Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Фатих Султандын адилеттиги




Фатих Султандын адилеттиги


Устазы Акшамсаддин хазирети көп кайталап айткан сүйүктүү Пайгамбарыбыздын бир хадиси шарифи жаш Cултандын дайыма принциби жана жол көрсөтүүчү чырагы болгон эле. Анда минтип айтылган: «Үммөтүмөн эки тайпадагы адамдар илими менен амал кыла турган болушса адамдар кутулушат: алар – Аалымдар жана Хакимдер (өкүм чыгарган соттор деген мааниде). Эгер бул эки тайпа бузулса бүткүл эл бузулат жана тегеректи жамандыктар каптайт.» Мына ушундан улам Фатих Султан өлкөсүндө илимге жана адилеттикке өтө чоң маани берген. Стамбулдун алынуусунан кийин бардык туткундарды эркиндикке чыгарган Фатих Султандын алдына зындандан чыккылары келбеген эки поп алып келинет. Булар император Константиндин адилеттүүлүгү жана чынчылдыгы тууралуу сүйлөшкөндүктөрү үчүн зынданга ташталып, кийин мына ушундай адилетсиз дүйнөнүн сыртына көрө ичи жакшыраак деп зындандан чыкпоого ант берген кишилер болот. Фатих Султан дүнүйөнү ушунчалык жек көрүп калган бул эки кишиге мындай дейт: «Андай болсо силерге мындай сунушум бар. Силер Ислам адилети орногон дубандарыбызды кыдыргыла. Мусулман хакимдердин (соттордун) жана Мусулман калктын арыз-доолорун уккула. Бизде силердегидей адилетсиздик жана зулумдук көрө турган болсоңор дароо мага келип билдиргиле. Мына ушундайча жашоону жек көрүп, түрмөдөн чыкпайбыз деген антыңарды далилдегиле» - дейт. Өздөрү үчүн тартымдуу болгон бул сунушту дароо кабыл кылган эки поп Падышадан алган атайын чечим менен Осмон мамлекетинин кол астында болгон ар бир дубандарды кыдыра башташат. Ушул учурда эски борбор болгон Бурса калаасына да барып, мындай бир доого күбө болушат; «Бир мусулман бир яхудиден бир ат сатып алган болот. Бирок, эч бир кемчилиги жок делип сатылган ат көрсө катуу оорулуу болуп чыгат. Мусулман киши дароо эртеси таң эртелеп Бурсанын казысына (ошол кездеги сотко) барат. Бирок, казы иш бөлмөсүндө жок болот. Бир нече убакытка чейин күтүп отурган доочу казынын келе тургандыгынан үмүтүн үзгөн соң кайра үйүнө кетет. Ошол түнү баягы ат акырда жатып өлүп калат. Бул абал казыга угулганда мындайча өкүм чыгарат; «Эгер биринчи келгениңерде мен жумуш ордумда болгонумда дени сак деп сатылган атты ээсине кайтарып берип, акчаңызды андан алып бермекмин. Аттын сиздин колуңузда туруп өлгөнүнө менин жумуш ордумда болбой калуум себеп болду, ошондуктан, сиздин зыянга учурооңузга мен себеп болгондугум үчүн атты сатып алууга берген акчаңызды мен берип, чыгымыңызды мен төлөймүн.» Эки поп Осмон казыларынын мындай даражада адилеттүү чечимин көрүшүп, бармагын тиштеп соттон эс-мас болуп чыгышат да, андан ары Изник калаасына барышат. Бул жерде дагы мындай бир доого кез келишет; «Бир мусулман башка бир мусулмандан жер сатып алган болот. Эгин эгүү мезгили келгенде жерди айдай баштайт. Бир оокумда соконун учуна бир нерсе такалат. Ошол жерди казса эски замандан калган бир чоң кум идиште сакталган алтын чыгат. Дароо буларды алып жерди саткан мусулманга барат да: Бурадарым! Жер айдап жатсам мына бул атын чыкты. Мен сенден алтынды эмес жерди сатып алгам. Эгер ичинде бул алтындар бар экенин билгениңде мага жерди сатмак эмессиң. Бул алтындарды өзүң ал!» - дейт. Жердин биринчи кожоюну: «Жок! Мен сага талаанын ичин, тышын, астын, үстүн, баарын чоогу саткам. Сенин насибиң болгон бул алтындарды мен кантип алмак элем, муну алуу мага арам, алалбайм», - дейт. Маселе мына ушундайча созулуп кеткендиктен иш сотко барат. Изник казысы бул эки мусулмандын бири-биринин акыларын коргоо ниеттерин көргөндө алардан үйлөнүү чагына келген балдары бар же жок экенин сурайт. Бирөөнүн уулу, экинчисинин кызы бар экендигин билгенден кийин аларды үйлөнтүп, алтындарды ошолорго берет.» Алиги поптор бул жерден чыгып дагы башка жерге барып көрүүнүн зарылчылыгынын жок экендигине көздөрү жетип, түптүз Фатих Султандын алдына барышат. Өз көздөрү менен күбө болгондорду айтып беришип: «Булардын баарын көргөндө Осмон өлкөсүнүн адилеттигине ишендик жана жашообуздун мындан кийинки бөлүгүн силердин диниңерден болбогон Христиан поптордун дагы зулумдукка учурабай турчу адилеттигиңизге таслим болуп, ушул өлкөдө өткөрүүнү каалайбыз», - дешти. (islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш