үчүн ар кандай жибектен жасалган буюмдар адал. Согушта жибек кийүү жаиз. Хадиси шарифте мындай делет:

"Алтын менен жибек аял үчүн адал, эркек үчүн болсо арам.” [Таберани]

Жибек эркек үчүн арам. Бирок, кийимдеги кеңдиги төрт бармак болгон жибек тилкелери, мисалы, кеңдиги төрт бармак болгон жибек галстук жаиз. Жибек көйнөк жана жибек кийим эркек үчүн арам.

Жибек кепин жана табытты жибек менен жабуу арам. Жибектен жасалган дасторкон жана жибек көрпө жаиз эмес.

Эркек балага жибектен кийим кийгизүү макрух. Жибектен жасалган сүлгү, ич кийим жана такыя макрух.

Синтетикалык жибек, чиркей тору, даарат сүлгү, теспе жиби, баштык, мусхаф салгыч жана түйүнчөктүн жибектен болуусу жаиз. Дубалга жибек килемди илүү кооздук үчүн болбосо, анда жаиз. Жибек килемге отуруу, жибек жайнамазда намаз окуу жаиз.

Кутман сахабалардан Хазрети Зубайр менен Абдурахмандын жибек кийүүлөрүнө уруксат берилүүсү жалгыз аларга гана тийиштүү. Арфажа бин Саад хазреттерине да алтын мурун тагынуусуна уруксат берилүүсү жалгыз ага гана тийиштүү.

Суроо: Жибек байпак, галстук, ич кийим таза жибектен болсо эмне болот?

ЖООП: Жаиз эмес. Галстук гана туурасы 4 манжа болсо жаиз.

Суроо: Жибек кийүү эркектер үчүн арам, жибек аралаштырылган байпак жана ич кийимдер жаизби?

ЖООП: Эгер чыныгы жибек болсо, 50%дан ашса арам, 50%дан аз болсо макрух.

 

Жүз аарчы

 

Суроо: Эркектердин терди аарчуу үчүн жибек жүз аарчы колдонуусу жаизби?

ЖООП: Бул макрух.

Суроо: Эркек үчүн жибектен жасалган мочалка жаизби?

ЖООП: Эркектердин да жибектен жасалган мочалка колдонуулары жаиз. (Радд-ул Мухтар)

Суроо: Денеге тийгендиктен көйнөктүн жакасы жибек болсо жаизби?

ЖООП: Жок.

Суроо: Жасалма жибектен жасалган кийимдерди эркектердин да кийүүсү жаизби?

ЖООП: Ооба, кийгенге болот.

Суроо: Чочконун баары үчүн, жибек менен алтындын эркектер үчүн арам кылынуусунун сыры эмне?

ЖООП: Динибизде эгер бир нерсе арам болсо анын сырын билбесек дагы, анын арам экенине ишенүү керек. Мухаммед алейхиссалам пайгамбар катары билдирген нерселерге акылга ылайык келгендиктен же тажрыйба аркылуу түшүнүлгөндүктөн ишенүү ыйман болбойт. Анткени, бул акылды тастыктоо дегендик. Арамдарда сөзсүз денеге зыяндуу кандайдыр бир нерсе издебеш керек! Ушуну менен катар динибиздин буйруктарында сөзсүз пайдалар, тыюуларында болсо зыяндар бар. Эгер бир буйрукта эч кандай пайда, бир тыюуда эч кандай зыян көрүлбөсө дагы, аларды аткаруу керек. Максат - диндин буйруктарына баш ийүү. Жибек менен алтындын эркектерге тыюу салынганынын себебине ушул жагынан караш керек.

Аялдарга жибек

Суроо: Аялдардын жибектен жасалган плащ кийүүлөрү жаизби?

ЖООП: Ооба. Там Илмихал китебинде нафака темасында мындайча айтылат:

"Кисва (кийим) – жылына эки диръ (аялдардын көйнөгү), эки химар (жоолук) жана эки милхафа. Милхафа – бул аял көчөгө чыкканда кийүүчү нерсе. [Азыр бул фераже (узун чапан), сайа (бычылган булгаары), пальто деп аталат.] Алардын бири жайкы, экинчиси кышкы. Азыр буларга ич кийим, жубба [калың пальто], төшөк жана жуурканды да кошуу керек. Кышында диръ жүндөн, пальто жана химар жибектен жасалат. [Химар – бул жоолук.]”

Аялдарга жибек адал. Бул жерде тыюу салынган нерсе жибек кийүү эмес, көңүлдү тартуучу түстүү, оймо-чиймелүү, ичке, тар, жалтырак жибектүү жана кооз кийимдер менен чоочун эркектерге көрүнүү. Себеби, Пайдалуу Маалыматтар китебинде айтылат:

Имам Захаби айтат: "Эркектерге зыйнат буюмдарын көрсөткөн аялдарга, мисалы, алтын, бермет сыяктуу нерселерин кийиминин үстүнөн тагынган, жыт сүрүнгөн, түстүү жана жибек кездеме жамынган, жеңдеринин оозу кең болуп, колдору көрүнгөн жана ушулар сыяктуу өзүлөрүн эркектерге көрсөткөн аялдарга Аллаху таала дүнүйөдө жана акыретте азап берет. Бул жамандыктар аялдарда көп кездешкендиктен, Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам): "Мираж түнүндө Жаханнамды көрдүм. Жаханнамдагылардын көбүнүн аялдар экенин көрдүм”, - деген эле.   

 

Жибек шейшеп

Суроо: Жибек жууркан же жибек жаздык кабында жатууга болобу?

ЖООП: Болбойт. Анткени, жибектин денеге тийгизүү арам. Тийгизбей колдонууга да болбойт.

 

Эркектердин жибек кийим кийүүсү

Суроо: Эркектердин жибектен токулган кийимдерди кийиши жана жибектен жасалган көрпө жана ушул сыяктуу нерселерди колдонуусу динибизде уруксатпы?

ЖООП: Темага байланыштуу Дурр-ул-мухтар жана Радд-ул-мухтарларда мындай деп айтылат:

"Эркектердин ички жана сырткы кийим катары жибек кийүүсү арам”.

Жибек – жибек курту бөлүп чыгарган жиптерден токулган кездеме. Жибек курту кокону тешип чыкканда алынган жиптер кыска жана баасы төмөн болсо да, аларды эч бир китеп узун жиптен бөлүп караган эмес. Аларды эч ким адал деп айткан эмес. Жибектин бардык түрлөрү арам. Мухит-и Бурханий китебинде териге тийбеген сырткы кийимдин жаиз экендиги тууралуу бир риваят билдирилген болсо да, башка китептерде мындай нерсе жок. Териге тийсе да тийбесе да арам. Эки имамдын айтымында, аны согушта гана кийүү жаиз болот. Кийимдин жана баш кийимдин астарын жибектен жасоо макрух. Кийимдин жеңине, этегине, чөнтөгүнө, багалегине, жакасына жана астары сыяктуу бөлүктөрүнө туурасы төрт манжага чейин кең жибек тилкелерин тигүү жаиз. Бир нече тилкелерди тигүүгө болот. Ар бири өзүнчө каралат. Алардын туурасынын жыйындысы эске алынбайт. Төрт манжага чейин алтын жиптен өрүлгөн тилкелер да жаиз. Аялдарга жибек кийим жана каалаган өлчөмдөгү алтын тилке жаиз. Эркек балдарга жибек кийим кийгизүү макрух.

Эркектерге да чымын-чиркейден коргоочу тор колдонуусу жаиз. Жибектен жасалган бел боо жаиз деп айтылды. Башына жибек селде кийүү жана моюнуна жибек баштык илүү макрух.

Жибек жайнамазда намаз окуу жаиз. Жибек жууркан менен оронуу жаиз эмес. Сааттардын, ачкычтардын, теспе жиптердин жана чөнтөккө салынчу капчыктын, сумкалардын, Мусхаф салынчу баштыктын жана түйүнчөктүн жибектен болуусу жаиз. Дубалдарды жибек кездеме жана килем менен жабуу текебердик жана зыйнат үчүн болбосо жаиз. Жибек килем, килемче колдонуу жана анын үстүнө отуруу жаиз.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш