Ислам дини » Ибреттүү окуялар » Кишини таануунун ченеми




Кишини таануунун ченеми


Бир адам Хазрети Умардын жанында бир маселе тууралуу күбө болгон эле. Хазрети Умар андан: "Мен сени тааныбайм, сени тааныган бир адамды алып кел”, - дейт.

Ошол жерде тургандардын бири: "Мен аны тааныйм”, - дегенде Хазрети Умар: "Ал кандай адам?” – деп сурайт. Ал: "Ишеничтүү жана адилеттүү адам”, - деп жооп берет.

Хазрети Умар кайра сурайт:

- Күндүзү дагы, түндө дагы кандай экендигин билгидей жакын кошунаңбы?

- Жок.

- Адамдын такыбаасын белгилүү кыла турчу нерсе мамилеси болуп саналат. Бул адам менен бир нерсе алышып-бериштиң беле?

- Жок.

- Аны менен адамдын ахлагынын жакшы же жаман экендигин билүүгө мүмкүндүк берчү кандайдыр бир сапарга чыгып көрдүң беле?

- Жок.

- Ошондо Хазрети Умар: "Сен аны тааныбайсың”, - деп тиги адамды карап: "Бар, сени тааныган бир адамды алып кел”, - дейт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш