Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Бар, себептерге жармаш!




Бар, себептерге жармаш!


Бир киши толкунданып жана кайгыланып Жафар Садык хазреттеринин алдына келип мындай дейт:

- Сизден аябай суранамын устаз, Аллах мага дагы көбүрөөк ырыскы бериши үчүн дуба кылсаңыз, себеби, абдан кедеймин!

- Жок, мен сага дуба кылбайм.

- Эмнеге?

- Анткени, Аллаху таала бул иш үчүн бир жол дайындаган; себептерге жармашкыла, ырыскынын артынан чуркагыла жана ага ээ болгула деп буйрук кылууда. Сен болсо үйүңдө отуруп алып, дуба кылуу менен ырыскыңдын бутуңдун астына келүүсүн каалап жатасың. Б.а., адат-и илахиге (Аллаху тааланын адатына) каршы чыгуумду каалап жатасың, мындай нерсе болмок беле? Бар, себептерге жармаш, себептердин таасир этүүсүн Аллаху тааладан тиле! Ошондо гана мен дагы бул үчүн сага дуба кыламын.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш