Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Жердеги бисмиллах жазуусуна урмат




Жердеги бисмиллах жазуусуна урмат


Бишри Хафи хазреттеринин тообосу мындайча болгон:

Ал жаш кезде ичкиликке берилген эле. Бир күнү жолдо мас абалда кетип бара жатканда бетинде Бисмиллах жазылган бир кагазды таап алат. Ичи сыздап аны жерден алат. Жүзүнө сүрүп өөп, анын ылайын сүртүп тазалагандан кийин жыпар жыттан сүрүп үйүнө дубалга асат.

Түндө аалым бир зат түш көрөт. Түшүндө: "Бар, Бишрге айт! "Ал Биздин ысымыбызды тазалады, биз дагы анын көңүлүн тазалайбыз. Ал Биздин ысымыбызды бийик кармап жогоруга асты, Биз дагы анын ысымын улуу кылып, бийик даражалуу кулдарымдын арасына кошобуз. Ал Биздин ысымыбызга жыпар жыт сүрдү, Биз дагы анын хидаятын кыяматка чейин мусулмандар үчүн жыпар жыт чачкан жылдыз кылдык”, - деп айтылат. Бул түш үч ирет кайталанат.

Түш көргөн зат таң атканда Бишри Хафини издеп барып ичкилик ичилген жерден табат. Бишр келген бул затка айтат:

- Мени менен сиздин эмне ишиңиз болушу мүмкүн? Менден эмне каалайсыз?

- Сен үчүн маанилүү кабарым бар.

- Ким тууралуу айтмакчысың?

- Аллаху таала тууралуу...

Муну уккан Бишр ыйлап баштайт, кийин сурайт:

- Абалым белгилүү. Мага катуу азап кылабы?

Ал зат көргөн түшүн айтып берет. Бишр ал жердеги досторуна карап мындай дейт:

- Эй, досторум! Мени чакырышты, мындан кийин мени бул жерден эч качан көрбөйсүңөр.

Келген заттын жанында дароо тообо кылат.

Дал ошол учурда бутунда бут кийим болбогондуктан кийин дагы эч качан бут кийим кийбеди. Себебин сурагандарга: "Сөз берген кезимде жылаң аяк болчумун, азыр болсо кийүүдөн уяламын”, - дечү. Бут кийим кийбегендиги үчүн аны "Хафи” [жылаң аяк] дешкен.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш