Ислам дини » Халал-Харам » Кына сүрүү




Кына сүрүү


Суроо: Кына кандай мааниге ээ?

ЖООП: Кынанын мааниси хадиси шарифтерде мындайча билдирилген:

"Кына сүргүлө. Анткени, ал сулуулугуңарды, жаштыгыңарды жана нике сүйүүңөрдү арттырат.” [Абу Нуайм, Беззар]

"Эң алгач кына сүргөн Ибрахим пайгамбар эле. Кара түс менен эң алгач боёгон фараон эле.” [Дайлами]

"Күйөөсү каза болгон аял [иддат мөөнөтү аяктаганга чейин]  кооз кийимдерди кийбейт. Ошондой эле жасалгаларды тагынбайт, кына сүрбөйт, сүрмө тартпайт.” [Муслим]

"Боёнуунун эң жакшысы – кына менен болгонуу.” [Дайлами]

"Карылыгыңарды кына менен кетиргиле. Анткени, ал жүзүңөргө сулуулук, оозуңарга жагымдуу жыт, аялдарга күч-кубат. Кына бейиштиктердин жытынын сеййиди жана кына күфүр менен ыйманды ажыратат.” [И. Асакир]

"Мына бул нерселер Лут коомунун жаман мүнөздөрүнөн: Эркектердин сагыз чайноосу, жолдо мисвак колдонуу, ышкыруу, көгүчкөндөр менен ойноо, эркектердин манжаларына кына сүрүүсү, ич көңдөйү ачык абалда жүрүү.” [Дайлами]

"Кына менен боёнгула. Анткени, ал жыпар жыттуу жана коркууну басат.” [Хаким]

"Чачыңарды кына менен боёгула жана яхудилерге окшошбогула.” [Ибни Ади]

"Сакалыңарды кына менен боёгула. Анткени, периштелер момундун кына сүрүүсүнө кубанышат.” [И. Адий]

"Пайгамбарыбыз алейхиссалам башы ооруган адамга: "Бар, хижама кылдыр”, буту ооруган адамга: "Бар, бутуңа кына кой”, - дечү.” [Табарани]

"Расулуллахка вахий келгенде башы ооруп калчу жана башына кына койчу.” [Ибни Сүнни]

"Эгерде денесинде жара бар болсо анын үстүнө кына койчу.” [Ибни Маажа]

"Аялдын колунда кынанын изи болушун жактырчу.” [Байхаки] 

Аялдардын кына сүрүүсү 

Суроо: Аялдар колдоруна кына сүрүшөт, чачтарын боётушат жана түрдүү дарылар менен чачтарынын өңүн өзгөртүшөт. Булар жаизби?

ЖООП: Баары жаиз. Бирок, чоочундарга көрсөтпөөлөрү зарыл. Чоочун эркектерге көрсөтпөө шарты менен аялдардын бардык жасалга жана кооздуктары жаиз. Жолдошу үчүн кооздонуу сүннөт, чоочундар үчүн кооздонуу харам. 

Эркектердин кына сүрүүсү 

Суроо: Эркектердин чачынын төгүлбөшү же баш ооруганда кына сүрүүлөрү жаизби?

ЖООП: Ооба, жаиз. Эгер дарылануу максаты жок болсо, анда жаиз болбойт. 

Суроо: Кына гусул менен дааратка кедерги болобу?

ЖООП: Кедерги эмес. Кына сыя сыяктуу, астына суу өтөт. 

Суроо: Каза болгон аялдын башына кына коюу жаизби?

ЖООП: Ооба. 

Кайра кына сүрүү 

Суроо: "Эгер кына сүрүлгөн колго кайра кына сүрүлсө, адам эки жолу үйлөнөт”, - деп айтылууда. Бул туурабы?

ЖООП: Жок, туура эмес, жаман ишеним. Эки жолу да, үч жолу да сүргөнгө болот. Жолдошу каза болгон аял гана иддат мөөнөтү аяктаганга чейин кына сүрбөйт. Бир хадиси шариф:

"Жолдошу каза болгон аял [иддаты аяктаганга чейин] кооз кийим кийбейт, жасалга тагынбайт, кына сүрбөйт жана сүрмө тартпайт.” [Муслим]

Дагы бир маселе - кына зыйнат, жасалга. Аял киши кыналуу колун чоочун эркектерге көрсөтө албайт. Ошол абалда сыртка чыга албайт. Эркек болсо ансыз да зыйнат болгондуктан, кына сүрө албайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш