Ислам дини » Халал-Харам » Мажусинин тамагы жана зулмат




Мажусинин тамагы жана зулмат


Суроо: Индиялык мажуси бирөөнүн тамагын жегенде менде оору пайда болууда. Капырлардын тамагында зулмат (караңгылык) болобу? Ушундай мусулман эмес адам менен достошуунун зыяны жокпу?

ЖООП: Ооба, зулматка себеп болот. "Макамат-и мазхариййа” китебинде керемет тууралуу бөлүмдө айтылат:

"Гулам Хасанды көргөндө: "Капырдын тамагын жептирсиң. Жүрөгүңдө күфүр зулматы пайда болуптур”, - деди. Гулам: "Ооба, бир хиндунун бергенин жедим эле”, - деди. Күфүр жана арам белгилери бар тамактар жүрөктү карайтат. (С. Абадиййа)

Арам жолдордон табылган байлыктар да хабис (жаман) жана берекесиз болот. Акыры бул дүнүйөдө да, акыретте да зыян жана жоготуу болот. Бидат жана күнөөлөрдүн караңгылыктары жүрөктөрдү карайтып, эс-тутумду алсыратат. (П. Маалыматтар)

Бидатчы, күнөөкөрлөр, капыр жана мазхабсыздар менен достошкондордун жүрөгүндө ыхлас калбайт. Караңгылык пайда болот. Силсиле-и алиййа улууларынын бири Сеййид Нур: "Көчөдө фасыктар менен  жолугушуу жүрөктө караңгылык пайда кылат”, - деп буюрган. (С. Абадиййа)

Аллаху таала: "Эй, Давуд, мени сүйүүдө сени ээрчибеген адам менен достошпо! Анткени, алар сенин душманың, жүрөгүңдү карайтат, сени менден алыстатууга аракет кылат”, - деп буюрууда. (И. Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш