Ислам дини » Халал-Харам » Жеп-ичүүгө байланыштуу түрдүү суроолор




Жеп-ичүүгө байланыштуу түрдүү суроолор


Суроо: Уксус менен сироп (кайнатылган мөмө ширеси) убакыттын өтүшү менен шарапка айланабы?

ЖООП: Жок, айланбайт.

Суроо: Тамак-аш жана азыктардын курамында желатин деген зат кездешет, көптөр ал негизинен чочкодон алынат деп айтышат. Бул туурабы? Тагыраагы, желатин бар азыктардан алыс болушубуз керекпи?

ЖООП: Динибизде бир өлчөм бар. Эгер желген азыкта чочко майы бар экени так билинбесе аны жеп-ичүүнүн зыяны жок.

Суроо: Тамак-аш идиштерин жабык кармоо керекпи?

ЖООП: Тамак-аш жана суу идиштердин капкагы болушу керек. Кеч жатаарда тамак-аш жана суу идиштердин үстүн жабуу керек. Эшиктерди жабуу керек. Жарыктарды өчүрүү керек. Балдар үйгө келген болушу керек. Түндөрү жиндер тарашат. Дайым тыкан, иреттүү болуу, тазалыкты сактоо абдан жакшы болот.

Хадиси шарифтерде айтылат:

"Түнү жатаарда суу идиштеринин оозун жап, тамак-аш идиштеринин үстүн жап! Эгер жаба турган эч нерсе жок болсо Бисмиллах айтып бир чыбыкты үстүнө кой!”[Муслим]

"Түнү идиштерди жаап койгула, бош идиштерди да жаап койгула же тескерисинен аңтарып койгула!” [Бухари]

Суроо: Мак (апийим) уругу себилген нанды жеген күнөөбү?

ЖООП: Күнөө эмес. Бул токочторго себилчү мактын уругу. Анын уругу майлуу зат болуп, курамында апийим жок. Уругунан май да алынат. Анын майында да, чөбөгөсүндө да апийим жок. Мактын апийим бөлүгү анын капсуласында болот. Бул бөлүгү ансыз да токочторго кошулбайт.

Суроо: Сасык тумоо болгондо мурдум бүтөлөт. Спирт кошулган дарынын буусу менен дем алуу жаизби?

ЖООП: Ооба. Бирок, спиртсизи бар болсо орундуу болот.

Суроо: Какао ликёру бар шоколадды жеген жаизби?

ЖООП: Ликёр – мөмө, алкоголь жана эссенция аралашмасынан жасалган ичкиликтин бир түрү. Чет өлкөдөн алынып келинген ликёр кошулган конфет жана шоколаддар бар. Буларды жеген жаиз эмес. Бирок, какао ликёру ликёр кошулган какао эмес. Бул куурулган какао данегинин майдаланган жана суюктукка айлантылган түрү. Анын курамында алкоголь жок. Түркияда сөздөргө байланыштуу түшүнүк башаламандыгы бар. Көп сөздөр туура колдонулбайт. Мисалы, "Мужиза жаратты” дешет. Мужиза сөзү пайгамбарлардан башка эч кимге колдонулбайт. Жаратуу болсо Аллахка гана таандык. Туура эмес сөздөрдү колдонуудан сактануу керек!

Суроо: Куштун же башка жаныбардын формасында торт жасаган жаизби?

ЖООП: Жок. Мубах нерселерде да динге баш ийүүдө жакшылык, береке бар.

Суроо: Бир досум башка жердеги досуна белек кылуу үчүн мага бир куту шоколад берди. Жолдо шоколаддын жарымын жедим. Баргандан кийин шоколаддын жарымын жегенимди айтып кечирим сурап адалдаштым. Анын кабары жок жегеним үчүн күнөө болдубу?

ЖООП: Сиз аманатка кыянаттык кылыптырсыз. Кечирим сурап адалдаша электе өлүп калууңуз да мүмкүн эле. Бирок, адалдашкандан кийин макрух гана болот. (Хиндиййа)

Суроо: Тамекини аз тартканда күнөө болбогондуктан, кээ бир чөптөр бар, алар күнөө болбойт деп жатышат. Героин жеңилирээги имиш?

ЖООП: Героин жеңил эмес өтө күчтүү баңги зат. Мас кылбаган чөптөрдү жегендин зыяны жок. Мас кылгандарын да мас кылбай тургандай өлчөмдө жеш жаиз.

Суроо: Этти көп жеш адамдын жүрөгүн караңгылатат экен. Мунун өлчөмү кандай?

ЖООП: Эгер үзгүлтүксүз кырк күн жесе ошондо көп жеген болот.

Суроо: Ооздо жаман жыт пайда болбоосу үчүн сагыз чайнаса болобу?

ЖООП: Ооба, чайнаса болот.

Суроо: Эттин үстүндөгү кан башка этке жугуп калса нажис болобу?

ЖООП: Жок. Аккан кан нажис. Эттеги акпаган кан нажис болбойт.

Суроо: Ментолдуу салфеткаларда алкоголь барбы?

ЖООП: Жок.

Суроо: Ичкилик ичилген ресторандын ээси белекке берген тамакты жеген жаизби?

ЖООП: Жаиз. Анткени, анын мал-мүлкүнүн көбү харам эмес.

Суроо: Жыттанып кеткен эт нажиспи?

ЖООП: Андай эмес.

Суроо: Балдар үйүнүн кызматкери ал жердин тамагын жесе болобу?

ЖООП: Жесе болот. Жетимдин велиси (камкорчусу) анын мал-мүлкүнөн жей алат.

Суроо: Шыпаа аяттарын фото көчүрмөсүн сууга салып, суусун ичүү жаизби?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Мулжи икрах (коркутуу, кыйноо) менен шарап ичпеген адам күнөө кылган болобу?

ЖООП: Анын жаиз экенин билбеген адам ичпей өлтүрүлсө шейит болот.

Суроо: Импорттолгон сырларды жеген жаизби?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Даарат алып, чоргодон суу ичүү даараттан артып калган сууну ичкендей шыпаабы?

ЖООП: Ооба.

Суроо: "Мен жокто столумдагы конфеттерден алгыла” дейм. Алардын алып кетүүсү жаизби?

ЖООП: Ошол жерден жеш жаиз. Алып кетүүлөрү жаиз эмес.

Конфет сактоо

Суроо: "Үй ээси конфет кутусун досуна берип, конокторго өзүң каалагандай таратып бер десе, ал да бирөөгө бир, башка бирөөгө бирден көп берсе, бирөө ошол жерден жесе, башка бирөө үйүнө алып кетсе жаиз болбойт”, - деп айтылууда. Бул туурабы?

ЖООП: Туура эмес, жаңылыш. Мунун эч кандай зыяны жок. Өкүл асыл сыяктуу, аз же көп бере алат. Берилген нерсе алган адамдын менчиги болгондуктан кааласа ошол жерде жейт, кааласа үйүнө алып кетет.

Суроо: Уурдаган сүтүн ичкенден кийин зыянды төлөсө халал болобу?

ЖООП: Ооба.

Суроо: Жайлоолордо суулар жана дарыялар үстү ачык агып жатат. Мындай сууларды ичкенге жана мындай суулар менен даарат алууга болобу?

ЖООП: Эгер ичине нажасат аралашып кетпеген болсо, үстүнүн ачык болуусунун зыяны жок. Негизинен аккан суулар кир болбойт. Хадиси шарифте: "Түсү, даамы жана жыты өзгөрбөгөн суу таза, нажис эмес”, - деп айтылган. (Дурер)

Суроо: Анык уруксат бере тургандыгы белгилүү болгон адамдын малын жеген жаизби?

ЖООП: Жаиз. Бирок, суизанга (жаман ойго) себеп болчу нерседен алыс болуу керек.

Суроо: Үшүр бербеген туугандын тамагын жеген жаизби?

ЖООП: Фитна жана харамга себеп болбоосу үчүн жаиз.

Суроо: Замзам суу менен чай кайнатуу макрухпу?

ЖООП: Ооба.

Алкоголдун уксуска айлануусу

Суроо: Туздалган жашылча жемиштерге бышкан жүзүмдүн бир боосун салышат. Убакыттын өтүшү менен жүзүмдө алкаголь пайда болот, акоголь да убакыттын өтүшү менен уксуска айланат. Туздалган жашылча жемиштерге ушундай бышкан жүзүмдү салуу жаиз болобу?

ЖООП: Акырында уксуска айлангандыктан зыяны жок. Жүзүм ширесинен уксус жасалганда да алгач алкоголго айланат, андан кийин уксуска айланат. Уксуска айланганда колдонуунун зыяны жок.

Суроо: Беш дос бир бөлмөдө иштейбиз. Тамеки тартпаган тамеки тарткандан ыңгайсыз болууда.  Тамеки тартууга тыюу салынса тамеки тарткан ыңгайсыз болууда. Ал тургай тамекиден ооруп калгандар да бар. Эмне кылуу керек?

ЖООП: Зыянга тоскоол болуу тандалат.

Суроо: Бир жергиликтүү гезитте: "Жашылчаларды сугарууда колдонуу максатында септик чуңкурга барып канализация суусун толтуруп келебиз”, - деген кабар бар эле.

Адамдын калдыктарын жер семирткич катары пайдалануу жана ушундай сугарылган жашылчаларды жеген жаизби?

ЖООП: Адамдын нажасатынын өзүн гана колдонуу жаиз эмес. Топурак же башка нерселерге аралаштырып сатуу жана колдонуу жаиз. Адамдын же жаныбардын нажасаты менен сугарылган жашылчаларды жууп жеген жаиз. Канализация суусу менен сугарылган жашылчаларды жеген жаиз эмес. (Саадат-и Абадиййа)

Суроо: Үйдө суу акпай калганда ичүү, даарат алуу сыяктуу бир муктаждык үчүн мечиттин короосундагы фонтандан суу алуу жаизби?

ЖООП: Жаиз.

Чочко эти кесилген бычак

Суроо: Чочко эти кесилген бычак менен кой эти кесилет. Мындай этти жеген жаизби?

ЖООП: Бычакты жуугандан кийин кой этин кесүү керек. Чочко эти кесилген бычак менен кесилген кой этин жуугандан кийин жеш керек.

Кир тамакты жеш

Суроо: Эки мусулмандын бири кандайдыр бир тамакты кир, экинчиси таза десе ошол тамакты жесе болобу?

ЖООП: Таза деген адамга маани берилет. (Ибни Абидин)

Суроо: Короз мылтык менен атып өлтүрүлсө аны жеген жаиз болобу?

ЖООП: Жок, жаиз эмес. Анткени, короз аң жаныбары эмес. Мылтык менен атылган болсо өлө электе мууздоо керек. Эгер мууздалбаса жегенге болбойт.(Бедайи)

Кык менен жылытылган меш

Суроо: Кык менен жылытылган мешке бышкан нанды жештин зыяны барбы?

ЖООП: Нажасат күйгөндө анын күлү таза болгондуктан зыяны жок.

Күнөө кылгандын тамагы

Суроо: Чоң күнөө кылган, бирок, тапканы халал болгон адамдын тамагын жеген жаизби?

ЖООП: Ооба, керек болгон учурда жеген жаиз. Мисалы, ичкилик ичилүүчү ресторан ээсинин тамагын жеген жаиз.

Суроо: Аялдардын жыйынына барган кезимде ал жерден жеп-ичебиз, ал тургай бизге белек да беришет. Буларга күйөөлөрү уруксат берип же бербегенин билбейбиз. Ал жерде жеп-ичкендин кандайдыр бир зыяны барбы?

ЖООП: Үй ээсине суизан жаиз эмес. Даярдалган нерселерди жеп-ичкендин жана берилген белекти үйгө алып кетүүнүн зыяны жок.

Өлгөн койдун сүтү

Суроо: Өлгөн койдун сүтүн ичкенге болобу?

ЖООП: Ханафиде таза, ичкенге болот. Шафииде нажис, ичкенге болбойт.

Вегетариан болуу

Суроо: Вегетариан болуу, башкача айтканда, таптакыр эт жебөө, этти өзүнө зыян деп көрүү динге туура келеби?

ЖООП: Эт жебей коюу күнөө болбосо да, этти зыян деп эсептеп, өзүнө харам кылуу туура эмес. Бир аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй:

"Эй, ыйман келтиргендер! Аллах силерге халал кылган таза нерселерди харам кылбагыла жана чектен ашпагыла. Аллах чектен ашкандарды жакшы көрбөйт.”[Маида, 87]

Күн сайын эт жеш адамдын жүрөгүн кыйнайт. Ал эми таптакыр эт жебөө ахлакты бузат. (Ширъа шархы)

Тооктун мойнун жулуп алуу

Суроо: Мойну жулунуп өлтүрүлгөн тоокту жеген жаизби?

ЖООП: Жок.

Пасха токочу

Суроо: Христиандар пасха күндөрү жасаган токоч күн сайын кондитерлерде жасалып сатылат. Бул токочту пасхадан тышкары жегендин зыяны барбы?

ЖООП: Пасхадан тышкары жегендин зыяны жок.

Чакырылбаган конок

Суроо: Чайга чакырылган бир жерге тааныш болгондуктан чакырылбай барган адамдын ал жерден жеп-ичкени харам болобу?

ЖООП: Эгер эшиктен кирип жатканда "киргиле” деп айтылган болсо, уруксат менен кирилген болот. Сунулган нерсени жеп-ичүү жаиз болот.

Алтын жана күмүш порошогун жеш

Суроо: Шоколадга алтын жана күмүш порошок кошулууда. Мухаллеби (пудинг) жана күрүч пудинги сыяктуу азыктардын үстүнө да себилет. Бул азыктарды жеш жаизби?

ЖООП: Жаиз. Денеге зыяны жок жана нажис эмес нерселерди жеп-ичүү жаиз. Денеге зыян келтирүүчү жана нажис болгон нерселерди жеш жаиз эмес.

Эки күндө үч маал тамак

Суроо: Кафараттар маселесин караганда кедейди дайыма эртең менен жана кечинде тойгузуу жөнүндө айтылат. Ден-соолук жагынан абзел болгон нерсе эки маал тамактануубу же эки күндө үч маал тамактануубу?

ЖООП: Бир күндө эки маал тамактануу жаиз. Эң абзели болсо эки күндө үч маал тамактануу. Бирок, муктаждыкка жана эмгек шарттарына жараша аз же көп жеш да жаиз.

Бал, зейтун жана кара зире

Суроо: "Периштелер үйүндө бал, зейтун жана кара зире болгон адамга истигфар кылышат” деген маанидеги бир хадис барбы?

ЖООП: Ооба, мындай хадис М.Чихар Яр-и Гузин китебинде айтылган.

Зыяпаттын кабыл болушу

Суроо: Зыяпат ашында стакандар, тарелкалар байкабай сынып кетсе же ушуга окшогон жагымсыз, зыяндуу, жаман жагдайлар болуп кетсе бул жакшылыкка жышаанбы?

ЖООП: Ооба, бул жакшылыкка жышаан. Имам Раббани хазрети мындай дейт:

Дарттардын, кыйынчылыктардын азабы, ачуусу бир ооруну айыктыра турган пайдалуу дарынын ачуусу сыяктуу. Жаман ниет менен, мактануу үчүн же пайда көрүү максатында уюштурулган зыяпаттарда (аш-тойлордо) тамактардан кемчилик табуу же башка түрдө кыйынчылык туудуруу аркылуу аш берген адамдын көңүлүнүн сынышы аштагы караңгылыкты, жаман ниеттен улам пайда болгон күнөөнү кетирет, кабыл болуусуна себеп болот. Эгер коноктордун даттануусу, акараты болбогондо жана аш ээсинин көңүлү сынбаганда тамак караңгы жана күнөө болмок, кабыл болмок эмес. Көңүлдүн сынышы кабыл болууга себеп болду. (1/64)

Дарактагы мөмөнү жеш

Суроо: Саадат-и Абадиййа китебинде: "Дарактагы мөмө белекке берилбейт”, - деп айтылат. Бирок, мүлктүн ээси: "Багыма кир, каалаганча мөмө же, каалаганча ал, үйүңө алып кет, башкаларга да бер! Баары халал болсун” – десе, ал адам да жесе, башкага берсе, үйүнө алып кетсе халалбы?

ЖООП: Жегендери гана халал болот. Үйүнө алып кеткендери жана башкаларга бергендери халал болбойт. Себеби, өлчөмү белгисиз азыкты жешти халал кылуу жаиз. Бирок, саны билинбеген мал-мүлктү алуу үчүн өкүл кылуу, белгисиз жана бөлөк-бөлөк тапшыруу мүмкүн болгон мал-мүлктү бөлбөй белек кылуу сахих эмес. (Саадат-и Абадиййа, Дуррат-ул-бейда)

Жаныбар менен жыныстык катнашта болуу

Суроо: Кой сыяктуу эти желген жана ит сыяктуу эти желбеген жаныбар менен жыныстык катнашта болуунун өкүмү эмне?

ЖООП: Өтө жийиркеничтүү жана чоң күнөө. Муну садист деп аталган жин оорулуу кишилер жасашат. Зордукталган жаныбар союлуп өрттөлөт. Эти желген жаныбардын этин жеш да жаиз. (Саадат-и Абадиййа) 

Күйүк тамак

Суроо: Куурулган азыктардын абдан куурулган бөлүгүн жеш харамбы?

ЖООП: Жок, харам эмес. Эгер күйүп калган болсо жана күйүк да денеге зыян келтире тургандай көп болсо, анда аны жегенге болбойт.

Чочконун сүтү менен багылган козу

Суроо: Чочконун сүтү менен багылган козунун этин жесе болобу?

ЖООП: Ооба, жесе болот. Нажасат жеген малдын этин жей алуу үчүн төө менен бодо мал 10 күн, кой 4 күн, тоок 3 күн камалат, башкача айтканда, нажасат жегизилбейт. (Ибни Абидин - Саадат-и Абадиййа)

Башка кавл боюнча төө 40 күн, бодо мал 20 күн, кой-эчки 10 күн, тоок 3 күн, таранчы 1 күн камалат. (Хиндиййа)

Кобе бодо малы

Суроо: Кобе бодо малынын эти эң жакшы эт деп эсептелет экен. Бирок, ага пиво да ичирилет экен. Мындай жаныбардын этин жеген жаиз болобу?

ЖООП: Кобе бодо малы да чочконун сүтү менен багылган козуга окшош. 10 күн пиво берилбестен союлса маселе калбайт.

Эшек сүтү

Суроо: Эшек сүтү балдардын жөтөлүнө жакшы дешет. Ушул максатта ичүү жаиз болобу?

ЖООП: Үйгө үйүр алдырылган эшектин эти жана сүтү тахриман макрух. Малики мазхабында гана халал. Эгер жөтөлгө мубах дары табылбаса, анын пайдалуу экени да анык болсо мындай муктаждыктан улам Малики мазхабын таклид кылуу менен да ичкенге болот.

Картон куту

Суроо: Картон кутуда сатылган сүттөрдү ичүү зыяндуу экени айтылууда, мунун чындыгы барбы?

ЖООП: Жок, диний жааттан зыяны жок. Ал убакыттын өтүшү менен ачып калышы же курамында ден соолукка зыяндуу заттар болушу мүмкүн. Мындай жагдай болбосо зыяны жок.

Той ашы

Суроо: Көбүнчө тойлорго барганда ар кимдин алдына тамактар тартылат. Мындан башка да дасторконго өзүнчө бир табакта мөмө-жемиштер, токочтор, тиш чукугучтар, кагаз салфеткалар коюлат. Буларды каалаган адам колдоно алат. Ортого коюулган бул нерселерди ал жерде колдонбостон үйгө алып кетсек жаиз болобу?

ЖООП: Той ээсинин уруксатысыз аларды алып кетүү жаиз эмес. Мен үч салфетка алып кетүүдөмүн, беш тиш чукугуч алдым деп айтуу керек. Ортого коюлган токоч жана мөмө-жемиш сыяктуу нерселерге той ээси "Каалаганча жегиле, каалаганча үйүңөргө да алып кеткиле” деп айтса жегендерибиз гана жаиз болот, үйгө алып кетилген нерселер жаиз болбойт. (Саадат-и Абадиййа)

Эгер дасторконко ар кимдин алдына адамдын санына жараша салфетка, колониялуу сүлгү коюлса буларды да уруксатсыз үйгө алып кете албайбыз.

Үйгө алып кете жатканда мынчалык үйгө алып кетүүдөмүн деп той ээсине же ал иште милдеттүү адамга айтуу керек. Ошондо жаиз болот. Буларды алып жатканда той ээси көргөн болсо, башкача айтканда, канча алганын билсе, мунун зыяны жок, уруксат берген болуп эсептелет.

Эгер бул өкүмдөн кабарсыз алынган болсо алынган нерселер үчүн тообо кылуу керек жана той ээсин издеп таап "мен мынчалык баланча нерседен алдым эле, кечирип кой” деп айтуу керек. Ал кечиргени менен уруксатсыз алгандын күнөөсү үчүн өзүнчө тообо кылуу жана кайра уруксатсыз албоо керек.

Туздуу шарап

Суроо: Шарапка туз кошулганда уксуска айланат экен. Кээ бирөөлөр шарапка туз кошуп ичишет. Мунун зыяны барбы?

ЖООП: Албетте, зыяны бар. Туз кошулса эле шарап дароо уксуска айланып калбайт. Убакыттын өтүшү менен уксуска айланса ошондо гана ал уксусту жегендин зыяны жок. Уксуска айланмайынча жегенге болбойт.

Тер нажиспи?

Суроо: Өзгөчө жайкысын нанга камыр жууруган адамдар тердеп, терлери камырга кошулуп кетет. Мындай тер тамчылаган камырдан жасалган нанды жесе болобу?

ЖООП: Эгер жуурулган камырга кошулуп кеткен тер аз болсо зыяны жок. (Хиндиййа)

Жумуртканы жуу

Суроо: Кабыгын жуубай жумуртканы сууга кайнатып жеш харамбы?

ЖООП: Жумуртканын кабыгы нажис болбогондуктан аны жуубай кайнатып жеш арам эмес, бирок, макрух болот. Жууп кайнатуу керек.

Помидордогу крест белгиси

Суроо: Египетте өзүлөрүн салафи деп атаган мазхабсыз адамдар помидор туурасынан кесилгенде кресттин формасын алат, андыктан помидор жеген харам дешкени гезиттерде жазылган эле. Кызык, алардын арасында провокаторлор барбы? Адамдардын көңүлүн Исламдан суутуу үчүн жасалуудабы?

ЖООП: Арасында провокаторлор бар болсо дагы калгандарынын акмак экендиги белгилүү болууда. Мындай нерсени жарыялоону алар кантип туура көрүштү? Помидор же башка жашылча же мөмө ошондойчо кесилсе плюс белгиси пайда болушу мүмкүн. Шейх Ахметтин осуятын ойдон чыгаргандар да ошолор. Кока Кола жазуусун тескери окуганда Ла Мухаммед, Ла Мекке окулат дегендер да ушундай ой жүгүрткөн жахилдер. Алар Исламдын жана мусулмандардын шылдыңга алынуусуна себеп болушууда.

Аллаху таала пенделери пайдалансын деп топурактан ар түрдүү мөмө-жемиш, жашылча-жемиш сыяктуу ырыскыларды жаратууда. Бул ырыскыларды кайсы мазхабсыз адам харам кыла алат? Бир аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй:

"Аллахтын пенделери үчүн жерден чыгарган зыйнаттарды жана таза ырыскыларды ким харам кыла алат?” [Аъраф, 32]

Бул салафилер Ибни Таймиййаны жол башчы катары кабыл алып, төрт хак мазхабдын бирин карманбагандыктан Исламга чоң зыян келтиришкен.

Өлгөн тооктун жумурткасы

Суроо: Өлүп тарп болгон тооктун ичинен чыккан кабыгы таза же кабыгы жок жумурткаларды жесе болобу? Өлгөн койдун сүтүн ичүүгө болобу?

ЖООП: Жумурткаларды жесе болот. Шафииде кабыгы катууланбаган болсо жегенге болбойт. Өлгөн койдун сүтү да таза, ичүүгө болот. Шафииде болсо нажис, ичүүгө болбойт.

Жылкынын сүтү

Суроо: Жылкынын сүтү халалбы?

ЖООП: Жылкынын сүтү таза жана халал. Эти да халал, бирок, тукуму азайбаш үчүн этин жеш макрух деп айтылган. (Саадат-и Абадиййа)

Көгүчкөн жеш

Суроо: Жегенге халал болгон көгүчкөн, таранчы, кекилик сыяктуу канаттуулар желсе Кыямат күнү доочу болушат деп айтылып жүрөт. Мындай нерсе барбы?

ЖООП: Аллаху таала бардык нерсени адамдардын пайдалануусу үчүн жараткан. Эти желген канаттуулар союлуп желгендиктен доочу болушпайт. Кандай гана жаныбар болбосун кыйноо, кыйнап өлтүрүү харам. Динибиз жегенге халал кылган жаныбарларды союу аларды кыйноо эмес, эч бир жаныбар мындан улам доочу боло албайт.

Агда колдонуу

Суроо: "Агданын курамында азык зат болгон шекер да бар болгондуктан кылдарды тазалоого колдонуу жаиз эмес”, - деп айтылууда. Агда жасоо шекерди кордогондук болобу?

ЖООП: Фиких китептеринде: "Жибек сыяктуу баалуу нерселер менен, замзам менен, кагаз менен истинжа кылуу тахриман макрух. Бош кагазга да урмат керек”, - деп айтылат. Бирок, истинжа үчүн өндүрүлгөн даарат кагазын сүлгү катары колдонуунун зыяны жок. Туз да азык зат, бирок, канализация тоңуп калбашы үчүн канализацияга туз салуу жаиз. Кандайдыр бир муктаждыктан улам ширесин алуу үчүн азык болгон жүзүмдү бут менен эзүү жаиз болгодой эле, дагы азык болгон нанга камыр жууруу үчүн бут менен эзүү да жаиз. Шекер азык зат болгону менен, кылдарды тазалоо үчүн жасалган агданы ал максатта колдонуунун зыяны жок. Анткени, булар кордоо максатында эмес, муктаждыктан улам жасалат.

Чочко этин жеш

Суроо: Ачкалыктан жана суусузуктан өлүү алдында турган адам шарап ичсе же тарп, чочко жана адам этин жесе болобу?

ЖООП: Ооба, өлбөй турганчалык шарап ичүү, тарп, чочко жана адам этин жеш жаиз болот. Бирок, тирүү адамдын этинен жей албайт. Саадат-и Абадиййа китебинде Беззазиййа фатвасынан алынып төмөнкүдөй айтылат:

"Бирөө ачка калып жегенге тарп да таба албаган адамга колуман кесип жеп, өлүмдөн сактан десе кесүүсү жаиз болбойт. Зарыл болгон учурда да [тирүү] адамдын эти халал болбойт.”

Дагы Саадат-и Абадиййа китебинде нафака маселесинде: "Тирүү адамдын органын, этин жеш жаиз эмес”, - деп айтылат. Зарыл болгон учурда өлгөн адамдын этин жеш жаиз экендиги, бирок, кайтыш болсо дагы пайгамбарлардын этинин жаиз эместиги Дурр-ул мухтар китебинде жазылган.

Саткан товарынан жеш

Суроо: Биз бир нече достор буфеттен тамак-аш, суусундуктарды сатып алдык. Чогуу жеп жатсак буфетчи келип калды, ага да сундук. Бир досум: "Сатуучу саткан товарын жей албайт”, - деди. Ушундай нерсе барбы?

ЖООП: Жок, андай нерсе жок.

Дарбызды сол кол менен жеш

Суроо: Саадат-и Абадиййада Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын нанды оң колуна, дарбызды сол колуна алып жегени айтылат. Коон менен жүзүмдү кантип жеш керек?

ЖООП: Бардык нерсени оң кол менен алып жеш керек. Бирок, оң кол бош эмес учурда сол кол менен дагы жеш жаиз. Дарбызбы, коонбу, жүзүмбү айырмасы жок. Эгерде коюла турган жери жок болсо, оң колу да бош эмес болсо аргасыз ошондой кылынат.

Ууз сүтү жана шекердүү бал

Суроо: Теледен бир молдоке: "Жаңы тууган уйдун сүтү музоосу үчүн гана. Ал сүттү ичүү харам”, - деди. Биз ал сүттү музоосуна да беребиз, бирок, өзүбүз да ууз сүтү деп аталган ал сүттү кайнатып ичебиз. Бул сүттүн өзгөчө даамы бар. Ошол эле молдоке: "Аарылардын бардык балын алып, аларга шекер берилсе алынган бал харам болот”, - деди. Ууз сүтүн ичүү жана аарыга шекер берүү харамбы?

ЖООП: Диний китептерде жаңы тууган уйдун ууз сүтү харам деп жазылбаганы сыяктуу, аарынын балын алып, андан кийин аарыга шекер берилсе биринчи алынган бал да харам болбойт. Ал тургай берилген шекерден аары бал жасаса да ал бал харам болбойт. Шекерден жасалган балды чыныгы бал деп сатуу жалганчылык жана күнөө болот. "Аарыга шекер бердим, бул балда шекер бар”, - деп айтылса ал балды сатуу да, жеген да харам болбойт. Анткени, кардар алданып жаткан жок. Сүттүн майын алып, "бул майсыз сүт” деп сатуу күнөө эмес. Ал эми майсыз сүттү майлуу сүт деп калп айтып кардарды алдоо күнөө.

Доорубуздун молдолору диний китептерге көңүл бурбай ушинтип туш келди сүйлөшөт. Эч ким келип: "Молдоке, бул кайсы китепте жазылган?” – деп сурабайт. Анткени, харам нерселер китептерде жазылган. Халал болгондору жазылбайт. Мисалы, банан, шабдалы, жумуртка сыяктуу мубах халал экендиги жазылбайт. Бирок, харам болгон азыктар менен суусундуктар жазылган.

Суроо: Малдын нажасатынан жасалган тезектерди жагып тамак же нан бышыруунун зыяны барбы?

Жооп: Нажасат күйгөндө күлү таза болот. Тезек жагылып ысытылган тандырда нан да, тамак да бышырылат.

Суроо: Туздуу көлдүн айланасында жашаган жапайы чочколор кээде бул көлгө түшүп өлөт жана тузга эрип жок болот. Бул жерден алынган туз тазабы жана колдонсо болобу?

Жооп: Эшек, чочко жана тарп тузга түшүп тузга айланса таза болот жана колдонулат. Суу кудугуна түшкөн кык дагы убакыттын өтүшү менен ылайга айланганда таза болот.

Суроо: Нан өбүүнүн динибизде зыяны барбы?

Жооп: Нанды өбүү адатта бидат. Ниетке жараша мустахаб же макрух болот.

Диета кармоо

Суроо: Ар кандай ооруларга чалдыккандар, ашыкча салмактуулар диета кармашат. Диета кармоо маселесинде динибиздин өкүмү кандай?

Жооп: Адам ооруп калбоого көңүл бурушу керек. Ооруп калганда дары ичип, диета кармоо керек, муктаждарга садака назир кылуу (атоо) керек жана тез-тез садака берип туруу керек. Диета кармоонун жаиз жана зарыл экендигин Таяммум аяты көрсөтүп турат. "Эгер суу зыян келтирсе колдонбогула, таяммум кылгыла!” деген маанидеги аяти карима белгилүү. Расулуллах алейхиссалам Хазрети Али менен бир үйгө барат жана аларга тамак катары мөмө-жемиш сунулат. Хазрети Алинин көздөрү ооругандыктан мөмөдөн өзү жесе да, Хазрети Алиге: "Сен жебе! Көз оорусуна себеп болот”, - деп буюрду. Бышкан кызылча менен арпа алынып келингенде: "Мындан же! Көзүңө пайдалуу”, - деген эле. Шишиги барларга: "Суу ичпегиле! Суудан диета кармагыла!” - деди. Ислам аалымдары медицина жана дарылоо боюнча көптөгөн китептерди жазышкан. Булардын арасында Давуд Антакинин "Тазкират-у улил-албаб”, түркчө "Нусрет Эфенди рисалеси”, Ибрахим Эзрактын "Тасхил-ул-менафи” жана Абу Абдуллах Захабинин "Ат-тыббун Набави” китептери абдан баалуу. Диетаны хадиси шарифтерден, тажрыйбалуу адамдардан жана дарыгерлерден үйрөнүү керек. Дары колдонуу жана диета кармоо сүннөт. Важиб жана парз болгон жерлери да бар.

Ибадаттарды кыла тургандай деңгээлде жеш керек

Суроо: Жеп-ичүүдөн баш тартып, ачкалыктан жана суусуздуктан өлгөн адам ушул кылган иши үчүн жоопкер болобу?

Жооп: Жеп-ичпей коюп ачкалыктан, суусуздуктан өлгөн адам күнөө кылган болот. Ал эми дары ичпей коюп каза болгон адам күнөө кылган болбойт. Намазды тике туруп окуй турганчалык жана орозо кармай турганчалык азыктануу парз. Тойгончо жеп-ичүү мубах. Тойгондон кийин жеп-ичүү харам. Сахур учурунда жана конокту уятка калтырбоо үчүн гана харам болбойт. Ар кандай мөмө-жемиштерди, таттууларды жеп-ичүү жаиз болгону менен андан баш тартуу жакшы. Дасторкондо керегинен ашыкча тамак-аштардын болуусу ибадатка күч-кубат алуу жана конок үчүн болсо ысырап болбойт. Керегинен ашыкча нандын болуусу да мына ушундай.

Суроо: Базарда тиряк деген дары экендиги айтылган суусундук бар. Муну колдонуунун зыяны барбы?

Жооп: Тиряк деген дарыда жылан эти, спирт бар болсо аны ичүү харам, сатуу жаиз. Эгер булардын бар экени билинбесе ичүү да жаиз болот. Тиряк апийим дегенди билдирет. Апийимге көнүп калгандарга банги делет. Байыркы грек табиптери тарабынан ууланууларга каршы жасалган бир дарыны да айтат. Курамында апийим, жылан эти жана спирт бар.

Суроо: Нажасат жана ушуга окшош кир нерселерди жеген тоок, кой сыяктуу жаныбарлардын эти жесе болобу?

Жооп: Эгер кык жана башка нажас нерселерди жеген малдын эти жыттанса, жанына барганда сасык жыт чыкса анын эти, сүтү, териси нажис болуп, жегенге макрух болот. Таза нерселерди жеп сасык жыты калбаса жаиз болот. Ошол себептен тоок үч күн, кой төрт күн, төө жана бодо мал он күн камалат делди. Жылкынын эти, сүтү таза, халал. Тукуму азайып кетпеши үчүн макрух деп айтылды. Жапайы эшектин эти менен сүтү халал.

Суроо: Сырттан сатылып алынган тамак-аш жана суусундуктарды үйгө жабык абалда алып жеткирүү керекпи?

Жооп: Бул темага байланыштуу Сулайман бин Жеза хазреттери Аййухал валад китебинде мындай дейт:

"Бисмиллах менен дүкөнүңдү ачып-жап! Жегенге бир нерсе сатып алганда аны ачык абалда көтөрүп үйгө алып келбе, бир нерсеге оро жана оролгон абалда тамак-ашыңды үйгө алып кет! Үйгө барганда балдарды кандайдыр бир нерсе менен кубант! Дүкөнүңө кеч барып, эрте жап! Башка убактарда илмихал маалыматтарын үйрөн жана үйрөт!”

Жерде, сууда жашаган  курт-кумурскаларды жеш

Суроо: Жерде же сууда жашаган жаныбарлардын арасында аңчылык кылып жеш харам болгондору барбы?

Жооп: Аңын тиштери же тырмагы менен кармаган жаныбардын этин жеш харам. Жерде, сууда жашаган курт-кумурскаларды жеш халал эмес. Мисалы, кескелдирик, таш бака, жылан, бака, аары, бүргө, бит, чымын, чаян, мидия, рак, чычкан, сокур чычкан, кирпи, тыйын чычкан жеген халал эмес. Аңчылык кылынган, кармалган балыктын баарын жеген халал экендиги Маида сүрөсүндө айтылган. Сууда өзүнөн өзү өлүп, курсагы өйдө карап калган балыкты жегенге болбойт. Тор, чачма тор, дары же титиретүү менен өлгөн балыкты жегенге болот. Китептүү капырлардын өз китептери боюнча жана өз тилдеринде Аллаху тааланын атын айтып сойгон нерселерди, ошондой эле аялдардын, жаш балдардын жана жунуп адамдын сойгондорун жеш жаиз. Бисмиллахты айтууну унутуп союлган нерсени жана аңчылык кылынган нерсени жеш жаиз. Шафии мазхабында Бисмиллахсыз союлганды жеш да жаиз. Малики мазхабында Бисмиллах унутулган нерсени жегенге болбойт.

Суроо: Касапчыларда сатылган этти сатып алуунун жана жегендин зыяны барбы?

Жооп: Эгер мусулман касапчыдан сатылып алынган эттин кантип союлганы билинбесе, халал болуу ыктымалы бар болсо, башкача айтканда, сойгондор мусулман жана муртад аралаш болсо аны жеш жаиз. Харам экени анык көрүлүп же ишенимдүү бир мусулмандын кабарлоосу менен белгилүү болуп билинсе аны жебеш керек. Бирок, сураштырып иликтөөнүн кереги жок. Мусулмандан сатып алынган күмөндүү этти жеш керек жана васваса кылбоо керек.

Суроо: Бир адамдын алдына коюлган тамакты ал тамакты сунгандардын уруксатысыз башка бирөөгө берсе болобу?

Жооп: Бирөөнү тамакка чакырганда алдына коюлган нерсе белек кылынган болбойт, ибаха, тагыраагы, жегенге уруксат берүү болот. Жегени гана анын мүлкү болот. Андан, тагыраагы, тамакты сунган адамдан уруксат албай туруп башкаларга бере албайт.

Суроо: Буудайга же сүткө малдын тезеги түшсө бул буудайдын унун, нанды, сүттү колдонуу жаиз болобу?

Жооп: Буудайга төөнүн тезеги түшүп ун жасалган болсо же суюк майга же сүткө түшүп, андан кийин алынып салынган болсо үч сыпатынын бири көрүлмөйүнчө жеп-ичүү жаиз болот. Буудайды тебелеген жаныбар буудайдын бир жерине заара кылса, каалаган бир бөлүгү жуулса же белекке берилсе, желсе же сатылса калгандары таза болот.

Суроо: Ачкадан өлүү алдында турган адам башка бирөөнүн малынан өлүмдөн сактана турганчалык жей алабы?

Жооп: Мажалланын отуз экинчи беренесинде: "Зарылдык ичинде болуу башка бирөөнүн акысын жокко чыгарбайт”, - деп айтылат. Ачкадан өлүү алдында турган адам башка бирөөнүн малын өзүн өлүмдөн сактап кала турганчалык жей алса да, анын баасын же ага барабар нерсени төлөшү зарыл болот. Башка бирөөнүн малын жеш шарап ичүүдөн да чоң күнөө.

Суроо: Жеп-ичүү халал болгон нерселерди адам каалаганча жеп-иче алабы же анын бир чеги барбы?

Жооп: Жеш харам эмес нерселерди тойгончо жеп-ичүү мубах. Ал эми тойгондон кийин жеп-ичүү харам. Харамдан сактануу парздарды кылуудан да көбүрөөк сооп.

Суроо: Өлгөн тооктун жумурткасын жештин жана өлгөн койдун сүтүн ичүүнүн диний жактан зыяны барбы?

Жооп: Өлгөн тооктун жумурткасы таза жана жесе болот. Шафииде кабыгы катууланбаган болсо нажис, жегенге болбойт. Өлгөн койдун сүтү да таза, ичсе болот. Шафииде болсо нажис. Өлгөн койдон чыккан өлгөн козу нажис. Анын ичеги-карынынан жасалган быштак уюткусу таза.

Суроо: Бирөө өзү тамакка чакырган кишиге каалашыңча же жана каалаганыңа да бер, баары халал болсун десе бул адамдын жегендери жана алып кеткендери халал болобу?

Жооп: Бул маселеде "Дуррат-ул-бейда” китебинде мындай деп жазылат:

"Тамакка чакырылган кишиге малыман каалаганыңча же, ал, каалаганыңа бер, баары халал болсун деп айтылса жегендери халал болот. Алгандары жана башкага бергендери халал болбойт. Анткени, саны билинбеген тамакты жешти халал кылуу жаиз. Бирок, саны билинбеген мал-мүлктү алуу үчүн өкүл кылуу, белгисиз жана бөлөк-бөлөк тапшыруу мүмкүн болгон мал-мүлктү бөлбөй белек кылуу сахих эмес.”

Суроо: Нажасат аралашкан сүттү, суюк майды тазалоо мүмкүнбү?

Жооп: Нажасат аралашкан сүттү, балды, мөмө ширесин тазалоо үчүн бираз суу менен аралаштырып, суу бууланганга чейин кайнатылат. Суюк майды тазалоо үчүн суу менен чайкап, үстүнө бөлүнүп чыккан май алынат. Катуу май суу менен кайнатылат. Андан кийин алынат.

Ибадат кыла тургачалык жеш

Суроо: Динибизде аз жеш керек деп айтылат деп аз жеп, иштей албай турганчалык арыктоо динибизге туура келеби?

Жооп: Бул маселеге байланыштуу Абдуллах Мусули хазреттери "Мухтар” китебинин түшүндүрмөсү болгон "Ихтияр” китебинде мындай дейт:

"Парздарды аткара албай турганчалык арыктаткан риязат, тагыраагы, аз жеш жаиз эмес. Өзүнүн жана бала-бакырасынын нафакасын таап, карыздарын төлөй турганчалык иштеп акча табуу парз. Ушундай ниет менен иштеген адам карызын төлөй албай өлүп калса азап тартпайт. Хадиси шарифте: "Ар бир эркекке иштеп нафакасын табуу парз”, - деп айтылган. Мындан ашыкча иштебөө жаиз.”

Суроо: Тамак сунган адамга бир гана рахмат айтуу жетиштүү болобу?

Жооп:Тамактан кийин үй ээсине береке, ырайым жана кечирим тилеп дуба кылынат. Андан кийин кетүүгө уруксат суралат. Тамакка да чакырылат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш