Ислам дини » Халал-Харам » Тамак-ашка алкоголь (спирт) кошуу




Тамак-ашка алкоголь (спирт) кошуу


Суроо: Төмөндөгү жазууда чындык барбы?

"Алкоголь жана алкоголдук ичимдиктер мас кылуучу же баңгизат катары ичилсе арам болот. Булар кайнатылып, бышырылган тамактарга аралаштырылып, ичкилик болбой калганда, кадимки тамакка айланат, арам тизмесинен чыгат. Хазрети Омар кайнатылган шарап ичкен. Ичүүнү каалабаган Убада б. Самит деген сахабаны жемелеп: "Эй, акмак! Ал кайнады, шарап болбой калды. Сен сиркени (уксусту) ичпейсиңби? Ал да ушул суудан...” Андай болсо, алкогольду бышып жаткан тамактарга даам берүүчү катары кошууга (мисалы, бир аз шарап кошуп эт менен балык бышыруу сыяктуу) диний жааттан эч кандай каршылык жок.” [Абу Захра, 299]

ЖООП: Кымындай да чындык жок. Анын үстүнө бул Хазрети Омарга карата жалаа болуп саналат. Абу Захра мазхабсыз жазуучу. Шарап сирке ачыткысы менен ачытылат, алкоголь уксуска айланат. Химиялык өзгөрүүлөргө дуушар болгондуктан сиркени ичүү күнөө эмес. Тамакка кошулган шарап сиркеге айланбайт. Мазхабсыз жазуучу динибиздин олуттуулугун, салмагын жок кылууга аракет кылууда. 

Суроо: Шараптагы алкоголь тамак бышкандыктан жок болууда жана тамакты жегенден кийин адамга жаман таасирин тийгизбөөдө. Бул жагдайда эмне үчүн жаиз болбоодо?

ЖООП: Бир тамчы алкоголь ичилсе дагы арам. Өлчөм – зыяндуу же зыянсыз болуу. Бисмиллахсыз союлган койдун эти желбейт, тарп болот, арам болот. Бир тамчы кан же бир тамчы заара иүүнүн адамга зыяны жок, бирок, арам. Диндин буйругунда кандайдыр бир себеп изделбейт, бир гана ал буйрукка моюн сунулат. 

Суроо: Этти спирттин жалынына кармап бышыруу жаизби?

ЖООП: Ооба. 

Суроо: Эссенциясы спиртте эритилген чайды жууп ичсе зыяны жокпу?

ЖООП: Зыяны жок.                            

Суроо: Алкоголь берилген күрөш корозу жарадар болгондо союлат. Этин жегенге болобу?

ЖООП: Нажасат жеген тоок сыяктуу. Эгерде алкоголь жаңы эле берилген болсо желбейт. Үч күн мурун берилген болсо жегенге болот. 

Суроо: Сырттан келген тамеки спирт менен жуулат экен. Ошондой тамекини тартуу жаизби?

ЖООП: Анык билинмейинче божомол менен иш-аракет кылууга болбойт, тагыраагы, спирттүү делбейт. Эгерде спирт менен жуулгандыгы анык билинсе, анда тартуу жаиз болбойт. 

Суроо: Алкоголсуз пиво ичкен жаизби?

ЖООП: Таза заара дегенге окшош. (Спирти жок болсо пиво деп аталбайт. Алкоголсуз арпанын суусу деп айтууга болот.) 

Суроо: Жаңы сиркенин курамында спирт бар. Ушундай жаңы сиркени колдонуу жаизби?

ЖООП: Ооба. 

Пастерленген жүзүм ширеси 

Суроо: Пастерленген жүзүм ширесинде спирт болушу мүмкүнбү, ичсе болобу?

ЖООП: Эрежесине ылайык пастеризацияланган жүзүм ширесинде спирт жок, аны ичсе болот. Пастеризация эрежесине ылайык туура жүргүзүлбөсө ал бузулуп, шарапка айланышы мүмкүн. Шарапка айланган жүзүм ширеси көбүктөнүп, даамы жана жыты өзгөрөт. Бул жүзүм ширесине эч окшошпойт. Анткени, ичкенде билинет, шарапка айланган жүзүм ширесин ичүүгө болбойт. 

Мөмө-жемиштердеги спирт 

Суроо: Апельсин, лимон сыяктуу мөмө-жемиштердин кабыгында жана чирий баштаган мөмө-жемиштерде алкоголь болот. Андай болсо лимондун кабыгын чайга салса же апельсиндин кабыгынан варенье жасоо жаизби?

ЖООП: Ооба, жаиз болот. Алкоголь пайда кылбаган бышкан бир да жемиш жок. Динибиз мөмө-жемиштерге жана нанга уруксат берген. Дин тыюу салган алкогольду болсо ичүүгө болбойт. 

Тамакка кошулган шарап 

Суроо: "Тамакка кошулган шараптын тамак бышыруу учурунда химиялык өзгөрүүлөргө дуушар болгондуктан зыяны жок” дешет. Ошондой эле кийимибизге шарап төгүлсө, кургаганда учуп кетет дешет. Булар чынбы?

ЖООП: Бул туура эмес. Тамакка кошулган шарап химиялык өзгөрүүлөргө дуушар болбойт. Шараптын суу бөлүгү кургаганда бууланып кетет, ал эми нажис бөлүгү калат. Кийимибизге бир стакан заара төгүлсө, суусу кургаганда бууланып кеткени менен нажис бөлүгү калат. Тамакка кошулган шараптын же зааранын нажиси уланат. 

Алкогольдун тамчысы да нажис 

Суроо: "Кандайдыр бир тамакка же суусундукка бир кашык шарап кошулса аны ичүү арам эмес. Анткени, ал тамактан же суусундуктан канча жеп-ичилсе да, адам мас болбойт” деп айтылууда. Мазхабсыз экенин сыймыктануу менен айткан Абу Захра: "Алкогольдук ичкиликтер кайнатылып, бышырылган тамактарга кошулуп, ичкилик болбой калганда, кадимки тамакка айланат, арамдар тизмесинен чыгат. Алкогольдун бышып жаткан тамактарга даам берүүчү катары кошулуусунун, эт жана балыкка кичине шарап кошуп бышыруунун диний жактан эч кандай зыяны жок”, - дейт. Алкоголь заара сыяктуу нажис эмеспи? Тамакка же суусундукка бир кашык заара кошулса, ал тамак нажис болуп калбайбы?

ЖООП: Албетте, нажис болот. Ичинде божомол менен 10% спирт болгон шараптын бир тамчысы дагы нажис. Шарап сирке ачыткысы менен ачытылганда алкоголь сиркеге айланат. Химиялык өзгөрүүгө дуушар болгондуктан сирке күнөө эмес. Тамакка кошулган шарап болсо эч качан сиркеге айланбайт. Ушундай жаңылыштар менен динибизге жеңил мамиле кылып, динибиздин олуттуулугун жок кылууга аракет кылууда.

Спирти (алкоголу) аз болгон шарап дагы арам. Мас кылбаса дагы бир тамчысын ичүү арам. Адал деген адам капыр болот. Шарап заара сыяктуу оор нажасат. Ар кандай түрдө колдонуу, дары жасоо, жаныбарга ичирүү, клизма жасоо, жыттоо бир добуштан арам. Шарап көбүктөнгөндөн кийин үчтөн экиси кайнатылганда кеткени менен, калганы жана дистиллятор аркылуу ажыратып алынган спирттин, арактын шарап сыяктуу гализ (оор) нажасат экени бир добуштан билдирилген. Алардын бир тамчысын да ичүүнүн арам экендиги "Бахжет-ул-фатава”да жазылган. (С. Абадиййа)

Хамрды [алкогольдун] шарап сыяктуу оор нажасат экендиги бир добуштан билдирилди. (Радд-ул мухтар)

Алкогольдуу ичкиликтердин бардыгы оор нажасат жана арам. Бир хадиси шарифте: "Ихтимар [ачытылып алкоголь пайда] кылган ар түрдүү суусундук арам”, - деп айтылды. (Абу Давуд)

Аталган хадиси шариф фикх китептеринде мындайча түшүндүрүлөт: "Бал, инжир, арпа, буудай, жүгөрү, таруу, өрүк, кара өрүк, алма жана ушуларга окшош жемиштердин бири муздак сууда туруп ысытылбаса да спирт пайда болуп, пиво сыяктуу болот. Пиво даамы ачуу жана өткүр [курамында спирт] болгондуктан аз бөлүгү да, көп бөлүгү да Имам Мухаммед боюнча арам, фатва да ушундай. Калган үч мазхабда да арам. (С. Абадиййа)

Хамрдын арам болуусу затынан (өзүнөн) улам. Антпесе, мас кылгандыктан улам эмес. Бир тамчысы да, зерреси да арам. Заара кан сыяктуу шарият боюнча оор нажасат, мурдар (арам, булганыч). Бир тамчысы да, зерреси да нажис. (Менъи мускират) 

Айран ачып калса 

Суроо: Өтө ачып кеткен айранды жеген жаизби? Айран ачыганда алкоголь пайда кылабы?

ЖООП: Жок, айран ачыса да алкоголь пайда болбойт. Ачыган айран жегендин зыяны жок, атүгүл, ден соолук жагынан да пайдалуу. 

Сиркеге шарап куюлса 

Суроо: Шарап куюлган сиркени жесе болобу?

ЖООП: Куюлган шарап сиркеге айланганда желет. Кадимки шарап да сиркеге айланганда желет.

Суроо: Спирт аралаштырып бышырылган эт таза болобу, жегенге болобу?

Жооп: Ар кандай этти шарап же спирт менен кайнатканда эт нажис болот жана эч кандай жол менен тазалаганга болбойт. Таза сууга үч жолу кайнатып, ар биринде муздаганда таза болот да дешкен.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш