Ислам дини » Халал-Харам » Шакек тагынуу




Шакек тагынуу


Суроо: Шакек тагынуу маселесинде динибиздин өкүмү эмне?

ЖООП: Эркектердин алтын шакек тагынуулары төрт мазхабда тең жаиз эмес. Аялдарга гана алтын жана күмүштү кооздук катары тагынуу адал. Бирок, аларды намахрам (чоочун) эркектерге көрсөтүү арам.

Эркектерге алтын менен күмүштү кооздук (жасалга) катары тагынуу арам. Ошондой эле таш, коло, сары жез, платина, жез жана башка металлдардан жасалган шакектерди кооздук катары тагынуу аялдарга да арам. Алтын жалатылган күмүш шакектерди жана күмүш жалатылган алтын шакектерди тагынуу да жаиз. Шакек тагынбаган жакшыраак. Ар бир адамдын айт күндөрү шакек тагынуусу мустахаб. Аны көрсөтүү же мактануу үчүн тагынуу арам. (Радд-ул Мухтар)

Расулуллах алейхиссалам күмүш шакек колдончу жана шакегин оң колуна тагынчу. Сол колуна да тагынгандыгы байкалган. Оң колго да, сол колго да тагынуу жаиз. Чыпалакка же анын жанындагы манжага тагылат. Жазуусу бар шакекти ажатканага кирип жатканда сол колдон оң колго алган жакшы болот. Нуман бин Баширдин манжасындагы алтын шакекти көргөн Расулуллах алейхиссалам: "Бейишке кирбестен мурда эмне үчүн бейиш зыйнатын колдондуң?” – деп буюрду. Темир шакек колдоно баштады. Муну көргөндө: "Эмне үчүн тозоктун буюмун көтөрүп жүрөсүң?” – деп буюрду. Аны да чечип салды. Ал коло шакек тагынды. Муну көргөндө: "Эмне үчүн мен сенден жасалма кудайдын жытын сезип жатам?” – деп буюрду. Ал: "Йа, Расулаллах! Кандай шакекти колдоноюн?” – деп сурады. "Күмүш шакек тагынсаң болотАнын салмагы бир мискалдан [4,8 граммдан] ашпашы керек жана оң колуңа тагын!” – деп буюрду. (Мевахиб-и ладунниййа)

 

Суроо: Шакек кайсы колдун кайсы манжасына тагылат? Ар кандай металлдан болсо жаизби? Эки шакек тагынганга да  болобу? Эркек-аял айырмаланабы?

ЖООП: Оң колго да, сол колго да шакек тагынса жаиз болот. Чыпалакка же анын жанындагы атыжок манжага тагылат. Орундуу болгону ушул. Башка манжаларга да тагынса күнөө болбойт.

Эркектер күмүш шакекти гана тагынса болот. Анын салмагы да 4,8 граммдан ашпашы керек. Эки шакек тагылган болсо, бул салмактан ашпоого тийиш. Аялдарга болсо алтын, күмүштөн башка шакек тагынганга болбойт жана шакектерин чоочун эркектерге көрсөтө алышпайт.

Аялдар жана эркек үчүн шакектин ташы каалаган таштан болушу мүмкүн.

 

Суроо: Платина жана ак алтын шакек тагынуу эркектер үчүн жаизби?

ЖООП: Ак алтын да алтын. Кислота менен алтын акка айлантылат. Ал алтындан башка нерсеге айланып калбайт, түсү гана агарат. Бул жагынан жаиз эмес. Эгерде үстү күмүш менен капталган болсо, анда жаиз болот. Эркектерге күмүштөн башка шакек тагынууга болбойт.

 

Суроо: Аялдар шакек катары 12 караттан аз алтынды колдоно алышпайбы?

ЖООП: 12 караттан төмөн болгондо алтын болбой калат, башка металлга айланат. Аялдар алтын, күмүштөн башка шакек тагына алышпайт

 

Суроо: Турмушка чыккан аял ташы бар шакек же нике шакек тагынса жаиз болобу?

ЖООП: Турмушка чыккан болобу, жесир болобу, кыз болобу, ташы бар же жок болобу, алтын-күмүш болобу, аял кишинин шакек тагынып көчөгө чыгуусу жаиз эмес. Үйдө өзү каалаган жасалгаларды тагына алат. Аялга шакек жана зыйнат күнөө эмес. Бирок, эч кандай кооздук буюмдары чоочундарга көрсөтүлбөйт.

 

Суроо: Сөйкө салуу учурунда алтын шакек тагылууда. Бул жаизби?

ЖООП: Жаиз эмес. Алтын лак менен капталган күмүш шакек тагылса болот.  

 

Суроо: Алтын шакек тагынуу эркектерге арам экенине ылайык, алтын шакекти күмүш менен каптатуу же күмүш шакекти алтын менен каптатуу жаизби?  

ЖООП: Металлдын түсү жана каптамасы эмес, ичи, түрү кадырлуу болгондуктан, алтын жалатылган күмүш шакек тагынуу эркектерге да жаиз болот. Күмүш капталган алтын шакек алтын болсо дагы, алтын көрүнбөй, күмүш көрүнгөндүктөн тагынуу жаиз болот. (Радд-ул Мухтар)

Кээ бирөөлөр бул жердеги назик маселени түшүнбөй жатышат. "Эгер металлдын түрү кадырлуу болсо, анда күмүш капталган (жалатылган) алтын шакек кантип жаиз болот?” – деп жатышат. Күмүш капталган алтын шакек алтын. Анткени, металлдын каптамасы эмес, түрү кадырлуу. Бирок, күмүш менен каптатылганда алтын өзгөрүп калбайт, сатайын десеңиз дагы алтын болот. Бирок, күмүш менен капталган абалда колдонуу жаиз болууда.

 

Суроо: Эркектерге күмүш жалатылган жез шакек тагынуу жаизби?

ЖООП: Ооба. Күмүш жалатылган алтын шакек тагынуу сыяктуу, күмүшкө окшош болгондуктан колдонуу гана жаиз болууда.

 

Суроо: Нике шакегин тагынуунун диний нике үчүн кандайдыр бир зыяна болобу?

ЖООП: Шакек тагынбаган жакшыраак. Нике шакеги деген бир нерсе жок. Аял тагынса башка эркектерге көрсөтүү арам болот. Эркек баары бир алтын шакек тагына албайт, аны колдонуу арам. Күмүш колдонсо болот.

 

Суроо: Нике шакеги делген алтын шакек эркек үчүн арам эмеспи?

ЖООП: Алтын аялдардын зыйнат буюму. Эркектер үчүн арам. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир эркектин манжасында алтын шакекти көргөндө, дароо ошол шакекти чечип, ыргытып:

"Силерден бирөө чокко айланган отту колуна тагынып алыптыр”, - деп буюрду. [Муслим]

Расулуллах кеткенден кийин: "Шакегиңди ал, башка нерсеге колдоносуң”, - дешти. Ал зат: "Аллахка ант болсун, мен Расулуллах ыргыткан нерсени албайм”, - деди. [Муслим]

Нажрандык бирөө колунда алтын шакек менен Расулуллахтын даргейине келди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам андан жүзүн буруп:

"Эмне үчүн колуңда бир бөлүк от менен келдиң?” – деди. [Несаи]

Күмүш шакек эркектерге да жаиз. Хадиси шарифтерде айтылат:

"Алтын мушриктердин, күмүш мусулмандардын жасалгасы.” [Рамуз]

Эркектин алтын шакек тагынуусу төрт мазхабда тең жаиз эмес. (Мавахиб-и Ладунниййа)

 

Суроо: Там Илмихал китебинде айтылат:

"Эч бир пайгамбар өз дининде же башка динде арам болгон же боло турган эч нерсени кылбайт. Башкача айтканда, кийин арам боло турган нерсени мурда адал болушуна карабастан баары бир колдонбойт.” Дагы айтылат:

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам мурун алтын шакек тагынчу.”

Суроо: Бул экөө бири-бирине карама-каршы эмеспи?

ЖООП: Пайгамбарлардын статусу башка. Оңой эле түшүндүрүү үчүн бир нече мисал келтирейин. Анткени, бул суроо көп берилет. Шаардагы автобустарга баары жол кире төлөп отурушат. Милициялар жана мэриянын кызматкерлери жол кире төлөшпөйт. Пресс-карталары бар журналисттер да төлөшпөйт. Башка төлөбөгөндөр да бар. Булар бөтөнчө.

Пайгамбарыбыз алейхиссаламга арам болгон бир нерсе үммөтүнө адал болушу мүмкүн. Пайгамбарыбыз алейхиссаламга парз болгон нерсе үммөтүнө парз болбошу мүмкүн. Үммөтүнө арам болгон нерсе Пайгамбарыбыз алейхиссаламга жаиз болушу мүмкүн. Бир нече мисал келтирели:

1-Үммөтүнө төрттөн ашык аял менен үйлөнүү арам болсо да, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга жаиз эле.

2-Үммөтүнө аялы менен ажырашуу жаиз болсо да, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга тыюу салынган эле.

3-Бир адам өлгөндө аялы башка бирөөнө турмушка чыга алат. Бирок, Расулуллах алейхиссаламдын аялдары андай эмес, турмушка чыга алышпайт. Алар - момундардын энелери. Эне менен үйлөнүүгө болбойт.

4-Кедейлердин зекет алуусу жаиз, бирок, Расулуллах алейхиссаламдын кедей болсо дагы зекет алуусу арам.

5-Бай адамдын зекет берүүсү парз. Бирок, Расулуллах алейхиссаламдын бай болсо дагы зекет берүүсү парз эмес.

6-Курмандык чалуу Пайгамбарыбыз алейхиссаламга парз болгон. Үммөтүнө болсо Ханафи мазхабында важиб, калган үч мазхабда сүннөт.

7-Пайгамбарыбыз алейхиссаламга тахажжуд намазы парз эле. Бирок, үммөтүнө напил.

8-Пайгамбарыбыз алейхиссаламга жазуу, ыр айтуу арам эле. Бирок, үммөтүнө жаиз.

9-Алтынды колдонуу да үммөтүнө арам. Бир хадиси шарифте: "Алтын жана жибек үммөтүмдүн аялдарына адал, эркектерине арам”, - деп буюрулган. Үммөтүнө арам болсо да, ага жаиз болгондуктан колдонгон. Пайгамбарлар эч качан күнөө кылышпайт.

 

Суроо: Улууларыбыз шакектерине эмне деп жаздырышчу?

ЖООП: Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын шакегинде "Мухаммаддун Расулуллах” деп жазылган эле. Мухаммед алейхиссалам Аллаху тааланын пайгамбары дегенди билдирет.

Хазрети Сулаймандын шакегинде "Ла илааха иллаллах, Мухаммадун расулуллах” деп жазылган эле. Аллахтан башка кудай жок, Мухаммед алейхиссалам Анын элчиси дегенди билдирет.

Хазрети Абу Бакрдын шакегинде "Ниъмал кадир Аллах” деп жазылган эле. Бардык нерсеге күчү жеткен Аллах кандай жакшы, кандай улуу кудурет ээси дегенди билдирет.

Хазрети Омардын шакегинде "Кефа бил-мавт ваизан” деп жазылган эле. Эскертүүчү, насаатчы катары өлүм жетиштүү дегендик. Өлүмдү күнүнө жыйырма жолу эстеген адамдын шейит болуп өлө тургандыгы хадиси шарифте билдирилген.

Хазрети Османдын шакегинде "Ла-насбиранна” деп жазылган эле. Албетте сабыр кылабыз дегендик. Сөзүндө турду жана сабыр кылып шейит болду.

Хазрети Алинин шакегинде "Ал-мүлкү лиллах” деп жазылган эле. Мүлк Аллахтыкы дегендик.

Хазрети Хасандын шакекинде "Ал-иззату лиллах” жазылган эле. Ызат, шаң жана абийир Аллаху таалага таандык дегендик.

Ибни Омардын шакегинде "Абадаллах лиллах” деп жазылган эле. Аллах ыраазылыгы үчүн Аллахка ибадат кылуучу дегендик.

Хазрети Муавиянын шакегинде "Раббигфир-ли” деп жазылган эле. Йа, Раббим мени кечире көр дегендик. Уулунун шакегинде болсо "Рабуналлах” деп жазылган эле. Раббибиз – Аллах дегендик.  

Имам Али Ризанын шакегинде "Хасбияллах” деп жазылган эле. Аллаху таала мага жетиштүү дегендик.

Казы Ибни Аби Лейланын шакегинде "Ад-дуния гарурун” деп жазылган эле. Дүнүйө алдамчы, ишенүүгө болбойт дегендик.

Имам Азам Абу Ханифанын шакегинде "Кул-ил-хайр ва илла фаскут” деп жазылган эле. Жакшы нерсени сүйлө, жакшы нерсени сүйлөбөсөң унчукпа дегендик.  

Имам Абу Юсуфтун шакегинде "Ман амила би-раъйихи надима” деп жазылган эле. Кеңешпей эле өз ою менен иш кылган өкүнөт дегендик. Кеңешүүгө, адисинен суроого маани берүү билдирилүүдө.

Имам Мухаммеддин шакегинде "Ман сабара зафира” деп жазылган эле. Сабыр кылган адам утат, максатына, тилегине жетет дегендик. Аллаху таала Курани каримде сабыр кылуучулар менен бирге экенин, сабыр кылуучуларга эсепсиз сооп-сыйлыктарды берерин билдирген.

Имам Шафиинин шакегинде "Ал-Баракату фил канаати” деп жазылган эле. Береке канаатта, канаат кылган адам кутулат, байыйт дегендик. Канаат кылган адамга Аллах жетиштүү. Канаат – жеңилбес аскер, ийилбес кылыч. Канаат кылган адам шүгүр кылган болот.

 

Эки шакек тагынуу

 

Суроо: Бир эркек ар биринин салмагы 3 граммдан болгон эки күмүш шакек тагынганда, бир мискалды, тагыраагы, 4,8 граммдан ашкандыгы үчүн жаиз болобу?

ЖООП: Жаиз болбойт. Экөөнүн салмагын кошкондо бир мискал болсо, ошондо жаиз болот.

 

Шакек тагынуу

 

Суроо: Эркектердин нике шакеги тагынуулары керекпи?

ЖООП: Жок, керек эмес. Салт катары тагынса болот. Эркектерге күмүштөн башка алтын жана башка материалдардан жасалган шакек тагынуу жаиз эмес. Айт жана Жума күндөрү 4,8 граммдан ашпаган күмүш шакекти тагынуу болсо сүннөт. (Мевахиб-и ладунния, Радд-ул-мухтар)

 

Нике шакеги

 

Суроо: "Нике шакегин зыйнат, башкача айтканда, кооздук үчүн эмес, кудалашуунун же үйлөнгөндүн белгиси катары тагылгандыктан, эркектердин алтын шакек тагынууларынын, аялдардын да нике шакегин тагынып сыртка чыгууларынын эч кандай зыяны жок”, - деп айтуу жаңылыш эмеспи?

ЖООП: Албетте, бул абдан жаңылыш. Жакшы ниет менен күнөө мубахка айланып калбайт. Капыр кыз: "Эгер мени менен бийлесең, мен мусулман болом”, - десе, мусулмандын жакшы ниетте аны менен бийлөөсү же башка күнөө кылуусу жаиз эмес. Анын жакшы ниети жараксыз, күнөөсү жарактуу. "Амалдар ниетке жараша” хадиси шарифи таат жана мубахтарга кылынган ниетке жараша сооп бериле тургандыгын билдирүүдө. Күнөөлөр жакшы ниет менен кылынса да күнөө болуудан чыгып калбайт.

Экинчиси, динде нике шакеги деген нерсе жок. Салт болгондуктан тагылууда. Мубахы бар болуп туруп арам болгон алтынды тагынууга болбойт. Эгер абсолюттук түрдө алтын тагынуу зарыл болгон кандайдыр бир жагдай болсо, күмүш шакекти алтын менен жалатып колдонуу да жаиз. Аны көргөн адам алтын деп ойлошу мүмкүн, анын зыяны жок. Аялдарга  алтын жаиз болгону менен, аны сыртта жана чоочун эркектер көрө турган жерлерде тагынуу арам. Никелүү адамдын никелүү экенин көрсөткөн кандайдыр бир белгинин кажети жок.

 

Суроо: Бир кыз менен бир баланы кудалашканда нике шакегин тагынышат. Бул диндин буйругубу?

ЖООП: Нике шакегин тагынуу динде буйрук кылынган эмес. Ал салт катары тагылууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш