Суроо: Адамдын эч бир
дене-мүчөсү, анын ичинде кан да берилбейт деп айтылууда. Зарылчылык
болгондо да берилбейби?
ЖООП: Ишенимдүү
диний китептерде айтылган сөздөр төмөндөгүдөй:
Зарылдык
(мажбурдук) болгон учурда арамдар мубахка айланат. (Радд-ул Мухтар)
Зарылдыксыз
адамдын бир бөлүгүн колдонуу арам. Колдонуу арам болгон нерсени дары катары жеш
жана ичүү да жаиз эмес. (Дурр-ул-мухтар)
"Дурр-ул
мухтар” китебин шарх кылган (түшүндүргөн) Ибни Абидин хазреттери муну мындайча
түшүндүрөт:
Арам
болгон нерсени тахир [таза] болобу, нажис [кир, булганыч] болобу, дары катары
колдонуу арам. Бирок, эгер ооруну айыктыра турганы белгилүү болсо, андан башка
дары да жок болсо, анда колдонуу жаиз. (Радд-ул Мухтар)
Мусулман
жана адис дарыгер айыктыра турганын жана бул ооруга башка дары жок экенин
айтканда, заара, шарап, кан ичүү жана тарп жеш жаиз болот. (Нихая,
Ханиййа, Тахзиб)
Адамдын
бардык органдары сыяктуу сүтүн да ичүү арам. Мусулман, адис дарыгер аялдын
сүтүнүн сөзсүз шыпаа боло турганын жана башка дарысы жок экенин айтса, [кан
куйдуруу] аялдын сүтүн ичүү жана сатып алуу жаиз. (Фатхул-кадир)
Өлүктүн
чачы түшүп калса кепинине салынат. Анткени, адамдын ар бир бөлүгү ыйык. Тирүү
адамдын түшкөн же кесилген тырмактарын, чачтарын, тиштерин да көмүү сүннөт.
Өлбөй тургандай даражада тарп же чочко желет, кан же шарап ичилет. Жебестен,
ичпестен өлгөн Тозокко кирет. (Радд-ул Мухтар)
Адамдын
бөлүктөрү ыйык болгондуктан, андан пайдалануу жаиз эмес. Чочко жана адамдын
сөөгү менен дарылануу макрух. Анткени, андан пайдалануу арам. Күбрада да
ушундай. (Фатава-и Хиндиййа) [Зарылдыксыз ушундай кылуу жаиз
эмес. Бирок, жогорудагы диний китептерде да билдирилгендей, эгер зарылдыктан
улам кылынса жаиз болот.]
Бир
органды сактап калуу өмүрдү сактап калуу сыяктуу маанилүү. Тирүү адамдын
органын, этин жеш, бир аялдын сүтүн ичүү жаиз эмес. Кан куйдуруу болсо
жаиз. (Мажмуа-тул муаллим)
Медицина
илимин үйрөнүү жана дарылоо – фарзы кифая. Жаңы кайтыш болгон адамдын жүрөгүн
жана башка органдарын тирүү адамга коюу жаиз. Бул өлүктү кемсинтүү эмес.
Зарылдык пайда болгондо көптөгөн тыюулар мубах болууда. Өлүктүн да бир жерин
кесүү арам. Адамды өлгөндөн кийин да барктап, урматтоо важиб. Бирок, зарыл
болгон учурда бул арамдык өкүмүн жоготот. Мусулман адис дарыгерлер бир
оорулууну өлүмдөн сактап калуу үчүн кан куюудан, тирүүдөн же өлүктөн орган
алуудан башка айла жок экенин билдиришкенде, бул аткарылып, диний келишпестикке
каралбайт. Ислам дини ден-соолукту жана дененин саламаттыгын сактоону буюрат.
Оорулууга кан берүү адамдык милдет. Анткени, адамдын өмүрүн сактап калуу кээде
кан тапшырууга да көз каранды. Кан берүү сүт бир туугандыкка себеп болбойт,
никени да бузбайт. (Хедй-ул-Ислами)
Эгер өлүм
коркунучу болуп, башка арга да жок болсо, кан берүү жаиз болот. (С.
Абадиййа)
Адамдын
бөлүктөрүн (дене-мүчөлөрүн) колдонуу жана сатуу арам. Зарыл болгон учурда жаиз
болот. (Ислам Ахлагы)
Ханбалиде
ихтилаф (карама-каршылык) бар болсо да, аялдын сүтүн жана пайдаланылган бардык
нерсени сатуу жаиз. Шафииде да ушундай. Кул сатылган сыяктуу башка органдар да
сатылат. Кесилген дене-мүчөсүн сатуу арам. Анткени, ал колдонулбайт. [Бул жерде
эгер кесилген дене-мүчөсү колдонулса, анда жаиз болору айдан ачык.] Ханафи жана
Маликиде болсо зарылдыксыз аялдын сүтү да, башка дене-мүчөлөр да сатылбайт.
Зарыл болгон учурда жаиз болот. (Ал
Мугни)
Кан сатуу
Суроо: Кан сатуу
күнөөбү?
ЖООП: Кан жана адамдын
бардык дене-мүчөлөрү диний жааттан товар болбогондуктан алынып-сатылбайт.
Муктаж болгон адамга колдонуу максатында кан берүүгө болот. Кан жана
дене-мүчөнү саткан адамга күнөө болсо да, эгер зарылдык бар болсо, алганга
күнөө болбойт.
Суроо: Муктаждык (зарылдык) болгон учурларда шашылыш түрдө
кан издеген оорулууларга кан берүүнүн динибизде өкүмү кандай?
ЖООП: Маселеге
байланыштуу "Дурр-ул-мухтарда” айтылат:
"Зарыл болмоюнча
адамдын бир жерин колдонуу арам. Колдонуу арам болгон нерсени дары катары жеш
жана ичүү да жаиз эмес.” Ибни Абидин хазреттери бул жерди түшүндүрүп жатып
мындай дейт:
"Колдонуу
арам болгон нерсе, таза болобу же кир болобу, дары катары колдонуу арам. Бирок,
ооруну айыктыра турганы белгилүү болуп, андан башка дары жок болсо колдонууга
уруксат берилген. Мужтахид эмес мусулманды "мукаллид” деп
аташат. Мукаллиддердин мужтахиддин сөзүнө ылайык амал кылуусу важиб. Далилин
билбесе да, мужтахидге уюу зарыл.”
Өлүм коркунучу
болгондо жана башка жол жок болгондо аялга же эркекке кан берүү жаиз болот.
Шейх Тахир-уз-Зави өзүнүн фатвасында мындай дейт:
"Ислам
дини ден соолукту коргоону жана дененин саламаттыгын буюрат. Оорулууга кан
берүү адамдык милдет. Анткени, адамдын өмүрүн сактап калуу кээде кан берүүдөн
да көз каранды. Кан берүү сүт бир туугандыкка себеп болбойт, никени бузбайт.”