Марв казысы


Марв калаасынын казысынын бир кызы бар эле. Өлкөсүндөгү алдыңкы катардагы бай, бийлик мансабы бар адамдар бул кызынын колун сурашканда эч бирин бербеди. Бул заттын Мубарек аттуу багын-бакчасын караган бир кулу бар эле. Арадан эки ай өтүп, бакчадагы мөмө-жемиштер бышып, молчулук, береке мезгили келген эле. Кожоюну Мубаректен  жүзүм сураганда жүзүм үзүп алып келди. Алып келген жүзүмү абдан мыкты болгонуна карабай жакшы боло элек экен деп башка жүзүм сурады. Ал дагы кычкыл чыкты. Кожоюну акыры: «Бакчада ушунча көп жүзүм бар, эмне үчүн мындай жүзүп алып келип жатасың?» - деп айтууга өзүн тыя албады. Мубарек болсо: «Мырзам! Жүзүмдүн кайсынысы кычкыл, кайсынысы таттуу экенин билбеймин!» - деп жооп берди. Бакчанын кожоюну: «Оо Кудай, эки ай ушул бакчада жүрөсүң, алигиче кайсынысы таттуу, кайсынысы кычкыл экенин биле албаган экенсиң», - деп нааразыланды. Мубарек болсо ал жүзүмдөрдү жегенге эмес коргогонго, караганда милдеттендирилгенин билчү. Кожоюну: «Эмне үчүн жүзүмдөрдү жеп көрбөдүң?» - деп сураганда: «Сиз мага бакчадагы жүзүмдөрдү кайтар дедиңиз. Жегиле деп айтпасаңыз аны жегеним орундуу болобу, буйругуңузду бузган болбоймунбу?» - деп жооп берди.

Кожоюн мындай окуяга биринчи жолу кездешип жаткан эле. Мубаректин бул абалына айран-таң калды. Ишене алчу бирөөнү тапкан эле. Чындап ал кулун жана адамдык абалын жакшы көрүп калган эле. Кулуна кайрылып: «Сенден бир нерсе сурайын», - деп сөзүн баштады: «Менин бир кызым бар, байлыгы-бийлиги бар бир канча адам аны сурашты, кайсынысына береримди, эмне кылаарымды биле албай жатам. Бул маселеде кандайдыр бир ой-пикириң барбы? Сен буга эмне дейсиң?» - деп сурады. Мубарек бул суроосуна жооп катары мындай деди: «Мырзам! Адамдар күйөө баланы тандаганда жахилия доорунда укум-тукумуна, яхудилер менен христиандар сырткы сулуулугуна, Расулуллах «саллаллаху алейхи ва саллам» заманында диндарлыкка, Аллаху тааладан коркуп, арамдардан сактанууга көңүл бөлүшчү эле. Азыркы заманда болсо байлыкка, бийлик-мансапка каралууда. Эми булардан каалаганыңды танда», - деди.

Муну укканда кожоюну:

«Мен диндарлыкты жана такыбаалыкты тандаймын жана кызымды сени менен үйлөнткүм келет. Себеби, сенде арамдардан сактануу, динине болгон бекем кармануучулук, мүнөзүңдөгү туруктуу абал, аманаттуулук жана ишенимдүүлүктү көрдүм жана буларды сенде таптым», - деди.

Ал болсо өзүнүн кул экенин, акча менен сатылып келгендигин, ушундай болуп туруп анын кызы менен үйлөнүүсүнүн элге кызык көрүнө тургандыгын, кызынын да буга ыраазы болбой тургандыгын кайра-кайра айтты. Акыл да ушул нукта эле. Бирок, казы буга карабай чечиминде бекем эле. «Тур, үйгө баралы», - деди. Үйгө барганда аялына: «Бул салих, диндар, такыбаалуу кул. Кызыбызды аны менен үйлөнтүүнү каалаймын, сен кандай деп ойлойсуң?» - дегенде аялы: «Сен билесиң, бирок, кыздан да сурайлы», - деп жооп берди. Энеси бул жагдай тууралуу атасынын ниетин  кызына айтканда кызы да бардыгын энеси менен атасына таштаганын, алардын ойлору кандай болсо ошону тандаарын айтты. Энеси кызынын ыраазы болгондугун атасына айтканда никелер кыйылды. Бирок, Мубарек кыздын жанына барган жок. Бул абал кырк күнгө созулду. Бир себеп менен энеси абалдан кабардар болгондо чыдай албай: «Кызыбызды бир кулуңа бердиң, арадан ушунча күн өткөнүнө карабай бурулуп жүзүнө да караган жок, бул кылганың эмне? Бул кандай иш?» - деп арызданып, атасын такалады. Ошондо казы: «Эй, Мубарек! Кызыма назданып жатасыңбы? Эмне үчүн жанына жолобой жатасың?» - деп айтууга өзүн тыялбады. Буга жооп катары Мубарек:

«Эй, мусулмандардын казысы! Эй, менин кожоюнум! Бул кандай сөз? Сиздин кызыңызга назданууну мага ким коюптур. Бирок, сиз бакыйган казысыз. Кызыңыз шектүү болгон бир нерсе жеген болуусу да мүмкүн. Шектен алыс болуу үчүн ушунча убакыт күттүм, ага адал тамак жедирдим. Балким, Аллаху таала бизге салих бир перзент берет. Мындан башканы ойлогонум жок», - деди.

Кырк күн өткөндөн кийин жубайына жакындады. Арам менен адалга ушунча дыкат көңүл бөлгөндүктөн Аллаху таала ага Абдуллах аттуу бир уул берди. (Мына ошол зат – олуянын улууларынан болгон Абдуллах бин Мубарак хазреттери.) (www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш