Жаннат өзөнү


Пайгамбарыбыз менен Хазрети Абу Бакр Хижрат кезинде тоодогу үңкүрдө үч күн болду. Абу Бакр Сыддык катуу суусаганын айтканда Пайгамбарыбыз ага мындай деди:

- Абу Бакр! Сыртка чык, агып жатан өзөндөн каалаганыңча ич!

- Хазрети Абу Бакр сыртка чыкканында таң калды. Кардан муздак жана аппак, балдан таттуу жана жыпар жыттүү бир өзөндүн агып турганын көрдү.

Суусунун кандыра ичип, кийин Пайгамбарыбыздан сурайт:

- Йа, Расулаллах, бул тоонун башында агып турган кандай жандуу суу, мындайды али эч ким көрбөгөн?

Пайгамбарыбыз ага:

- Аллаху таала Жаннат өзөдөрүнө жооптуу болгон периштеге сен үчүн Фирдаус жаннатынан ушул уңкүрдүн алдына бир өзөн агызуусун буйрук кылды.

Хазрети Абу Бакр ыйлап:

- Ата-энем сен үчүн курман болсун! Абу Бакрдын Аллаху таала алдында ушунчалык кадыры бар беле, ал үчүн суу жиберерлик?

- Хак таала алдында кадырың өтө жогору. Мени Пайгамбар кылып жиберген Аллахка ант кылып айтамын сага душмандык кылгандар жетимиш жылдык жакшылыктары болсо да Жаннатка кире албайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш