Ислам дини » Халал-Харам » Телевизор жана радио




Телевизор жана радио


Суроо: Ислам Ахлагы китебинде: "Ар кандай музыкалык аспапты же башка күнөөлөрдү радио же сыналгыдан угуу арам. Өзү укпаса дагы, үйүңдө болушу да арам. "Адалга да, арамга да тең себеп болгон нерсени үйгө алып кирүү жаиз эмес”, - деп айтылууда. Буга ылайык, компьютер дагы адалга да, арамга да себеп болууда. Радио, телевизор сыяктуу компьютерди да үйгө алып кирүү жаиз эмеспи?

ЖООП: Ал жерде ичке бир маселе бар. Күнөө да, сооп да кылуу мүмкүн болгон жабдыкты эмес, күнөө кылына турган, башкача айтканда, күнөө кылуу максаты менен кандайдыр бир жабдыкты үйгө алып кирүү жаиз эмес. Күнөө кылбаган жабдыктын айыбы, күнөөсү болбойт. Эгерде компьютер менен күнөө иштер жасалып жаткан болсо, ошондо ал компьютерди үйдө сактоо жаиз болбойт. Эгер радио жана телевизордо күнөө болгон бир нерсе жасалып жаткан жок болсо, алардын да үйдө болушунун эч кандай зыяны жок.

Пульт колумда

Суроо: Кээ бирөөлөр: "Үйдөгү телевизордун эч кандай зыяны жок. Телевизор канчалык жаман нерселерди көрсөтпөсүн, пульт колубузда болгондуктан, жаман көрүнүш чыгып калганда аны өчүрүп, жакшыларын ачабыз”, - деп жатышат. Зыяндуу телеберүүлөрдү көрүү жаңылыш эмеспи?

ЖООП: Телевизор бир бычак, тапанча сыяктуу күчтүү курал. Куралдын жардамы менен көптөгөн пайдалуу иштер жасалат. Эгерде бул пайдалуу курал душмандын колуна түшсө, бизге чоң зыян алып келет. Душман куралды ушундай жаман ишке колдонгондугу үчүн "курал жаман” деп айтылбайт. Куралды күнөөсүз адамга каршы колдонуу күнөө болсо да, аны согушта душмандарга каршы колдонуу абдан сооптуу. Куралды жаман иштерде колдонгондор караланат. Заманбап куралдар коргонууда чоң роль ойнойт. Эгерде бул куралдар анархисттердин же башка душмандардын колуна түшсө, алар ар кандай кыргындарга барышы мүмкүн. Телевизорлор да ушундай. Эгерде ал жакшылардын колунда болсо, адамзатка чоң кызмат кылат. Эгерде ал жамандардын колунда болсо, адамзатка чоң зыян алып келет.

Эгер интернет, радио, телевизор жана фильмдер жакшы адамдар тарабынан даярдалса, Аллаху таала ыраазы болгон нерселер билдирилсе, Ислам дининин маанилүүлүгүн, адеп-ахлак, соода-сатык, өнөр, фабрикалардын иштөөсү, тарыхый окуялар сыяктуу диний жана дүнүйөлүк маалыматтар берилсе, аларды көрүү жана угуу күнөө болбойт. Пайдалуу китеп жана журнал окуу сыяктуу ар бир мусулманга зарыл болот.   

Азыр интернет аркылуу Европадан, Америкадан жана башка континенттерден билдирүүлөр келип жатат. Ар кандай суроолор суралып жатат. Ыкчам жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул чынында эле чоң кызматтарга себеп болууда. Чоочундардан, христиандардан да электрондук каттар келип жатат.

Көзү азиз жарандардын радио жана телевизордогу диний маалыматтардан, укпаган жарандардын да гезиттерден пайдалануулары кадыресе көрүнүш эмеспи?

Динге кызмат үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдөн, бардык заманбап каражаттардан пайдалануу шарт. Жихадга даярданбастан, жаңы каражаттарды колдонбостон кылынган дубаларды Аллаху таала кабыл албайт. Дубанын кабыл болушу үчүн алгач анын себептерине жармашуу керек. Душман атом бомбасын колдонгондо мылтык менен каршы чыгып болбойт.

Душман ар кандай каражаттар менен динди жок кылууга аракет кылып жатканда, динге кызмат үчүн гезит, радио жана сыналгыны колдонууга, интернеттен пайдаланууга жол бербөө душмандын нанына май сүртүү болуп саналат.

Телекөрсөтүү жана видео жакшы бир илим-билим жана тарбия каражаты деген элек. Мисалы, кантип намаз окуу керектигин иш жүзүндө көрсөтүү абдан жакшы болот. Бирок, намаз окуган имамдын тасмасын алып, имамдын ордуна экрандагы кадрга уйуу туура эмес. Анын сыңарындай, азан айтып жаткан азанчыны видеого тартып алып, убакыт киргенде видеодон азан окутуу да жаиз болбойт. Анткени, телевизордун экранындагы сүрөт азанчынын өзү эмес, анын көрүнүшү. Телевизордогу үн дагы азанчынын өзүнүн үнү эмес, анын окшошу.

Эгерде көрсөтүлүп жаткан тасманын бир жеринде динди шылдыңдаган кандайдыр бир нерсе болсо, аны көрүп жаткан мусулман ага өз каалоосу менен күлсө, ал мусулмандын ыйманы кетет. Мындан тышкары, динге каршы маселелер, уятсыздыктар жакшы нерсе катары көрсөтүлүп жаткан болсо, кааласаң-каалабасаң да көрөрмандардын мээси терс жагынан жуулат. Жаш балдарга болсо зыяны  көбүрөөк тиет.

"Пульт колумда. Эгерде жаман нерсе чыгып калса өчүрүп салам”, - деп айтуу жаңылыш. Бара-бара адам аларга көнүп калат, кадимкидей болуп калат. Тигил сериалды, бул сериалды көрөйүн деп жатып, сериалдардагы жаңылыш, жаман нерселерди да кааласаң-каалабасаң да көрүп калабыз.

Кырк жыл мурун телевизор жаңыдан жайыла баштаган эле. Коңшу айым мындай деди: "Үйдөгүлөр менен чогуу телевизор көрүп жатканда, орунсуз көрүнүштөр, өбүшүүлөр же башка нерселер болгондо, биз башка бөлмөгө кирип кечтүбүз, кайнатам көрүүнү уланта берчү. Убакыттын өтүшү менен баарына көнүп калдык. Ар бир көрүнүштү баарыбыз чогуу көрө баштадык.”

Бул жагынан пульт колумда деп айтуу туура эмес. Бир каналдан чыгып, башка каналга өтүлөт.

Социалдык түйүн

Суроо: Социалдык түйүн зыяндуубу? Бир башчы: "Жакшы адамдар да Tвиттерге киришсин, кыйратуучулардын зыянынын алды алынсын”, - деп жатат. Эгерде бардык жакшылар Твиттерге кирсе, жамандарынын зыянын алдын алуу мүмкүнбү?

ЖООП: Биринчиден, маалымат каражаттары зыяндуубу же жокпу, ушуну карап көрөлү. Маалымат каражаттарынын бардык түрлөрү бычак сыяктуу, таасирдүү курал. Эгер бычак менен жакшы иш кылынса пайдалуу болот. Эгерде бычак душмандын колуна түшсө, ал көзүбүздү оюп, кекиртегибизди кесип салышы мүмкүн. Душман бычакты ушундай жаман бир иште колдонгондуктан "Бычак – бул жаман каражат” деп айтылбайт. Бычакты жаман иш үчүн колдонгондор караланат.

Заманбап куралдар коргонууда чоң роль ойнойт. Эгерде бул куралдар террористтердин же кыйратуучу киши тоногучтардын колуна түшсө, алар ар кандай окуяларга кириши ыктымал. Маалымат каражаттары да ушундай. Эгерде жакшы адамдар колдонсо, анда чоң кызматтар кылынат. Эгер жаман адамдар колдонса, адамзатка чоң зыян келтиришет.

Чындыгында, алар көп жылдар бою ушундай жол менен көптөгөн провокацияларды, ал тургай төңкөрүштөрдү жасашкан. Ошол эски күндөрдү өзүм эстейм. Провокациялык басылмалар азыр деле чыгарылып жатат. Жеке мен эски күндөрдү эстейм. Түрк башбаканы Мендерес бийликте турганда мындай деп айтылган: "Студенттер эт туурагычтан өткөрүлүп жатат. Полиция элге ок жаадырды. Жүздөгөн адамдар өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болушту”, - деп айтылчу. Диктатордук бийлик бар экени айтылып, аны кулатууну каалашкан эле. Акыры алар жаман мүдөөлөрүнө жетишти.

Бул бөлүп-жаруучуу маалымат каражаттары токтобостон кыйратууну улантты. Эчкиси уурдалган муфтийге "Эчкини муфтий уурдады”, - деп айтты. Бар иштеткен бир айым оромол кийип: "Мен муфтийдин аялымын”, - деп өкмөткө кол салды. Жаман адамдар аны оңго-солго жиберип, башаламандык чыгарууга аракет кылышты.

Урматтуу президент айткандай, миңдеген жакшы адамдар Tвиттерге киришсе эмне кылышат? А чынында бир нече жүз провокаторлордун чагымдарынан улам баарын согуш талаасына айландырышы ыктымал. Муну биз жакында көрдүк. Алар "полиция көп кишини өлтүрдү, жарадарларга кан берүүгө шашылалы” дешти. Алар чет өлкөлөрдө адамдарды сабаган полицияны түрк полициясы деп тааныштырышты. Алар чыгарган видеолордо мародерлер өрттөп, талкалаган жерлерди көрсөтүшпөстөн, тескерисинче, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун көрсөтүшкөн. "Бийликке каршы эл реакциясын көрсөттү” деп калпты-чынды аралаштырып, жаштардын чыңалуусун күчөтүштү. Алар атүгүл бийликти колдоо үчүн өткөрүлгөн митингди да бийликке каршы кылып көрсөтүштү.

Мындай абалды көргөн жакшы адамдар Твиттерде эмне кыла алышат? Булардын жалган экенин гана айта алышат, балким алардын өздөрү да бул жалгандын таасири астында калып кетиши ыктымал. Анткени, жасалма аталыштар менен кудум жамгырдай твит жааганда, адам өзүнүн жалганына да ишенет.

Бир каракчы бир нече сааттын ичинде көп жерди талкалап, өрттөй алат, бир токойду кыска убакыттын ичинде күлгө айланта алат. Бирок, ал токойду калыбына келтирүү үчүн канча жылдар керек болот. Талкалоо оңой, жасоо кыйын. Белгилүү бир сөз бар:

"Бир нече каракчы Сулаймания Жами мечитин бомба же башка шаймандар менен кыска убакыттын ичинде талкалап салышы мүмкүн. Бирок, аны кайра куруу үчүн бир Синан жана бир Сулайман зарыл.”

Бир акылсыз кудукка бир таш ыргытат, аны кырк акылдуу чыгара албайт.

Жакшы адамдын твиттерде ролу өтө аз болот. Мусулман адам провокаторлордон жүз эсе эр жүрөк болсо да, ал калп айта албайт жана жалаа жаба албайт. "Сепаратисттер калп айтып жатат” дегенден башка колунан эч нерсе келбейт. Бирок, сепаратисттер болбосо да изи калат дегендей, тынымсыз солго-оңго ылай ыргытышат, алдыларынан чыккан нерселердин бардыгын өрттөп-талкалашат.

Бул иштерге каршы чабуул менен бөгөт коюу мүмкүн эмес. Калп жазгандарга, чагым салгандарга, элди дүрбөлөңгө салгандарга, провокаторлук кылгандарга, өрттөп-талкалагандарга баш тарттыруучу оор жазаларды берүү аркылуу чоң өлчөмдө алдын алууга болот.

 

Радио угуу, сыналгы көрүү

Суроо: Радио угуунун, сыналгы көрүүнүн, кино көрүүнүн динибизде кандайдыр бир зыяны барбы?

ЖООП: Радио, кино, сыналгы  уктуруу, көрсөтүү жана массалык маалымат каражаты болуп саналат. Бул китеп, гезит, журнал сыяктуу. Булар тапанча сыяктуу бир каражат, курал. Тапанчаны катасыз, күнөөсүз, зыянсыз адамга каршы колдонуу күнөө. Согушта аны душманга каршы колдонуу болсо абдан сооптуу. Көрүнүп тургандай, тапанча колдонуу дайыма күнөө деп айтуу же ар дайым сооп деп шарт чечип салуу туура эмес. Ошол сыяктуу эле, радио жана фильмдер жакшы адамдар тарабынан даярдалып, Аллаху таала жактырган нерселер билдирилип, Исламдын пайдалары, адеп-ахлак, соода, искусство, фабрикалардын иштеши, тарыхый окуялар, аскердик сыяктуу диний жана дүнүйөлүк маалыматтар берилсе, мындай радиону угуу, мындай фильмдерди жана телекөрсөтүүлөрдү көрүү күнөө болбойт, мубах болот. Пайдалуу китеп жана журналдарды окуу сыяктуу ар бир мусулман үчүн зарыл болот. Бирок, булар дин душмандары, ахлаксыз адамдар тарабынан даярдалып, арам, жаман, ырлар жана музыкалык аспаптар бар болсо жана зыяндуу нерселерге үгүттөлсө, мындай радиолорду угуу, сыналгыларды көрүү, мындай фильмдер көрсөтүлгөн кинотеатрларга баруу жаиз эмес. Мындай гезит, китептерди жана романдарды окуу сыяктуу арам болот. Хадика жана Берикада мындай делет:

"Теф, тамбур жана ар кандай музыкалык аспаптарды үйүндө же дүкөнүндө сактоо, өзү колдонбосо да сатуу, белекке, кредитке же ижарага берүү күнөө.”

Эгер мубах менен күнөө аралаш болсо жана радиодо, сыналгыда, фильмде же булар көрүлгөн же угулган жерлерде арам нерселер болсо, күнөөгө кирбөө үчүн мубахтан, атүгүл, сооптон баш тартуу зарыл. Ошондой эле момундун чакыруусуна баруу сүннөт болгону менен, арам бар болгон чакырууга барбоо керек, арамдан, макрухтан сактануу үчүн сүннөттү таштоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш