Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Бул дүйнөдө бир да ырахат күн жок




Бул дүйнөдө бир да ырахат күн жок


Сулайман алейхиссалам бир күнү жолдошторуна: «Мен ушундай бир күндү өткөрүүнү каалайм, ал күнү эч бир кайгы, эч бир кам деген нерсе болбосун», - деди. Вазири Асаф: «Анда эртең ушундай күн болсун», - деди.

Эртеси болот. Сулайман алейхиссалам аса таягын алып жиндер иштеп жаткан Акса Мечитинин курулушуна келет.

Дал ошол учурда ак кийим кийген бир жигиттин чыга келгенин көрөт. Бейтааныш бул жигит ага салам берет. Сулайман алейхиссалам саламын алик алды да: «Эй, жигит, сен кимсиң?» - деп сурайт:

Тиги жигит: «Эй, Набийаллах, мен Султандардан, Бектерден коркпойм. Мен кирген ак сарайлар, үйлөр кожоюнсуз калат. Мен кирген үйлөрдө бапестелип багылган назик денелер дароо кара топурактын астына кирип, топуракка айланышат.»

Сулайман алейхиссалам бул сырдуу бейтааныштын ким экенин тааныды да:

«Эй, Азраил боордошум! Рухумду алууган келдиңби же зыярат кылууга келдиңби?» - деп сураганда: «Рухуңду алууга келдим» - деди.

Сулайман алейхиссалам мындай деди:

«Эй, өлүм периштеси, мен бүгүн эч бир кайгы-капасыз күнүм болсун деп ушул жерге келип отурдум эле.»

Азраил алейхиссалам мындай деди:

«Эй, Сулайман, сен каалаган андай күн бул дүнүйөдөгү күндөрдүн ичинде жок. Момун үчүн тынчтык, ырахаттык бир гана акыретте болот.»

Буларды айткан Азраил алейхиссалам дароо Сулайман алейхиссаламдын рухун алды. Сулайман алейхиссалам ошол учурда асасын таянып турган эле. Руху чыкканына карабай денеси ошол бойдон калды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш