Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Чымчыктын насааты




Чымчыктын насааты


Ач көз бир адам чымчык кармап алат. Чымчык андан сурайт:

- Мени эмне кыласың?

- Союп жейм.

- Менин бир ууч этим курсагыңды тойгузбайт дагы, дартыңа да пайда боло албайт. Мени коё берсең үч маанилүү насаат айтам.

- Насааттарды айтсаң коё берем.

- Бирөөнү сенин колуңда турганда, экинчисин мына бул бакка конгондо, үчүнчүсүн болсо каршы тарапта турган дөбөгө конгондо айтам.

- Макул, биринчисин айт!

- Колуңан чыккан нерсеге кайгырба!

- Экинчиси эмне?

 Чымчык бакка конуп айтат:

- Болбогон нерсеге ишенбе!

- Үчүнчү насаатты айт! Чымчык каршы тараптагы дөбөгө конуп айтат:

- Сен кандай акылсыз акмак адамсың, менин курсагымда элүү граммдан эки даана бермет бар болчу. Мени сойгондо бул эки берметке ээ болмоксуң.

Бермет деген сөздү угар замат ач көз адам дароо эстен танып жыгылат. "Аттиң ай!” – деп өзүн өзү жемелейт. Кийин айтат:

- Үчүнчүсүн айт!

- Сен эки насаатты дароо унутуп койдуң. Үчүнчүсүн айтсам эмне пайда?

- Айт, балким унутпайм.

- "Колдон чыккан нерсеге кайгырба”, - дедим, мени коё бергениңе кайгырдың.

"Болбогон нерсеге ишенбе”, - дедим. Этим, сөөгүм биригип 100 грамм да чыкпайт, а сен болсо курсагымда элүү граммдык эки бермет бар дегениме ишенип калдың.

- Үчүнчү насаатыңды айтпайсыңбы?

- Акылы жок акмак адамга насаат пайда бербейт. Ач көздүк адамды сокур жана дүлөй кылат. Чындыкты көрүүгө кедерги болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш