Ислам дини » Халал-Харам » Чочко этин жеш арам




Чочко этин жеш арам


Суроо:  Чочконун ар бир адамга, жибек менен алтындын эркектерге арам болушунда кандай хикмет (сыр, себеп) бар? 

ЖООП: Динибизде бир нерсе арам болсо анын хикметин билбесек дагы анын арам экенине ишенүү керек. Мухаммед алейхиссалам пайгамбар катары билдирген нерселерге акылга дал келгендиктен же тажрыйба аркылуу түшүнүлгөндүктөн ишенүү ыйман болбойт. Анткени, бул акылды тастыктоо дегенди билдирет. Арамдардан сөзсүз эле организмге зыяндуу кандайдыр бир нерсе изделбеши керек! 

Чочко ар кандай нажасаттарды жеген кир жаныбар. Зыяндуу болгондуктан түрктөр эле эмес, европалыктар да кимдир-бирөөнү кемсинтүү үчүн "чочко” дешет. 

Тооратта чочко этине тыюу салынгандыктан азыркы яхудилер да чочко этин жешпейт. 

Бүгүнкү күндө медицина адамдарга эң көп зыян келтирген жана оору жуктурган эттин чочко эти экендигин аныктаган. 

Чочко этин жеген адамдарда [өт сезгенүүсү, сокур ичек, ичеги-карындын сезгениши, түрдүү чыйкандар, муундардын кальцинациялары, атеросклероз, ревматизм, сасык тумоо, кан басымынын жогорулугу, жүрөктүн стенокардиясы, инфаркт сыяктуу] ар кандай оорулардын кездешкени белгилүү болгон. 

Чочко этиндеги өсүү гормону рак оорусун пайда кылаары аныкталган. Чочконун эти аркылуу жугуучу трихиноздун дабасы бүгүнкү күндө да жок. 

Чочкодогу тасма курту ашказан жана ичеги аркылуу канга өтүп, көз, мээ сыяктуу маанилүү органдарда оор ооруларга, ал тургай өлүмгө себеп болууда. 

Чочко этин жегендерде кызгануу сезимдери басаңдап, намысын кызганбагандыгы аныкталган. Чочко майы Е витаминин заматта жок кылат. Адамда Е витамини жок болгондо тукуму токтойт, Е витамининин жетишсиздиги сүйүүнү, ашыктыкты жок кылат. 

Е витамининин жетишсиздиги эркектерде тукумсуздукка, аялдарда бойдон түшүү оорусу пайда болот. Е витамини майлардын кычкылдануусунун алдын алат. 

Е витамини азайганда А витамини кычкылдануунун алдын ала албайт. А витамини жок болгондо жыныстыкка терс таасирин тийгизет. Ошондой эле чочко этин жана майын жегендерде мүнөздүн өзгөрүүсү байкалгандыгы аныкталган. 

Чочко этинин башка жаныбарлардын эттеринен эч кандай артыкчылыгы жок. Анын үстүнө сиңүүсү кыйын, белоктук баалуулугу өтө төмөн. 

Эгер чочконун башка зыяндары да аныкталса, канткен күндө да "сөзсүз эле бул же тигил себептерден улам чочко арам кылынган” деп айтууга болбойт. Ал эми, эч кандай зыяны аныкталбаса да, динибиз тыюу салгандыктан чочко этин жеш арам. 

Жибек менен алтындын эркектерге арам болушунун себебин да ушул өңүттөн кароо керек. 

Суроо: Чочко этин жеп жатканда бисмиллахты айтуунун өкүмү кандай? 

ЖООП: Ибни Хажар Мекки хазреттеринин "Заважир” аттуу эмгегинен жана бир нече китептен алынган күфүргө себеп болгон сөздөрдүн, иштердин кээ бирлери төмөнкүдөй: 

- Анык арам экени белгилүү болгон бир нерсени жеп-ичип жатканда бисмиллахты айтуу. Мисалы, шарап ичип же чочко этин жеп жатканда Бисмиллахты айтуу күфүр. 

- Капырлардын диний ырым-жырымдарын, майрамдарын жактыруу. Мисалы, зарылдыксыз бир христиандын "рождествосу" менен куттуктоо. Нооруз күнү жумуртка боё. 

- Белгилүү бир арамга адал, белгилүү бир адалга арам деп айтуу. Мисалы, чочко майы адал, жүзүм ширеси арам деп айтуу. 

Чочко майын адал дегендер 

Суроо: Рашат Халифа аттуу египеттик мазхабсыз бир адам негиздеген 19чулук диндегилер: "Аллах Куранда чочко этин арам кылат, анын майын арам деп айтпайт. Чочко майы адал”, - дешет. Чочко эти арам болсо, анын майы кантип адал болот? 

ЖООП: Бул сөздөрдө бир нече каталар бар: 

Биринчиси – логика, кыяс (салыштыруу) катасы. Эгер бир жаныбар тарп болсо, эти кир, майы таза болбойт. Рашат Халифанын логикасы менен Аллаху таала чочко этин гана арам кылды, майын же тезегин арам деген жок деп, чочконун тезегин адал деп айтууга болобу? 

Экинчиси – арам кылынган жаныбарлардын баарын Курандан табууга болобу? Мисалы, Куранда ит этине тыюу салынган эмес, жылан, чаян, бүркүт сыяктуу жаныбарлардын арам экендиги жазылган эмес. Куранда таба албадым деп, Аллахтын Расулу арам кылган бул жаныбарларды адал деп айтууга болобу? Алар ишенбеген Курани каримде мындай мааниде айтылат: 

"Ихтилафтуу (талаштуу) бир иштин өкүмүн билүү үчүн Куран жана Сүннөттү карагыла!” [Ниса, 59] 

"Ихтилафтуу нерселерди адамдарга түшүндүрөсүң деп бул Китепти сага түшүрдүк.” [Нахл 44, 64] 

"Расулга баш ийген адам Аллахка баш ийген болот.” [Ниса, 80] 

"Ал Пайгамбар жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат.” [Араф, 157] 

Аллаху таала Куранга гана карагыла деп жаткан жок, Сүннөткө да карагыла, Расулума баш ийгиле деп буюрууда. Куранды ал түшүндүрөт деп жатат. Аллахтын бул аяттарына ишенбеген адам Куранга жана Аллахка ишенген болобу? Ошондуктан, "Бир гана Куран” деген бузукулар анык Куранга жана Аллахка ишенишпейт. Хадиси шарифтерде кайсы жаныбарларды жесе болору жана болбосу ачык айтылган. Курани каримди түшүндүрүү зарыл болгондой эле, хадиси шарифтерди да түшүндүрүү зарыл. Куранда: "Эгер билбесеңер аалымдардан сурагыла”, - деп дагы буюрулат. (Нахл, 43) 

Бул аяттар Расулуллахтын сөзүнүн динде далил болгондой эле, аалымдардын да далил экенин билдирүүдө. Буларды далил катары кабыл албаган адам кантип Куранга ишенген болот? "Бир гана Куран” дегендер Аллахка, Куранга жана Анын Расулуна ишенбеген тасаттурдун (оронуунун) душмандары. Ошондой эле Расулуллахтын сөзүн кабыл кылбагандардын капыр экени Куранда билдирилүүдө: 

"Аллах менен расулдарынын буйруктарын бири-биринен ажыратып, экөөнүн ортосунда бир жолду кармангысы келген адам капыр.” [Ниса 150, 151] 

19чу кежирлик менен мындай дейт: 

Чочко майынын арам эместигин Аллахтын элчиси Рашат Халифа 6-сүрөнүн 145 жана 146-аяттарын бири-бири менен салыштырып айткан. 

ЖООП: Бул аяттар жаңы эле түштүбү? Расулуллах алейхиссалам ал аяттарды кантип түшүндүргөн? 1400 жылдан бери миңдеген Ислам аалымдары келген. Кайсы Ислам аалымы чочко майын адал деп айткан? 146-аятта яхудилерге эти желген кой жана уйдун ич майынын арам кылынгандыгы айтылууда. Бул жерден чочко майы адал экенин кантип салыштырууга болот? Эмне үчүн Решат Халифанын салыштырмасына өлөрчө ишенесиң да, Расулуллахтын билдиргенине ишенбейсиң? Аллаху таала Расулуна вахий аркылуу билдирген, Ал болсо бизге билдирди. Аллахка ишенген адам вахийге да ишенет. Анын Расулунун сөздөрү вахийге таянат. (Нажм, 4) 

19чу кежирлик менен мындай дейт: 

Менин оюмча, ичкилик күнөө деп жүзүмгө тыюу салуу сыяктуу, чочко эти күнөө деп, анын майына, терисине жана калган нерселерине тыюу салуу маанисиз. 

ЖООП: Диний өкүм боюнча "сенин оюңча, менин оюмча” деген нерсе болушу мүмкүнбү? Анда адамдардын саны канча болсо, ошончо дин болот. Бул болсо дин эмес, динсиздик деп аталат. Динде накыл негиз. Диний маалыматтар убакыттын өтүшү менен өзгөрбөйт. Аллахтын жана Анын Расулунун сөздөрү далил. Ошондуктан, бизге окшогондордун Куран боюнча көз караштары жараксыз. Анткени, хадиси шарифте: "Куранды жеке көз карашы боюнча ачыктаган адам капыр болот”, - деп айтылган. 

Чочко эти кошулган мышыктын азыгы 

Суроо: Мышыктын азыктарында чочко эти да бар. Бул азыкты мышык жесе күнөө болобу?

 ЖООП: Жаныбарга эч нерсе күнөө эмес. Аны бергенге да күнөө эмес. Чочко эти кошулбаган азыктарды тандаса жакшы болот. 

Чочко майын жегенге болбойт 

Суроо: "Мен расулмун, башкача айтканда, пайгамбармын” деп айта турганчалык мээси айнып калган жана жалган бир динди негиздеген египеттик Рашат Халифа"Чокчо эти арам, бирок, майы адал. Анткени, Куранда чочконун эти гана арам деп айтылат, майы жана башка жерлери айтылбайт”, - дейт. Чочко эти арам болсо, анын майы, ичегилери жана ичегилериндеги артыктары адал болобу? 

ЖООП: Албетте, адал эмес. Ислам аалымдары: "Бидатчы Курани каримди түшүнө албайт”, - дешет. Куран карим конституция сыяктуу. Конституция мыйзамдар менен түшүндүрүлөт. Аяти карималар жана хадиси шарифтер көбүнчө шартсыз айтылат. Шартсыз айтылганда анын кээ бир шарттары бар. Мисалы, Курани каримде "Кан арам” деп айтылган. Мындан кандын бардык түрү арам экенин түшүнүүгө болбойт. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) хазреттери аккан кандын арам экенин билдирген. Боор жана кан сактагыч болгон көк боордогу кандын арам эместигин түшүндүрдү. Эттердин ичиндеги кан да арам эмес. Дагы ошол эле аяти каримада башка бир жаныбар тарабынан өлтүрүлгөн жаныбарды да жегенге болбой турганы билдирилген. Мунун шарттарын да Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындайча баяндайт: 

"Үйрөтүлгөн аңчы итти Аллахтын атын айтып ууга жөнөткөн кезиңде, ал сен үчүн кармаган олжосун өлтүргөн болсо да аны же! Бирок, ит кармаган олжосун жеген болсо, аны жегенге болбойт. Анткени, кармаган олжосун өзү үчүн кармаган болот.” [Бухари] 

Бир хадиси шарифтин түшүндүрмөсүн да фикх аалымдары өз китептеринде жазышкан: 

Үйрөтүлгөн бир ит бир коёнду өлтүрүп алып келсе каралат. Эгер аны өзү үчүн өлтүргө болсо, башкача айтканда, биразын жеген болсо, аны жегенге болбойт. Эгер бир да тийбей алып келген болсо, аны жегенге болот. Ошон үчүн итке көнүп калып коёнду жебесин деп бышкан эт беришет. Буларды аяти каримадан жана хадиси шарифтен биз кантип таба алабыз? 

Дагы аяти каримада мууздалбай өлгөн малды жегенге болбой тургандыгы билдирилген. Пайгамбарыбыз алейхиссалам мунун бир бөтөнчөлүгү бар экенин айтып, мындай дейт: 

"Силерге эки майта [өлүк мал] жана эки кан адал кылынды. Эки майта – балык менен чегиртке, эки кан болсо – боор жана көк боор.) [Ибни Мажа] 

Эгер муну Пайгамбарыбыз алейхиссалам түшүндүрбөгөндө, илмихал китептеринен маселенин чындыгын үйрөнбөгөнүбүздө, балык жей алмак эмеспиз. Эгер канды түшүндүрбөгөндө көк боорду жей алмак эмеспиз. Дагы эле аяти кариманы түшүнбөй көк боорду арам дегендер бар.

 Рашат Халифа эң атактуу бидатчылардын бири. Анын Куранды түшүнүшү эч качан мүмкүн эмес. "Чочконун эти гана арам” деген сөз муну ачык көрсөтүп турат. Демек, чочконун тезегин да адал деп айта алат. Куранда жазылган эмес деп ит этине адал деп айткан зындыктар аз эмес. Аллаху таала Пайгамбарыбыз алейхиссаламды эмне үчүн жиберди? Эгер Ал Куранды түшүндүрбөгөндө, ит этинин арам экенин ким кайдан билмек? Кытайларга окшоп туш келген зыянкечтердин баарын жечү элек. Андай болсо аяти карималар менен хадиси шарифтердин түшүндүрмөлөрү болгон ишенимдүү илмихал китептерине ылайык амал кылуубуз керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш