Ислам дини » Халал-Харам » Коёндун этин жегенге болобу?




Коёндун этин жегенге болобу?


Суроо: Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын чегирткени, заараны сүзүүчү орган болгондуктан бөйрөктөрдү, кандуу көк боорду жана боорду жебегендей эле, дагы кандуу жаныбар болгон коёнду жебегендиги айтылууда. Аларды арам болгондуктан жеген эмеспи?  

ЖООП: Жок, бөйрөк, боор, көк боор арам эмес, адал. Чегиртке дагы адал. (Бухари, Муслим, Тирмизи, Абу Давуд)

Башка бир хадиси шарифте болсо төмөнкүдөй айтылган:

"Чегирткени жебейм да, арам да кылбайм.” [Ибни Мажа, Абу Давуд]

Расулуллах алейхиссаламдын жебегендиги аны арам кылбайт. Пияз, сарымсакты да жечү эмес. Жегенге уруксат берген эле.

Коён эти да адал. (Дурар, Мажмаъул-анхур)  

Абдуллах ибни Аббас хазреттери айтат: "Расулуллах менен отурганда бир айылдык киши коён этинен шишкебек белек кылып алып келди. Бизге: "Жегиле!” – деп буюрду.” Мухаммед бин Сафван айтат: "Эки коён кармап алдым, сойдум. Расулуллахтан сурадым. Экөөнү тең жешим үчүн буюрду.” (Бадайи)

Хазрети Энес айтат: "Биз уулаган коёнду Абу Талхага алып келдим. Ал болсо коёнду курч таш менен сойду. Ал: (Бул бутту Расулуллахка алып бар”, - деди. Аны дароо алып бардым. Расулуллах аны жеди.” (Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи, Насаи)  

Хазрети Жабир айтат: "Менин элимен бир киши таш менен сойгон коёнду Расулуллахтан сураганга чейин күтүп турду. Расулуллах алейхиссалам жегенге буйрук берди.” (Тирмизи)

Халид ибн-ул Хувайрис хазреттери айтат: "Бир киши уулаган коёнду алып келип, Абдуллах ибни Омардан: "Мунун этин жесе болобу?” – деп сурады. Ал болсо: "Расулуллахка коён алып келинди. Аны жеген да жок, жегенге да тыюу салган жок”, - деп жооп берди.” (Абу Давуд)

Бул хадиси шарифтерде да коёндун адал экени билдирилүүдө. Фикх китептеринде мындай деп айтылат:

Коёнду жеген адал. (Мултака)

Коён этин жеген адал. Анткени, коён жырткыч айбан эмес. (Дурр-ул-мунтека)

Ар кандай түрдөгү коён этин жеген адал. (Кудури)

Коён этин жеген адал. Коён жырткыч айбан эмес жана тарп жебейт, бугуга окшош. (Жавхара)

Эрнеб, башкача айтканда, коён этинин мубах экендиги сөз бирдиги менен билдирилген. Анткени, коён жырткыч айбан эмес жана тарп жебейт. Бугуга окшош. Ал чөп жейт. Фикх китептеринде коёндун адал экендиги ачык жазылган. Ошентип, арам дегендер четке кагылууда. (Дурар хашиясы)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш