Ислам дини » Халал-Харам » Азыктардагы курт




Азыктардагы курт


Суроо: Кээ бирөөлөр алчадагы курт өзүнөн-өзү пайда болорун, андыктан курту бар алчаны жегендин зыяны жок экенин айтышууда.  Курту бар алчаны жесе болобу?

ЖООП: Алчадагы курт алчанын ичине «алча чымыны» деп аталган чымын салган жумурткалардан пайда болот. Курту бар алчаны жегенге болбойт. Алча алганда 3-5 даанасынын ичи ачылат. Эгер курт жок болсо, калгандарын ачпай жесеген жаиз болот. Бир даанасында болсо дагы курт көрүлсө, анда баарынын ичин кароо керек. (Берика) 

Курттап кеткен азыктар желбейт 

Суроо: Ун, буудай акшагы, жасмык, төө буурчак, нокот сыяктуу азыктар курттап кеткенде жеген жаизби?

ЖООП: Курттап кеткен азыктар желбейт. Унга окшогон азыктар электен өткөрүлгөндө, төө бурчакка окшогон азыктар болсо тазаланганда жеген жаиз болот. 

Суроо: Каз түшкөн кудуктан 6 айдан бери суу тартылыптыр. Эми таза болдубу?

ЖООП: Ооба. 

Суроо: Койду саап жатканда кык түшүүдө. Бул сүттү колдонсо болобу?

ЖООП: Зарылдык болгондуктан дароо алынса жаиз болот. 

Курттуу алманы жеш 

Суроо: Курттуу алманын курт жеген бөлүгүн алып салып, ошол алманы жесе күнөө болобу?

ЖООП: Жок, мунун эч кандай зыяны жок. 

Суроо: Бир инжирде курт көрүлүүдө. Компоттун баарын төгүп салыш керекпи?

ЖООП: Көрүлгөнү желбейт.                    

Суроо: Чоң казандагы компотто 3-5 курт көрүлсө, аны төгүп салыш керекпи?

ЖООП: Керек эмес. 

Суроо: Жашыл көгү бар сырды жеген жаизби?

ЖООП: Ооба. 

Суроо: Жумурткадан чыккан аз канды алып салып, жумуртканы жеген жаизби?

ЖООП: Ооба.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш