Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Салавати шариф




Салавати шариф


Бир күнү яхудилердин бири эки жалганчы күбө табат да Пайгамбарыбыздын жанына барып мындай мындай дейт: «Эй, Мухаммед! Сахабаларыңдан баланча адам менин төөмдү уурдап алды. Аны көргөн күбөлөр да бар, мына алар.»

Пайгамбарыбыз күбөлөрдөн сураганда: «Ооба, туура айтат», - дешти. Кийин сахабаларынын бири болгон ал адамды чакыртып, ага мындай дейт:

- Сенден көңүлүм калды.

- Эмне болду йа Расулаллах?

- Сен ушул өткөн түндө төө уурдаптырсын.

- Менби? Кимдин төөсүн?

- Мына, бул яхудинин төөсүн.

- Ал төөнү мен сатып алдым, уурдаган жокмун.

- Макул, анда сенин сатып алганынды көргөн күбөлөр барбы?

- Йа, Расулаллах мен бир аз мурда эле алдым, али эч ким көргөн жок.

- Бул күбөлөр төөнүн яхудиники экендигин айтышты. Ошондуктан төө яхудиге берилет.

Ошо кезде бул мубарек сахаба Пайгамбарыбыздан: «Йа, Расулаллах! Мага бир аз убакыт бересизби?» - деп өтүндү. Анан мечиттин бир бурчуна эки рекет намаз окуп колун жайып дуба кылды: «Йа, Раббим! Мен күндө жатаар алдында Пайгамбарыбызга 10 салават окуйм. Йа Раббим, эгер сенин алдында ушу окуган салаваттарым кабыл болгон болсо, мени бул кыйынчылыктардан куткара көр! Мен бул төөнү сатып алдым, бирок, күбөлөр яхудиники экенин айтып жатышат.»

Сахаба кайтып келгенинде төө ордунан туруп: «Йа, Расулаллах! Бул яхуди калп айтып жатат. Мен мынабул адамдын төөсүмүн», - деп тилге келет.

Төөнүн сүйлөгөнүн көргөн яхуди менен күбөлөр корккондорунан качып жөнөштү. Алар кеткенден кийин Пайгамбарыбыз мунун себебин сураганында сахаба мындай деди: «Йа, Расулаллах! Менин бир адатым бар! Ар түнү жатаар алдында сизге 10 салават айтамын. Аллаху таала бул 10 салаватты кабыл кылып, төөгө тил бүтүрдү.»

Ошондо Пайгамбарыбыз мындай деди:

«Сенин мага ар түнү 10 салават окуганың үчүн Аллаху таала дүнүйөдөгү кезиңде сени бул кыйынчылыктан куткарганына караганда акыретте Жаханнам отунан да куткарат.»


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш