Ислам дини » Халал-Харам » Белгилүү харамдар




Белгилүү харамдар


  1. Себепсиз адам өлтүрүү.
  2. Зина кылуу.
  3. Ливата кылуу. (Бул бардык динде харам. Аналдык катнаш)
  4. Шарап жана башка бардык алкоголдук ичкиликтерди ичүү. (Пиво ичүү харам.)
  5. Уурулуккылуу.
  6. Көңүл ачуу максатында наркотикалык зат колдонуу.
  7. Башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу.
  8. Жалган күбө берүү.
  9. Рамазан айында орозо кармаган адамдардын алдында себепсиз тамак ичип-жеш.
  10. Пайыз алып-берүү.
  11. Көп ант ичүү.
  12. Эне-атага каршы келүү.
  13. Махрам жана салих тууганын зыярат кылбоо.
  14. Согушта душманды көрүп качуу.
  15. Жетимдин мал-мүлкүн адилетсиз жеш.
  16. Таразасы жана өлчөм каражаты менен туура эмес тартуу.
  17. Намазды маалынан мурда же кийин окуу.
  18. Момун дин бир тууганынын көңүлүн оорутуу. (Каабаны кулатуудан да чоң күнөө. Аллаху тааланы эң көп капаланткан куфурдан кийин көңүл оорутуу сыяктуу чоң күнөө жок.)
  19. Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) айтпаган сөздү айтып, хадис деп Ага жалаа жабуу.
  20. Пара алуу.
  21. Чын күбө болуудан качуу.
  22. Мал-мүлктүн зекети менен ушрун бербөө.
  23. Алы жеткен адам мункарды б.а., күнөө кылып жаткан адамды көргөндө аны мындан кайтарбоо.
  24. Тирүү жандыктыотко күйгүгүү.
  25. Куран-и каримди үйрөнүп, бирок, кийин аны окууну унутуу.
  26. Аллаху азим-уш-шандын ырайымынан үмүт үзүү.
  27. Мусулман болсун, капыр болсун адамдарга кыянаттык кылуу.
  28. Чочконун этин жеш.
  29. Расулуллахтын Сахабаларынан (рыдвануллахи таала алейхим ажмаин) кимисин болбосун жактырбоо жана тил тийгизүү.
  30. Курсагы тойгонуна карабастан тамак жешти улантуу.
  31. Аялдардын күйөөлөрүнүн төшөгүнөн качуусу.
  32. Аялдардын күйөөлөрүнөн уруксатсыз бир жерге кетүүсү.
  33. Намыстуу аялды сойку деп атоо.
  34. Намима, б.а., мусулмандардын арасында сөз ташуу.
  35. Аврат жерлерин башка бирөөнө көрсөтүү. (Эркектин киндик менен тизесинин ортосу, ал эми аялдын чачы, колу, буттары аврат.) Башка бирөөнүн аврат жерин кароо да харам.
  36. Өлүктү жеш жана башка бирөөнө жедириш. Динибизге ылайык союлбаган же өлтүрүлбөгөн жаныбар "леш”, б.а., тарп болот, этин жегенге болбойт.
  37. Аманатка кыянат кылуу.
  38. Мусулманды гыйбат кылуу.
  39. Хасад кылуу б.а., ичи тардык, көрө албастык.
  40. Аллаху таалага шерик кошуу.
  41. Жалган сүйлөө.
  42. Текеберлик, өзүн жогору эсептөө.
  43. Өлүм алдындагы адамдын мураскорунан мал жашыруу.
  44. Сараңдык, абдан ач көз болуу.
  45. Дүнүйөгө берилүү.
  46. Аллаху тааланын азабынан коркпоо.
  47. Харамдын харам экендигине ишенбөө.
  48. Адалдын адал экендигине ишенбөө.
  49. Төлгөчүлөрдүн төлгөсүнө жана кайыптан кабар берерине ишенүү.
  50. Дининен баш тартып, муртад болуу.
  51. Себепсиз башка бирөөнүн аялын, кызын кароо.
  52. Аялдардын эркек кийимин кийүүлөрү.
  53. Эркектердин аял кийимин кийүүлөрү.
  54. Каабада күнөө кылуу.
  55. Маалын күтпөй азан айтуу жана намаз окуу.
  56. Мамлекеттик кызматкерлеринин мыйзамдарына каршы чыгуу.
  57. Аялынынавратжерлерин энесининавратжерлерине окшотуу.
  58. Аялынын энесине тил тийгизүү.
  59. Бири-биринекурал такап мээлөө, коркутуу.
  60. Иттин жугундусун жеп-ичүү.
  61. Кылган жакшылыкты колко кылуу.
  62. Жибек кийүү. (Эркектер үчүн)
  63. Жахил (сабатсыз) бойдон жүрө берүү. (Ахли сүннөт ишенимин, фарздарды, харамдарды жана керектүү болгон маалыматтарды үйрөнбөө.)
  64. Аллаху тааланын атынан Ислам дининде билдирилген ысымдардан башка нерселер менен ант ичүү.
  65. Илимден качуу.
  66. Жахилдиктинзыянэкедигин түшүнбөстүк.
  67. Кичинекүнөөлөрдү кылууну улантуу.
  68. Жөн эле каткырып көп күлүү.
  69. Бир намаз маалы өткөнчө жунуп абалда болуу.
  70. Хайз абалында жана төрөттөн кийин аялы менен жакындык кылуу.
  71. Таганни кылуу. Адепсиз ыр ырдоо, музыкалык аспап чертүү.
  72. Өзүн өзү өлтүрүү. Бул – башка адамды өлтүрүүдөн да чоң күнөө.

Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш