Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Халал жана харам табыш




Халал жана харам табыш


Бир жаш жигит Каабанын жанында: "Эй, туура жүргөндөрдүн жардамчысы болгон Аллахым! Эй, харамдардан сактангандардын жардамчысы болгон Аллахым! Сага шүгүр кылам!” - деп кайталай берет. Бирөө келип: "Эмне үчүн кайра-кайра бир дубаны эле кайталай бересиң, андан башка эч бир дуба билбейсиңби?” - деп сурайт. Ага мындай деп түшүндүрөт:

"Мындан 7-8 жыл мурда Каабада жүргөндө ичинде миң алтыны бар кесе таап алдым. Ичинен бир үн: "Бул алтындар менен мобул-мобул нерселерди кыласың, - деп азгырып жаткан эле. Өзүмө-өзүм: "Жок, бул меники эмес, бирөөнүн буюмун колдонуу харам болот, - дедим. Ушул кезде бирөө: "Баланча кесе таап алган адам барбы?” - деп кыйкырып жүргөн болот. Аны чакырдым. Кесенин кандай экендигин сүрөттөдү да, ичинде 1000 алтын бар болгондугун айтты. Алтын салынган кесени ага бердим. Ал болсо кеседен отуз алтын чыгарып менин колума карматты.

Базарга бардым. Таза, келбеттүү бир жаш туткун баланы мактап, сатып жатышкан экен. Ал жаш баланын тазалыгы менин назарыма түштү. "Бул туткун үчүн канча сурайсың?” - дедим. "Отуз алтын, - деп жооп берди. Алтындарды берип, ал жаш баланы сатып алдым. Арадан бир-эки жыл өттү. Жаш бала өтө эмгекчил жана адептүү эле.

Бир күнү аны менен кетип бара жатканда алдыбыздан үч киши келе жатканын көрдүк. Жаш жигит мага: "Мырзам, мен Фас өкүмдарынын баласымын, мына бул келе жаткандар атамдын кишилери, мени издеп жүргөндөр. Сенден мени сатууңду сурашат. Сен жакшы адамсың, отуз миң алтындан төмөн сатпа!” - деди. Үч киши жаныбызга келип: "Бул туткунду бизге сатасыңбы?” - дешти. "Сатамын, бирок, отуз миң алтындан төмөн болбойт, - дедим. Бираз соодалашып, болбогондон кийин айласы жок макул болушту. Алтындарды берип, жаш жигитти алып кетишти. Мен бул алтындар менен жумуш орундарын ачып, соода-сатык менен алектенип, андан да байып кеттим. Бир күнү туугандарым: "Өтө бай үй-бүлөнүн жакшы бир кызы бар, атасы жакында кайтыш болду. Аны менен сени үйлөнтөлү, - деди. Мен макул болдум.

Нике кыйылды. Төөгө артылып, кыздын себин алып келишти. Себинин арасынан бир кесе менин назарыма түштү. Жубайыман: "Бул эмне?” - деп сурадым. "Ичинде 970 алтын бар. Атам бир убакта Каабада жоготкон экен. Тапкан адамга отуз алтынын бериптир. Калганын мага белек кылды. Себиңе кошоорсуң деп айткан”, - деп жооп берди.

Демек, бул алтындар менин ырыскым экен. Кайтарып бербегенимде харам жолдон келмек эле. Азыр болсо халал жолдон кайра өзүмө келди. Мага көмөктөшүп, харамдардан коргогон, көптөгөн ниматтарды берген Раббиме шүгүр кыламын... Ачуу болсо да чындыкты айткыла... Баары бир тагдырга жазганын көрөсүң... Насибиңден артыгын көрбөйсүң...


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш