Ислам дини » Халал-Харам » Эркектерге жана аялдарга окшошуу




Эркектерге жана аялдарга окшошуу


Суроо: Айылдагы тойлордо оюн үчүн бир балага кыздын кийимин кийгизип, ала качышат. Кыздарга да эркектердин кийимдерин кийгизишет. Ушундай кылуу туурабы?

ЖООП: Оюн үчүн да, тамаша катары да эркектер аялдардын кийимин зарылдыксыз кийбеши керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам эркек кейпине кирип, найза менен куралданган бир аялды көргөндө: "Эркектерге окшошкон аялдарга жана аялдарга окшошкон эркектерге Аллах лаанат кылсын!” – деди. (Табарани)

Расулуллах алейхиссалам колун жана буттарын кына менен боёп, аялдарга окшошууга аракет кылган бирөөнү сүргүнгө айдаган. (Абу Давуд)

Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Эне-атасына каршы чыккан, эркектерге окшошууга аракет кылган аял жана даййус Бейишке кире албайт.” [Насаи]

Ушул күнөөлөрдү же башка чоң күнөөлөрдү кылган адам эгер ыйманы менен өлсө күнөөлөрүнүн жазасын тарткандан кийин Бейишке кирет.

Чоң күнөө кылууну уланткандардын ишеним менен өлүшү кыйын. Ошондуктан, ар бир күнөөдөн сактануу керек! 

Эркектердин чачтарын узартуусу

 Суроо: Эркектердин аялдарга окшоп чачын узартып, тогоо, мончок, билерик, сөйкө тагынуусу жаизби?

ЖООП: Аялдарга окшошуу болот, бул кескин түрдө жаиз эмес. Бул тууралуу диний китептерибиздеги маалыматтар төмөнкүдөй:

Аялдар менен эркектердин кырынуу, кийинүү жагынан карама-каршы жыныска окшошуусу харам. (С. Абадиййа)

Эркектердин жаакка чейин чач узартып, аялдарга окшошуулары арам. (Хадика)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай дейт:

"Эркекке окшошууга аракет кылган аял, аялга окшошууга аракет кылган эркек бизден эмес.” [И.Ахмед]

Окшошуу ниети жок болсо да эркектердин мойнуна мончок, колуна билерик, кулагына сөйкө тагынуусу аялдарга окшошуу болот жана жаиз эмес.

Бакенбард коюу

 Суроо: С.Абадиййа китебинде: "Аялдарга окшошуу үчүн сакалын кыруу, ээгин кырып, жаакка чейин узартуу харам. Аялдарга окшошууну ойлобостон жаш жана сулуу көрүнүү үчүн сакалын кыруу макрух”, - деп айтылууда. Кулактарга чейин бакенбардды узартуу да макрух болобу?

ЖООП: Бакенбард узарткан адам аялдарга окшошкон болбойт. Китепте "Жаакка чейин узартуу” деген сөзү айтылган. Бакенбард бетте сакал бүткөн жерде болот. Бакенбарддын жалгыз өзүнө сакал деп да айтылбайт. Бирок, ошондо да бакенбардды узартуу орундуу эмес.

Эркектердин аялдарга окшошуу ниети менен чачтарын ийинге чейин узартуусу же буддист кечилдерге окшошуу ниети менен чачын толугу менен кырып салуусу тахриман макрух. Андай ниет болбосо макрух болбойт. 

Карама-каршы жыныстын кийимин кийүү 

Суроо: Үйдө намаз окуу сыяктуу кандайдыр бир муктаждык болгон учурда аялы менен күйөөсү бири-биринин кийимин кийсе жаизби же карама-каршы жыныска окшошуу болобу?

ЖООП: Жаиз, кандайдыр бир муктаждык үчүн болгондо зыяны жок. Карама-каршы жыныстагы адамга окшошуу болбойт. 

Аялдарга окшошуу 

Суроо: Эркектердин сүйлөгөнү, жүрүм-туруму жана кыймыл-аракеттери менен аялдарга окшошуусу күнөө болобу?

ЖООП: Ообо, күнөө болот. Ыр, түркү ырдаган жана аялдар сыяктуу аракеттерди жасаган эркектер тообо кылганга чейин тазир кылынат (жазаландырылат). (Хиндия) 

Карама-каршы жыныстагы адамга окшошуу 

Суроо: "Кутуб-и Ситта”да "Эркектешкен аялдарга, аялдашкан эркектерге каргыш болсун” деген бир хадиси шарифти көрдүм. Эркектешүү менен аялдашуу дегенди кантип түшүнүүгө болот? Эркек кезде аял, аял кезде эркек болуубу?

ЖООП: Жок, эч кандай операция менен эркек кезде аял, аял кезде эркек болуу мүмкүн эмес. Тубаса хунса (эркек же аял экени белгисиз адам) болушу мүмкүн. Башкача айтканда, башында аял деп эсептелип, кийин эркек экени белгилүү болушу мүмкүн. Же эркек деп эсептелип, кийин аял экени белгилүү болушу мүмкүн. Бул өзүнчө бир маселе.

Аалымдарыбыз "Аялдардын кийимин кийген эркекке жана эркектердин кийимин кийген аялга каргыш болсун” деген хадиси шарифте жогорудагы хадиси шарифке түшүндүрмө берилгенин, окшошуудагы максаттын кийинүү, сүйлөө жана кыймыл-аракеттерде карама-каршы жыныска окшошуу экенин билдиришкен.

Мүнөзүн, кыймыл-аракеттерин, сөздөрүн жана келбетин аялдарга окшоштурган адам "муханнас” деп аталат. Булар тууралуу хадиси шарифте: "Өзүн аялдарга окшоштурган эркектерге жана эркектерге окшоштурган аялдарга Аллахтын лаанаты болсун!” - деп айтылган. Зарылдыксыз эле эркектерге окшоп кийинген, алардай кырынган жана эркектин ишин кылган аялдар, аялдарга окшоп чачын узун өстүргөн, кооздонгон эркектер бул хадиси шарифке жатат. (Ислам Ахлагы) 

Аялдардын жаныбарды минүүсү 

Суроо: Аялдарга зарылдык боло турган болсо төө, ат, эшек сыяктуу жаныбарга минүүгө болобу?

ЖООП: Эркекке окшошуу, мактануу ниети менен же зарылдыксыз минүү жаиз эмес. Ибни Абидин хазреттери айтат:

"Хадиси шарифте мусулман бир аялдын жаныбарды мине албай тургандыгы билдирилген. Эгер согуш, ажылык сыяктуу кандайдыр бир диний же дүнүйөлүк зарылчылык бар болсо, минүүнүн зыяны жок.” (Радд-ул-мухтар) 

Суроо: Эркектер менен аялдардын кырынууда, кооздонууда жана кийинүүдө бири-бирине окшошуусунун динибизде кандай өкүм бар?

ЖООП: Аялдар менен эркектердин кырынууда, кооздонууда жана кийинүүдө бири-бирине окшошуусу арам. Эркектердин жаакка чейин чач узартып, аялдарга окшошууларынын арам экени "Хадика”да жазылган. 

Суроо: Аялдардын эркектерге окшошуу ниети болбостон чачын кыскартууларынын диний жааттан зыяны барбы?

ЖООП: Бул маселеде Хамеви "Эшбах”ка жазган түшүндүрмөсүндө мындай дейт:

"Аялдардын башындагы чачтарын кыруу же кыркуу же дары колдонуу менен жок кылуулары тахриман макрух.” Эркектерге окшошпоо шарты менен чачтарын кулактарга чейин кыскартууларынын жаиз экендиги да билдирилген.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш