Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Чырактын жарыгы




Чырактын жарыгы


Баязид Бистами хазреттери бир түнү бир нече шакирттери менен бирөөнүн үйүндө конок болот. Үй ээси жарык болсун деп бир чырак жагат. Баязид Бистами хазреттери үй ээсинен мындай деп сурайт:

- Мына бул чырак күйүп турат, бирок, жарык бербей жатат. Мунун хикматы кандай болду экен?

- Устаз, биз бул чыракты бир түн колдонуу үчүн коңшудан аманатка алган элек. Сиздер конокко келген соң бүгүн экинчи түн колдонуп жатабыз, балким, ошондон чыгар?

Баязид Бистами хазреттери чыракты өчүрүп:

- Чыракты ээсине кайтарып бергиле. Эгер аларга керек эмес болсо анда дагы бир түн колдонуп турууга уруксат сурагыла! – дейт.

Үй ээси чыракты коңшусуна алып барып, болгондорду айтып, чыракты дагы бир түн колдонууга уруксат алат. Үйгө келип чыракты кайра күйгүзөт. Бул жолу бөлмө абдан жарык боло түштү. Баязид Бистами хазреттери:

- Мына эми жарыкты көрүп турам– деп айтты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш