Ислам дини » Халал-Харам » Сүрөт тартуу




Сүрөт тартуу


Суроо: Пайгамбарлардын, олуялардын жана ыймансыздардын же жаныбарлардын сүрөтүн тартуу арамбы?

ЖООП: Сыйлоо үчүн болобу же акарат кылуу үчүн болобу, чоң болобу же кичине болобу, адам болобу же жаныбар болобу жандуулардын сүрөтүн тартуу жана айкелин жасоо арам, чоң күнөө. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Жандуулардын сүрөтүн тарткан адамга Кыяматта "Тарткан сүрөтүңө жан бер” деп азап чектирилет.” [Муслим]

"Дүнүйөдө [зарылдыксыз] жандуулардын сүрөтүн тарткан адамга Кыямат күнү бул сүрөткө жан бер деп азап чектирилет. Бирок, ал ошол сүрөткө жан бере албайт.” [Насаи]

"Жандуулардын сүрөтүн тарткан адам Кыяматта эң катуу азапка туш болот.” [Бухари]

"Жандуулардын сүрөтүн тартып, Аллаху тааланын жараткандарына окшоштурууга аракет кылгандар Кыяматта эң катуу азапка кабылышат.” [Бухари, Муслим]

"Эй, Али! Буттарды, сүрөттөрдү жок кыл.” [Муслим]

"Колуңарга тийген жандуулардын сүрөттөрүн айырып жок кылгыла.” [Муслим]

"Сүрөт, жунуб жана ит бар бөлмөгө ырайым периштелер кирбейт.” [Абу Давуд, Насаи, Ибни Хиббан]

"Ит жана айкел бар бөлмөгө ырайым периштелери кирбейт.” [Муслим]

"Жабраил алейхиссалам: "Биз ит жана сүрөт бар бөлмөгө кирбейбиз”, - деди.” [Бухари, Табарани]

"Мени ааламдарга ырайым кылып жиберген Аллаху таала мага черткич аспаптарды, жахилият иштерин жана буттарды жок кылууну буюрду.” [Абу Нуайм]

"[Зарылдыксыз] жандуунун сүрөтүн тарткандардын орду Жаханнам. Акыретте тартылган сүрөттөргө жан берилет, ал сүрөттү тарткандарга Жаханнамда азап чектирилет.” [Бухари, Муслим]

"Расулуллах жандуулардын сүрөтүн тарткандарга каргыш айтты.” [Бухари]

Исави динине Платон философиясы менен римдиктердин бутпарастыгы аралашып, сүрөттөрдө жана айкелдерде кудайлык сыпаттары [түбөлүк бар болуу, ар каалаганын кыла алуу, өлтүрүү, тирилтүү, айыктыруу, кайыптарды билүү касиети] бар деп ишенишкен. Ушундай деп ишенилген сүрөттөр жана айкелдер "бут” деп аталат. Булар Аллаху таалага шерик кылынган болот. Буларды сыйлоо сыйынуу деп аталат. Сыйынуу иши болсо ширк деп да аталат. 

Муктаждыктар үчүн сүрөт жаиз 

Үстү жабылган абалда сүрөт сактоо жаиз. Паспорт, документ жана башка зарыл муктаждыктар үчүн сүрөткө түшүп, үстү жабылган абалда сактоо жаиз.

Ислам дини адамдарды шылдыңдоого, жандууларга сыйынууга, жаштардын бузукулукка тартылуусуна жана никелүүлөрдүн жолдон чыгарылуусуна курал, себеп болгон адамдын сүрөттөрүн, айкелдерин арам кылган болуп, жандуулардын анатомиялык бөлүктөрүнө, өсүмдүктөрдүн жана ар түрдүү физика, химия, астрономия жана курулушка таандык сүрөттөрдү адал кылган, уруксат берген. Илимде жана техникада талап кылынган сүрөттөрдүн тартылуусун жана алардан пайда алууну буюрган. Ислам дини башка бардык нерселерде болгондой эле, сүрөттөрдү да пайдалуу жана зыяндуу деп экиге бөлүп, пайдалууларын буюрган жана зыяндууларына тыюу салган. (С.Абадиййа) 

Расулуллахтын кабырынын сүрөтү 

Суроо: Пайгамбарыбыздын кабыры жана сандукасы деп таратылган сүрөттөр туурабы?

ЖООП: Жок, туура эмес. Пайгамбарыбыздын кабыры корголуу үчүн жабылган, аны сүрөткө тартуу да мүмкүн эмес. Сыртынан гана, зыярат кылынган жеринен гана сүрөткө тартылышы мүмкүн. Расулуллахтын кабыры, сандукасы же күмбөзүнүн ичи катары көрсөтүлгөн сүрөттөр жасалма. Хазрети Мавлананын Кониядагы кабырынын эски сүрөтү же башка сүрөттөр жаман ниеттүү же жахил адамдар тарабынан Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын кабырынын сүрөтү катары таркатылууда. 

Фото жана сүрөт 

Суроо: Фото сүрөткө тартуу менен сүрөткө тартуунун айырмасы барбы?

ЖООП: Ооба, айырмасы бар. Фото сүрөткө тартуу күзгүдөгү көрүнүштү бекитүү сыяктуу жана жаиз. Бирок, адамдын же жаныбардын сүрөтүн тартуу кандайдыр бир зарылдык болмоюнча жаиз эмес. 

Фото сүрөтчүлүк 

Суроо: Фото сүрөтчүлүк кесиби жаизби?

ЖООП: Кол менен чийип тартпагандыктан жаиз. Арам сүрөттөрдү тартуу жаиз эмес. 

Элес сүрөт 

Суроо: Пайгамбарлардын жана кутман сахабалардын, мисалы, Хазрети Омардын, Хазрети Алинин элес сүрөттөрүн тартуу жаизби?

ЖООП: Жок, жаиз эмес. 

Миниатюралык сүрөт 

Суроо: Миниатюралык сүрөт да сүрөт өкүмүнө жатабы?

ЖООП: Ооба. 

Айкел жана сүрөт тартуу 

Суроо: Исламга чейинки кээ бир хак диндерде жандуулардын сүрөтүн тартуу жана айкел жасоо жаиз беле?

ЖООП: Ооба, жаиз эле. Бир аяти кариманын мааниси:

"Алар Сулайманга сепилдерден, айкелдерден, көлмөлөрдөй [кеңири] илегендерден, туруктуу казандардан эмнени каалаган болсо ошону жасап беришчү. Эй, Давуд үй-бүлөсү, шүгүр кылгыла! Пенделеримен шүгүр кылгандар аз!” [Саба, 13]

Бул жерде айтылган айкелдер пайгамбарларга жана аалымдарга таандык сүрөттөр болчу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бул тууралуу: "Алар араларынан салих бир адам кайтыш болгондо анын кабырынын үстүнө мечит тургузуп, ошол мечиттин ичине ошол сүрөттөрдү жасашчу”, - деп буюрган. Алардын ибадаттарын эстеп, андан көбүрөөк ибадатка жармашышсын деп ушундай кылышчу. Мына ушул жагдай ошол убакта сүрөт тартуунун мубах болгонун көрсөтүүдө. Мухаммед алейхиссаламдын дини менен бул жокко чыгарылган болуп, жандуулардын сүрөтүн тартууга жана айкел жасоого тыюу салынган. (Куртуби тафсири) 

Сүрөт тартуу 

Шейхул-Ислам Мустафа Сабри Эфенди сүрөт жөнүндө кыскача мындай дейт:

Зарылдыксыз жандуулардын сүрөттөрүн тартууга динибиз тыюу салган. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Акыретте эң катуу азапка татыктуу болгондор төмөндөгүлөр:

1- Бир пайгамбарды өлтүргөндөр,

2- Бир пайгамбар тарабынан өлтүрүлгөндөр,

3- Эне-атасынын бирөөсүн өлтүргөндөр,

4- Жандуулардын сүрөтүн тарткандар,

5- Илиминен пайдаланылбаган аалымдар.”

"Кыямат күнү Тозоктон өтө чоң моюн чыгат. Бул моюндагы баштын ар тарапты карап коркуткан эки көзү, абдан сезимтал эки кулагы жана чагылган сыяктуу сөздөр менен уккандарды таң калтыра турган сөзү бар. Ал мындай дейт: Мен мына бул үч тайпа адамдарга азап чектирүүгө милдеттүүмүн: 1- Кежир жеббарлар (тирандар), 2- Ширк кылгандар, 3- Сүрөт тарткандар.”

"Сүрөт тарткандардын орду Жаханнам. Ал жерде сүрөт тарткан адамдын ар бир тарткан сүрөтү үчүн бир адам жаралып, аны кыйноого алат.”

"Кыяматта жандуулардын сүрөтүн тарткандарга "тарткан сүрөтүңөргө жан бергиле” деп айтылат жана алар азапка дуушар болушат.”

"Ырайым периштелери ит же сүрөт бар бөлмөгө киришпейт.”

"Жандуулардын сүрөтүн тарткан адамга ошол сүрөткө жан бергенче азап чектирилет.”

Түшүндүрмө: Албетте, анын тарткан сүрөтүнө жан берүүсү эч мүмкүн болбойт жана азабы да түбөлүктүү болууга тийиш. Бул жердеги "түбөлүктүү” деген сөз – узак мөөнөт дегендик. [Жазасын тарткандан кийин Бейишке кирет.]

"Кыямат күнү эң катуу азапка кабыла турган адам – Аллахтын жаратуу сыпатын туураган адам. Аллаху таала: "Мен сыяктуу жаратууга аракет кылгандардай заалым, чегин билбеген адам жок”, - деп буюрат.”

Түшүндүрмө: "Эч бир сүрөтчү Аллаху тааланын жаратуучу сыпатын тууроо максатында сүрөт тартпайт. Ошондуктан, бул хадиси шарифтин аларга эч кандай тиешеси жок” деп айтууга болбойт. Себеби, бир да сүрөтчүнүн Аллаху таала менен жаратуу маселесинде атаандаша албасын Пайгамбарыбыз да билет. Бирок, бул иши кандай гана ниет менен болбосун, жаратуу сыңары кабыл алынат жана ошончолук жаратууга аракеттенүү деп эсептелинет.

Эгер өлгөн же тирүү бир адамдын сүрөтүнө жылдар бою сыйынылса, ал сүрөт мындан эч нерсени түшүнбөйт. Кылмышкерлердин сүрөтүн тартуу же эгер келечекте кылмыш жасаса, алардын сүрөттөрүн сактоо зарылдык болгондуктан, "Зарылдыктар махзурлуу (арам, тыюу салынган) нерселерди мубах кылат” эрежеси боюнча мунун күнөөсү болбойт.

Тарыхый инсандардын эбегейсиз кызматтарын эскерүүгө себеп болгон сүрөттөрдүн, айкелдердин урмат-сый менен эскерилүүсү жана келечек муундарга дем-күчтүн үлгүсү болот деп айтуу туура эмес. Динибиз буларга сүрөт жагынан тышкары, пайдасыз жана куру чыгым болгондуктан да тыюу салган. Анткени, айкелдердин ордуна ошол улуу инсандардын атынан бир катар кайрымдуулук жана жакшылыктар жасалса баарына пайдасы тиет. Болгондо да, сообунан аталган инсандар пайдалануу менен катар, эскерүү жана керектүү урматтоо милдетин аткаруудагы максаттар олуттуу жана үнөмдүү түрдө ишке ашкан болот. Андан кийин өлгөндөрдөн, тирүүлөрдөн эч кимге кымындай пайдасы тийбеген бул рухсуз сүрөттөрдүн, айкелдердин ибрет (сабак) ала турган көздөргө эч кандай пайдасы жок.

Хазрети Омардын атына айкел тургузулбагандыгы анын даңазалуу ишмердигине кымындай да зыянын тийгизбейт. Расулуллах алейхиссалам үчүн бир айкел орнотуу сый-урмат эмес, тескерисинче, өтө адепсиздик болот. Иса алейхиссаламдын дубалдарга илинген сүрөттөрүнө кайгырбай коюу мүмкүн эмес.

Хазрети Омардын доорунда каратылган аймактардан болгон Кисра сарайында материалдык баалуулугу жана кооздугу менен бүгүнкү күндө миллиондогон, балким миллиарддаган баага ээ оймо-чиймелүү бир килем олжолордун арасында колго түшүрүлгөн эле. Халифа Хазрети Омардын буйругу менен ал баалуу килем майда бөлүктөргө кесилип, газилерге таратылып берилген эле. Кээ бирөөлөр бул окуяга таң калышы мүмкүн. Бирок, жакшылап ойлонгондо, Хазрети Омардын бул маселе боюнча чечими кайрадан өзүнө жарашкан улуулуктан келип чыгат. Анткени, көбүрөөк аялдарга жарашкан чыгаша жана зыйнат кумарын жаңы бир динге ээ болгон элдин башына балээ кылбоо үчүн ушундай кылуу зарыл эле. Дүнүйөнү тоготпогон Хазрети Омар үчүн мындай нерселер эч кандай мааниге ээ эмес. Эгер мындай ашыкча көркөмдүк, шандуулук бир өкүмдар үчүн пайдалуу болгондо, Кисранын мамлекетине пайдалуу болмок жана аны кыйроодон сактап калмак.

Жаратылыш пейзаждары болгон укмуштуудай сүрөттөр да адамзат түздөн-түз муктаж болгон  нерселерден деп эсептелбейт. Бирок, кээ бир байлар мындай кооз сүрөттөргө миллиондогон акчаларды берүүдөн тартынышпайт. Негизи бул акчага көптөгөн кедейлерди кубантууга болот.

Жандуулардын сүрөтүн тартууга жана аларды үйлөрдө сактоого тыюу салынышынын хикметин (сырын, себебин) бутпарастыктын алдын алуу деп ойлогондор бар. "Бүгүнкү күндө бул сүрөттөргө, айкелдерге сыйынгандай адашкан эч ким жок. Же мен эч качан сүрөткө сыйынбайм” деп, өзүнө өзү фатва берген кээ бир билермансынган кишилер акыл жана түшүнүк жагынан кемчил. Бул "Ичкиликке тыюу салынгандыктын себеби – мас кылгандыктан. Мен мас болбой турганчалык ичүүдөмүн” деген сыяктуу. Ар бир маселеде буйрукту так аткарган кызматчы себебин, маанисин издеген кызматчыга караганда көбүрөөк жактырылат.

Өтө улуу бир аалымдын эң сабатсыз жана акылсыз кызматчысына берген буйруктары ошол кызматчы тарабынан "Кожоюнубуздун максаты ушундай болуш керек, түкүндөй болуш керек” деген таризде чыгарыла турган маанилерге негизделип аткарылышы абдан кызык каталыктарга себеп болот. Бирок, Аллаху таала же Расулуллах алейхиссалам менен биздин ортобуздагы катыш, даража мисалда көрсөтүлгөн катыш жана аралыкка да салыштырууга болбойт. Ошондуктан, баланча өкүмдүн себеби түкүнчө деп өкүм бере албайбыз. Мына, сүрөткө тыюу салынуунун себеби да биз жогоруда айткандан гана турбайт. Анын башка көптөгөн хикметтери бар. Диний буйруктардын жашыруун хикметтерин түшүндүрүүгө аракет кылуу бизге окшогон алсыздардын иши эмес. Мындай бийик иштерге кийлигишүү чекти ашуу болуп саналат. 

Сүрөттүү гезит жана баштык 

Суроо: С.Абадиййада "Бийик жерге сүрөт илип коюу арам болгондой эле, мубарек инсандардын сүрөттөрүн да бийик жерге илип коюу арам” деп жазылган. Негизинен атам окуган гезитти белинен өйдө столдун үстүнө коёт. Апам да жандуу бир нерсенин сүрөтү түшүрүлгөн баштыкты илгичке илип коёт. Алардын мындай кылуулары арамбы?

ЖООП: Сүрөттү илип коюу менен баштыкты илип коюу бирдей эмес. Куттуу инсандардын сүрөттөрү бийик жерлерге сый-урмат үчүн илинет. Гезит же баштык сый-урмат үчүн эмес, бут астында илинип же туруп калбашы үчүн бийик жерлерге коюлат. Баштыктарды илип, гезитти жерден алып, бийик жерге койгондорду арам иш кылды деп айтуу туура эмес.

Сүрөттөр жогоруда болобу же жерде болобу, ал жерге ырайым периштелери кирбейт. Намаз окуп жатканда да сүрөттөрдү жаап коюу керек. Себеби, жандуулардын сүрөтү намаз окуган адамдын башында, алдында, оң жана сол жагында дубалга тартылган же чүпүрөккө, кагазга тартылып илинген же коюлган болсо намаз макрух болот. Сүрөт намаз окуган адамдын артындагы дубалдарда жана шыпта болсо макрухтук жеңилдейт. Эгер жандуулардын сүрөтү басылган, отурулган, таянылган нерседе болсо намаз макрух болбойт. Бирок, мындай бөлмөгө ырайым периштелери кирбейт. Бул жагынан алганда, гезитти окугандан кийин сүрөттөрдүн үстүн көрүнбөй тургандай жаап, ачык жерде эч сүрөттөрдү калтырбоо керек. 

Сүрөт сабагы тапшырмасы 

Суроо: Мектеп тапшырмасы катары жандуулардын сүрөттөрүн тартуу жаизби? Ошондой эле медицина илиминде колдонуу үчүн анатомиялык сүрөттөр жаизби?

ЖООП: Ооба, эгер кандайдыр бир зарылдык же муктаждык болсо жандуу нерсенин сүрөтүн тартуу жаиз болот.

Ислам дини адамдарды шылдыңдоого, жандууларга сыйынууга, жаштардын бузукулукка тартылуусуна жана никелүүлөрдүн жолдон чыгарылуусуна курал, себеп болгон адамдын сүрөттөрүн, айкелдерин арам кылган болуп, жандуулардын анатомиялык бөлүктөрүнө, өсүмдүктөрдүн жана ар түрдүү физика, химия, астрономия жана курулушка таандык сүрөттөрдү адал кылган, уруксат берген. Илимде жана техникада талап кылынган сүрөттөрдүн тартылуусун жана алардан пайда алууну буюрган. Ислам дини башка бардык нерселерде болгондой эле, сүрөттөрдү да пайдалуу жана зыяндуу деп экиге бөлүп, пайдалууларын буюрган жана зыяндууларына тыюу салган. (С.Абадиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш